ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (27-июндан 3-июлга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта бою жылдыздар бардык иште активдүүлүгүңүздү талап кылышат. Жакындарыңыз дагы сизден көптөгөн энергия сарпталган иштин жыйынтыгын күтүшөт. Көбүрөөк убактыңызды үй-бүлөңүз менен өткөргөнүңүз сизге ырахат тартууламакчы. Аптанын эс алуу күндөрүн жан дүйнөңүздү тынч алдыра турган иштерге арнаңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Ачылыштарды жасоого ылайыктуу апта. Кокустуктан келип чыккан эң жөнөкөй таанышуу да сиздин тагдырыңызды өзгөртчү окуя болушу мүмкүн. Аптаны толугу менен тынымсыз жолугушуулар, жаңы маалыматтар, түрдүү адамдар менен пикир алышууга арнайсыз. Эс алуу күндөрү үйүңүзгө конок келиши күтүлүүдө.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Каалап жаткан нерсеңизге жетүү үчүн ишенимдүү кадам таштай бериңиз. Турмуш тиричилик иштериңизде да, жеке жашооңузда да ийгилик күтүп турат. Аптанын ортосунда романтикалык кечеге чакыруу алышыңыз күтүлүүдө. Апта соңунда майда иштерге алагды болбой эс алыңыз. Жаңырган айда сизди чоң иштер күтүп жатат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Өзүңүздүн үстүңүздөн иштөөгө ылайыктуу апта, башкача айтканда, келбетиңизге, жан дүйнөңүзгө кам көрүңүз. Күнүмдүк тиричилик иштерин аткарууда өзүңүзгө күч келтирбеңиз. Апта аягында чыгармачылык жөндөмүңүз өөрчүп, жакындарыңызга жагымдуу сюрприздерди даярдоо үчүн илхам ойгонот.

АРСТАН (23.07-23.08)
Үй-бүлөлүүлөр үчүн түгөйлөр ортосунда пикир келишпестиктер жаралышы ыктымал, кызганычка алдырбаңыз деп эскертишет жылдыздар. Кабатырланбаңыз, маселе шейшембиден тарта эле чечиле баштайт. Бардык иште сабырдуулукка чакырган жылдыздар апта соңунда сюрприздерди тартуулашат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ишиңизде аракет көп болгон менен, акыбети кайтышы кыйынчылык туудурат. Жеңилбеңиз! Сабырдуулук жана чыдамкайлык менен баарын өз ордуна койсо болот. Капчык жукарып, күмөн иштерге акча сарпташыңыз күтүлүүдө. Чыгымдын жыйынтыктарын апта соңунда ала аласыз. Ийгилик ташы көбүрөөк сиз жакка оомокчу.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Ою бузук адамдарга курал болуп калбайын десеңиз айланадагы жоро-жолдошторуңузду иргеп алыңыз. Апта ичинде ай тогошуу кубулушу болгондуктан жаңы күч, жаңы дем менен кийинки айды баштоо сиздин колуңузда. Апта соңун толугу менен эс алууга жумшап, тиешеси жок иштерге баш оорутпаганыңыз оң.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Иште жана сүйлөгөн кебиңизде кылдат болууга умтулуңуз. Антпесе жакындарыңыздын көңүлүн оорутуп алышыңыз ыктымал. Апта соңунда капчыгыңыздын толукталышы күтүлүүдө. Акчаңызды өзүңүзгө жумшаганга мүмкүнчүлүк болбойт. Ошентсе да бир шоколад болсо да алып жеп, өзүңүздү кубантып коюуну унутпаңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жашоонун жаңы барагын ачып, жаңыча жашоо баштоого ылайыктуу апта. Артта калган жагымсыз көз ирмемдерди унутуп, сүйүктүүсү барлар таарынычтарды унутканы жакшы. Жалпысынан ишиңизде да, жеке жашоодо да жагымдуу окуялар көп болмокчу. Апта соңунда туугандарыңыз акчалай колдоо көрсөтүшөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Нервиңизди чарчаткан пайдасыз иш-чаралар көп болот. Жакындарыңыз берген кеңештерди көбүрөөк угуп, ден соолугуңузга кам көрүңүз. Чоочун бирөөнүн көңүлүн ойлобой, өзүңүз туура деп эсептеген кадамды гана жасаңыз. Апта соңунда үй тиричилигиңизге көңүл буруп, чарбаңызды иретке келтирүү иштери күтүп жатат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта ичинде кызыктуу нерселер же адамдар менен таанышуу күтүлүүдө. Жашоомду толугу менен өзгөртүп алайын деп ашыкпаңыз. Бардык бурулуш тең эле жакшы жакка алып бара бербейт. Апта ортосунда ден соолукка кам көрүп, өзүңүзгө күч келтирбегенге аракет кылыңыз. Апта соңу эстетикалык ырахат алуучу окуяларга бай болот.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Дүйшөмбүдө сизди жагымдуу атмосфера күтүп жатат. Бардык жумуштарыңызды ишеничтүү адамдарга тапшырып, агым менен кете бергениңиз оң. Шаршембиде киреше булагынын көзү көрүнүшү мүмкүн. Тер төгө иштеп, капчыгыңызды калыңдатып алыңыз. Иш күндөрү аяктап калганча бүтүрүүгө жетишиңиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
mma_fighter
2016-06-27 22:55:55
Ээ кудай текечерлерге качан жакшы кундор болот
+2
Atlantic
2016-07-01 16:07:10
Жаачыныкы бунусу окшобой калды
0
tashi62
2016-07-02 13:43:46
ишенбейм
0
bolot1991
2016-07-02 18:36:18
эмне арыстандар кызганыч уй булоолук проблемадан башы чыкпайт
0
arimle00
2016-07-03 20:31:34
Меники да окшобойт го чота
0
№ 712, 24-июнь-30-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан