SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

16-июнь:
СӨЗ ЭРКИНДИГИН ЧЕКТӨӨГӨ ДАГЫ АРАКЕТ БАШТАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушталды. Мыйзам долбоорун парламент депутаттары КСДПчылар Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, "Республика-Ата Журттун" өкүлдөрү Таабалды Тиллаев жана Жыргалбек Турускулов демилгелеп, социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттен 1-окуудан өттү. Документте чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын, жарандыгы жок адамдардын массалык маалымат каражатында 20 пайыздан ашык үлүшкө ээлик кылуусуна тыюу салуу каралууда. Депутаттар медиа мекемени каржылоодо купуя булактардан акча, мүлк алууга да тыюу салууну көздөп жатышат. Колдонуудагы мыйзамдын 5-беренесине "18 жашка толо электер, массалык маалымат каражатын өндүрүү жана чыгаруу менен байланышкан иш жүргүзүү укугунан сот тарабынан ажыратылган жарандар, сот тарабынан ишмердүүлүгүнө тыюу салынган саясий партия, коомдук уюмдар массалык маалымат каражаттарын түзө албайт" деген да нормаларды киргизүү сунушталды.
"Учурда иштеп жаткан мыйзам 1990-жылдары кабыл алынган, бирок цензурага каршы күрөшүү шылтоосунан улам мыйзамга өлкөнүн маалымат мейкиндигинин коопсуздугун жөндөөчү абдан зарыл ченемдер киргизилген эмес",- деген демилгечилер башка өлкөлөр мамлекеттин эгемендигин жана коопсуздугун коргоо зарылдыгынан улам жок дегенде минималдуу чектөөлөрдү киргизерин айтышты.
Сөз эркиндиги – учурдагы кыргыз өлкөсү жетишкен баалуулуктардын бири. Улам бир бийлик алмашкан сайын маал-маалы менен аны чектөөгө аракеттер болуп келет. Адатта мындай маселелер парламент каникулга тараар алдында шашылыш каралып, тереңден түшүнүп, баалап көрүүгө мүмкүнчүлүк берилбей калат. Мындай технология 5-чакырылышта "Кумтөрдө" мөңгүнү талкалоого уруксат берүүчү Суу кодекси боюнча мыйзамды өткөрүү үчүн да колдонулган. Депутаттар каникулга тараар маалда, июндун соңку күндөрү каралган ал мыйзам долбоору 2 окуудан өткөн. Чыныбай Турсунбеков "КСДП колдобойт" деп билдирүү тараткан соң гана өкмөт ал мыйзам долбоорун чакыртып алган. ММКлар тууралуу мыйзам долбоору да комитетте 3 окуудан өтүп, жалпы жыйынга чыкканча июнь аяктайт. Шашылыш түрдө каралып, кабыл алынып кетүүсү толук мүмкүн. Азырынча демилгенин кыргыз коомчулугуна "кооптуу" жактары айтылбай, тескерисинче, өлкө коопсуздугун сактоо аракети катары көрсөтүлүүдө. Бирок акыры келип ал көз карандысыз эркин массалык маалымат каражаттарын чектөө менен жыйынтыкталышы мүмкүн. Кыргыз жеринде азыркы сөз эркиндиги кимдир бирөөлөргө ашыктык кылып жаткан өңдүү. Болбосо демократиялык деп мактанган өлкөбүздүн көзгө басар артыкчылыктарынын бири – дал ушул эркин пикир билдирүү мүмкүнчүлүгү... Муну президент Алмазбек Атамбаев да дайыма баса белгилеп келет.

17-июнь:
ӨКМӨТТҮН ТҮЗҮМҮ ӨЗГӨРТҮЛГӨНҮ ЖАТАТ. ОРУН АЛМАШУУДАН СУММА ӨЗГӨРӨБҮ?

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн түзүмүн өзгөртүүнү сунуштады. Министрлер кабинетинин кароосунан кийин сунуш Жогорку Кеңешке кезексиз тартипте кароого жөнөтүлгөнү белгилүү болду.
Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү, Айыл чарба жана мелиорация министрлигине азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү боюнча кошумча функцияларды берүү, Мамлекеттик байланыш агенттиги жана өкмөткө караштуу Электрондук башкаруу борборунун базасында Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү сунушталууда. Мындан тышкары Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Мамлекеттик каттоо кызматын, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти кайрадан түзүү жана функцияларын кыскартуу, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттикке жер казынасын пайдаланууну көзөмөлдөө функциясын кошуп берүү пландалып жатат.
Өкмөттүн азыркы түзүмүн парламент 2 ай мурун, 2016-жылдын 13-апрелинде бекиткен. Премьер-министр бул өзгөртүүлөр кызматкерлердин санын көбөйтпөй турганын жана кошумча акча талап кылбай турганын айтууда. Мындай өзгөртүүнүн максаты так айтылган жок, болгону өкмөттүн "Ишеним жана биримдик" программасына жана заман талабына ылайык өзгөртүү киргизүү сунушталып жатканы айтылды. 2015-жылы Энергетика жана өнөр жай министрлиги жоюлуп, анын функциясы Экономика министрлигине берилип, Улуттук энергетикалык холдинг түзүлүп, аталган мекеме энергетиканын бардык жоопкерчилигин моюнга алары айтылган эле. Холдингдин башчысы Айбек Калиев: "Энергетика министрлиги саясий орган болчу, холдинг чарба иштерине өзү аралашкан мекеме",- деп жакында парламент жыйынында айткан. Өкмөт башчы бүгүн энергетика тармагын жаңы түзүлө турган комитетке тапшырганы жатат. "Өкмөттүк түзүмдү, Жогорку Кеңештин аппаратын, президенттик аппаратты оптималдаштырып, бирин-бири кайталаган бөлүмдөрдү жоюу керек. 6 миллион калктуу кыргыз өлкөсү үчүн учурдагы түзүмдөр ашыкча",- деген сынды оппозицияда жүргөндөр көп айтышат. Бирок иш жүзүндө андай кардиналдуу өзгөртүүлөр ишке ашпай келет. Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөттүн учурдагы сунушунда деле кайсы бир министрликтен кайсы бир функцияны алып, башка органга жүктөө деген гана өзгөрүү көрүнүп турат. Орун алмашуудан сумма өзгөрөбү? Кадрларды бир мекемеден экинчисине которуу менен эмне жыйынтыкка жетүүнү көздөп жатышканы белгисиз. Демилгенин парламентте кезексиз кароого сунушталышынын артында эмне сыр жатат? Мамлекеттик түзүмдөгү өзгөрүүлөр парламент комитеттеринен дыкат каралышы зарыл. Жогорку Кеңеш болсо июлдун башында каникулга тарайт...

20-июнь:
ОРУСИЯ-ТҮРКИЯ ТИРЕШИ КЫРГЫЗ ЖЕРИНЕ КЕЛҮҮЧҮ ТУРИСТТЕРДИ КӨБӨЙТҮҮСҮ МҮМКҮН

Орусия менен Түркиянын тиреши Кыргыз Республикасына оң таасирин тийгизиши мүмкүн. Мисалы, туризм багытында. Орусиялык "Forbes" 18-июнда туристтик сезондо Египет жана Түркиянын ордуна башка кайсы мамлекеттерге барып эс алууга болорун жазып, анда Ысык-Көл облусунун Бостери айылын жайкы өргүүнү өткөрүүгө мыкты жерлердин тизмесинде экинчи орунга койду. Макалада Ысык-Көл "кыргыз Байкалы" аталып, тажатма пансионаттарга караганда Бостериде тоого экскурсияга чыгуу, көлдү кеме менен кыдыруу, альпинизм өңдүү туристтердин табитине жараша эс алуунун түрлөрүн табууга болору айтылат.
Түркия менен Орусиянын начар мамилесинен улам быйыл орусиялык туристтердин башка өлкөлөргө, анын катарында кыргыз жерине агылышы күтүлүүдө. Жогорудагыдай макалалар кыргыз табиятын, туристтик мүмкүнчүлүгүн даңазалоого көмөктөшүүдө. Демек, өлкөгө келген саякатчылардын коопсуздугун камсыздоо, алардын мыкты эс алып үйүнө ыраазы болуп кетишине, кийин кайра кайрылып келүүсүнө шарт түзүү милдети турат. Быйыл Ысык-Көлдө туристтик сезон 7-майда ачылган. 17-июнда Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезд каттамы ишке кирди. Быйыл 1-июлдан тарта Ош-Тамчы, Алматы-Тамчы аба каттамдары да өз ишин баштаганы жатат.
Күн тартибинде туристтердин коопсуздугун камсыздоо маселеси турат. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 18-июнда Ысык-Көл облустук милициясынын абалын текшерип, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, бардык эс алуучуларга сый мамиле жасоо, аларга маалыматтык жана юридикалык жардамдарды көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди. Тапшырма канчалык деңгээлде аткарылары сезон бүткөндө белгилүү болот. 2016-жылы туристтик маалда жарандардын коомдук коопсуздугун камсыздоого өлкө боюнча 2800 милиция кызматкери жана 600 ыктыярдуу кошуун тартылары жарыяланды. Ысык-Көл облусундагы тартипти 550 милиция кызматкери жана ИИМдин атайын өздүк курамынан 150 кызматкер жөнгө салат.
Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2013-жылы өлкөгө 3 миллиондон ашык турист келсе, 2014-жылы 4 миллиондон ашык турист келген. Ал эми 2015-жылы 4,5 миллион саякатчы кыргыз мамлекетинин чек арасын аттаган. Кыргыз жерине келген туристтердин 71 пайызын казакстандыктар, 13 пайызын орусиялыктар түзөт. Быйыл да 4 миллиондон ашуун турист келери күтүлүүдө.

21-июнь:
АТАМБАЕВ ООРУЛУУ БАЛДАРГА ҮМҮТ ТАРТУУЛАДЫ

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жунушалиева менен жолугушту. Балдардын саламаттыгына кам көрүү боюнча бөлүм башчынын маалыматын уккан президент кыргыз медицинасына жардам берүүнү кеңейтип, оор абалдагы балдардын дарылануусуна шарт түзүүгө мамлекет милдеттүү экенин айтты. Өлкө жетекчиси аталган борборго 2 миллион сомдук сертификат тапшырды. Бул мамлекет башчы тарабынан көрсөтүлгөн биринчи жардам эмес. Быйыл 1-Июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө президент аталган бөлүмдө болуп, дарыланып жаткан балдардын абалы менен таанышкан. Анда 5 миллион сомдук сертификат тапшырган эле. Мамлекеттин күчү – дени сак коом. Бүгүнкү ооруп жаткан балдар эртең мамлекеттин бир бурчун тиреген түркүккө айланат деген үмүт өчпөшү керек.

22-июнь:
79 ДЕПУТАТ СӨЗ ЭРКИНДИГИН ТИЗГИНДӨӨГӨ МАКУЛ ДЕП ДОБУШ БЕРДИ

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 1-окууда колдоо тапты. Мындай болушу мүмкүндүгүн
SUPER.KG порталы Күнсерепте билдирген эле. Сөз эркиндигин тизгиндөөгө 79 депутат "макул", 30 депутат "каршы" добуш беришти. Демилгечи депутаттардын бири Кожобек Рыспаев өлкөдөгү маалымат каражаттарын ачып иштетүүдө сырттан алынган каражаттын үлүшү 35 пайыздан (алгач 20 пайыз деп сунушталган) ашпасын деген чек коюлуп жатканын, мындай чектөө телеканалдарга гана тийиштүү болорун айтты. Талкууда депутаттар Жанар Акаев менен Алмамбет Шыкмаматов мыйзам долбоорун жыйынга киргизүүгө чейин коомдук пикир эске алынбай калганын айтышып, долбоорду күн тартибинен алып салууну талап кылышты.
Долбоор парламенттин 16-июндагы жыйынынын күн тартибине киргизилип, бирок демилгечилер документтин толуктачу жерлери бар экенин айтып, маселени кароону артка жылдырышкан эле. Депутат Жанар Акаев толуктоолордон кийин мыйзам долбоору профилдик комитеттин кароосунан өтпөгөндүгүн белгилеп, жалпы жыйында кароону кийинки жумага жылдырууну сунуштады. Анын сунушу кабыл алынган жок.
"Ата Мекен" фракциясынын өкүлү Наталья Никитенко демилгечилерге суроо койду: "Коопсуздук тууралуу маселе көтөрүлгөндө бул сөздүн артында эмнени эске алабыз? Коопсуздук – бул чек арада тынчтык өкүм сүрүшү, жарандардын стабилдүүлүк боюнча көңүлү тынч болушу. Демилгечилер "жарандарды коргоо максатында" деп жатышат, аларды кимдерден коргоп жатабыз? ММКлар коопсуздукка коркунуч келтирүүчү кандай маалымат таратуусу мүмкүн? Балким, силер жарандарды мамлекеттик ММКлар берип жаткандан айырмалануучу маалыматтардан коргоону көздөп жатасыңар? Ошентип эле айтпайсыңарбы?" деп суроо салды. Эл өкүлүнүн пикири боюнча бул мыйзам долбоору өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөбөйт...
Рыспаев демилге террорчулардын өлкөдөгү телеканалдарды сатып алып өз кызыкчылыгына пайдалануусуна жол бербөөнү көздөй турганын айтууда. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында маалымат каражаттарын негиздөөгө мамлекеттик органдарга, юридикалык жактарга жана өлкөнүн атуулдарына гана укук берилет. ММК өкүлдөрүнүн, айрым депутаттардын каршылыгына карабай мыйзам долбоору күн тартибине киргизилип, 1-окуудан өттү. Бул окуя мыйзам долбоорун шашылыш кабыл алууга кызыкдар тараптар бар экенин айгинеледи..

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 712, 24-июнь-30-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан