СӨЗ ЭРКИНДИГИНЕ ЧАБУУЛ БАШТАЛДЫ

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында 1993-жылы кабыл алынган "Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу" мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүү-толуктоолорго ылайык, кыргыз мамлекетинде ЖМКларды кыргыз жарандары гана негиздей алышат, чет жактан каржыланган телеканалдарда чет элдиктердин үлүшү 35 пайыздан ашпашы керек.

ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮНҮН КӨБҮ СӨЗ ЭРКИНДИГИН ТИЗГИНДЕГИСИ КЕЛЕТ
Бул аталган мыйзам долбоору бир аз жумшара түшкөндөгү көрүнүш. Адегенде КСДПчы Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, "республика-ата журтчу" Таабалды Тиллаев, Жыргалбек Турускулов демилгелеген бул мыйзам долбоорунда бардык жалпыга маалымдоо каражаттарын кыргыз жарандары гана негиздеш керек, ал эми чет жердик жарандын үлүшү 20 пайыздан ашпашы керек болчу. 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында аталган мыйзам долбоору каралып, жарандык коомдун, медиа чөйрөнүн кызуу талкуусуна түшкөн. Депутат Кожобек Рыспаев мыйзамдын оңдоп-түздөөчү жерлери бар деп артка чакыртып алган эле.
22-июндагы жыйында "Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу" мыйзамына өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору телеканалдарга гана тиешелүү экени айтылып, шашылыш түрдө каралды да, катталган 109 депутаттын 30у гана бул мыйзамга каршы чыгып, калган 79у колдоп берди.

НИКИТЕНКО: "ЖАРАНДАРДЫ ЧЫНЫГЫ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ АЧЫКТАГАН МААЛЫМАТТАН КОРГОЙБУЗБУ?"
Мыйзамга каршы чыккан Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов жана Жанар Акаев бир ооздон "жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч жараткан мисалды айтыңызчы?" деп демилгечи Кожобек Рыспаевге кайрылышты. КСДПчы депутат аларга "качан ошондой болот деп күтүп отурушубуз керекпи?" деп суроо узатуу менен чектелди.
"Ата мекенчи" депутат Наталья Никитенко: "Коопсуздук деген сөз бул талкууда 125 жолу айтылды окшойт. Коопсуздук тууралуу маселе көтөрүлгөндө бул сөздүн артында эмнени эске алабыз? Коопсуздук – бул чек арада тынчтыктын өкүм сүрүшү, жарандардын стабилдүүлүк боюнча көңүлү тынч болушу. Мыйзам долбоорун демилгелеп чыккандар жарандарды коргоо максатында деп жатышат, аларды кимден коргогон жатабыз? ЖМКларданбы? Кимдир бирөөдөн коргонуу жана коопсуздукту шылтоо кылганда биз кимди айтып жатабыз? Кыргызстандын аймагында көптөн бери тартып жаткан бир нече телеканалдардыбы? Алар жарандардын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү кандай маалымат таратышы мүмкүн? Алар кандай коркунуч жаратып жатышат? Балким, мамлекеттик телеканалдар айтпаган маалыматтан жарандарды коргойлу деп жатасыңар? Жарандарды чыныгы көйгөйлөрдү ачыктаган маалыматтан коргойлубу? Андай болсо мамлекет жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине кийлигишпеш керектигин да айталы. Мен биздин коңшуларды мисал келтирүүнү токтотууну суранат элем. Анткени ар ким өз жолун тандайт. Биз парламенттик демократия жолун тандаганбыз. А парламенттик демократиянын негизги принциптеринин бири – бул сөз эркиндиги",- деп билдирди.
Алмамбет Шыкмаматов: "Бул бизди уят кыла турган керексиз, популисттик мыйзам болот",- деп сыпаттады.

"РЕСПУБЛИКА-АТА ЖУРТ" ОППОЗИЦИЯЛЫК БЕДЕЛИ ЖОК ЭКЕНИН КӨРСӨТТҮ

Жогорудагы каршылыктарга карабай, мыйзам долбоору колдоого алынды.
Регламентке ылайык, мыйзам адегенде коомдук талкууга коюлушу керектигин бир катар депутаттар белгилешкени менен, спикер Чыныбай Турсунбеков чара көргөн жок. КСДПдан Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев, Анвар Артыков, Жылдыз Мусабекова "Кыргызстандан" Данияр Толонов, Салайдин Айдаров, Таалайбек Масабиров, Кубанычбек Нурматов, Чолпон Султанбекова, ал эми "Республика-Ата Журттан" Аида Исмаилова гана бул мыйзамга каршы чыгууга эрки жетти. Ал эми "Бир бол" менен "Ата Мекендин" депутаттарынын дээрлик бардыгы каршы чыгышты. Көрүнүп тургандай, оппозиция делген "Республика-Ата Журттун" жана коалиция ичиндеги КСДП менен "Өнүгүү-Прогресстин" дээрлик бардык депутаттары жалпыга маалымдоо каражаттарын, сөз эркиндигин кандай жолдор менен болбосун чектөөгө даяр экендиктерин көрсөтүштү.

БУЛ БИРИНЧИ ЧАБУУЛ ЭМЕС...
Кыргыз мамлекетинде бул сөз эркиндигине карата жасалып жаткан биринчи чабуул эмес. 2013-жылы дал ушул КСДПдан чыккан Галина Скрипкина "жалган маалымат, ушак, такталбаган маалымат тараткан, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек" деп чыккан. Талкуу-сындардан кийин мыйзам долбоорун артка кайтарып алган.
2014-жылы Галина Скрипкинанын эле мыйзамын бир аз өзгөртүп "ар-намысчы" Эристина Кочкарова чыккан. Ал баш болгон депутаттар демилгелеген мыйзамга ылайык, кылмыш жасады деп жалган маалымат таратканы үчүн журналисттер 200 миң сом айып пул төлөп же 3 жылга чейин соттоло турган болгон. Кийин бул мыйзам толукталып, жаранбы, саясатчыбы, журналистпи ким болбосун "баланча адам кылмыш жасады" деп жалган маалымат таратканы далилденсе, 1 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат деп толукталып, президент кол койгон.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 712, 24-июнь-30-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан