ЭКС-ДЕПУТАТ ЖЕР ШАРЫН УЧАК МЕНЕН АЙЛАНЫП ЧЫГАТ

Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты Союзбек Салиев дүйнөнүн 27 өлкөсүн жеңил учак менен Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө чейин кыдырып чыкмакчы. "Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын 27 өлкөгө сүйүнчүлөйүн деп тилек кылып жатам",- дейт ал. Буга чейин "Супер-Инфо" гезити Союзбек Салиевдин чакан учак жасаганы боюнча макала жарыялаган болчу. Аны менен кошо литвалык Йонас Жукнус да учат. Литвалык жаран буга чейин жеңил учак менен дүйнөнү кыдырып көргөн. Анын тажрыйбасын эске алып, Союзбек мырза өзүнө штурман кылып дайындаган. Учак 10-июль күнү борттогу 2 адам менен Токмоктогу аэродромдон абага көтөрүлөт. Белгилей кетсек, дүйнө тарыхында түрк тилдүү элдердин арасынан биринчи болуп кыргыз учкучу жеңил учак менен жер шарын айланып учмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 712, 24-июнь-30-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан