БИР БҮРКҮМ

  • Июнь окуясы боюнча күнөөлөнүп, өмүр бою эркинен ажыратылган АЗИМЖАН АСКАРОВДУН ишин Жогорку Сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти 11-июлда карайт.

  • АЛИЯСБЕК АЛЫМКУЛОВ Кыргыз Республикасынын Казакстандын Алматы шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды. Алымкулов 2014-жылы Эмгек, миграция жана жаштар министри кызматынан бошотулган.

  • Жогорку Сот Туризм департаментинин мурунку директору МАКСАТ ЧАКИЕВДИ "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" беренеси боюнча актап, камактан бошотту. Ал эми "пара берүү" беренеси боюнча айыптуу деп таап, 500 миң сом айып пул салды.

  • Кыргызстан өзүн БАЗАЛЫК 9 АЗЫК-ТҮЛҮКТҮН ичинен төртөө менен гана камсыздайт. Булар нан, жашылча-бакча өсүмдүктөрү, сүт жана картошка. Калган өсүмдүк майы, кумшекер, эт, жемиштер жана жумуртка боюнча импорттон көз каранды.
  • Талас облусундагы өкмөттүн өкүлү болуп Байышбек Жуманазаровдун ордуна ДАЙЫР КЕНЕКЕЕВ дайындалды.


  • ОРОЗО АЙТ 6-июлда болору белгиленди.

  • Бишкектин мэри Албек Ибраимов оңдоого болбой турган 192 АВТОБУСТУ жок кылууну тапшырды.

  • Орусиянын деңиз аскердик флотунун жаңы үлгүдөгү "Футляр" торпедалары ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ полигондо текшерүүдөн өтүп жатат. Бул тууралуу орусиялык "Ведомости" гезити жазып чыкты.

  • Эл аралык "Mercer" консалтинг компаниясы чет элдиктер жашаганга эң арзан шаарлардын тизмесин жарыялады. БИШКЕК жашоосу арзан делген 209 шаардын арасынан 3-орунду ээледи.
  • "Dailymail" басылмасы британдык ишкер Шон Дейли Максим Бакиевди 2006-жылы Кыргызстанда анын өмүрүнө кол салуу уюштурган деп айыптап, Британиянын сотуна кайрылганын жазып, арыктап калган МАКСИМ БАКИЕВДИН сүрөтүн жарыялады.

  • Жогорку Кеңеште депутаттарга берилүүчү АРТЫКЧЫЛЫКТАРДЫ кыскартууга багытталган мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Кайрадан добуш берүүгө коюлуп, 48 депутат каршы болсо, колдогондор 60 депутат болду. Мыйзам долбооруна ылайык, эл өкүлдөрүнө кызматтык батирлер, унаалар берилбейт. Аталган мыйзам дагы эки окуудан өтүшү керек.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 712, 24-июнь-30-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан