ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Үшүгөнгөбү, ойгонуп кеттим, таң агарып калган экен. Эмнегедир бирөө карап тургансыды. Үшүгөндө уйкусурап чөптү башыма чейин жаап алган экем, кыймылдабай, акырын ким карап жатканын эки жакка көз жүгүртүп издедим. Бир маалда үстүбүздөн кичине мотордун дабышы угулду. Дрон чымчыктын үнү эле, демимди чыгарбай жатып калдым. Чымчык менин үстүмө келип көп болсо 1 метрдей бийиктикте ордунда карап турду да, Майктын үстүнө учуп барды. Акырын көзүмдү ачып карап жаттым. Чымчыктын эле дал өзү, башында вертолёттукуна окшогон кичине винти болот экен. Майктын маңдайындагы бутакка конуп көпкө чейин карап турду, башынын ордуна тегерек айнек, ичинде кичине камера айланып турат. Камера мен жакка бурулганда көзүмдү жумуп алам, бети-башымды чөп жаап тургандыктан көрбөйт эле. Дрон Майкты, мени 3-4 мүнөттөй карап турду да, Майктын үстүнө учуп келип, төшүнөн кичине көзгө араң көрүнгөн от чыгып, дрон асманга көтөрүлдү да, канаттары күүлөнүп, башындагы винти токтоп ичине кирип кетти окшойт, учуп кетти.
Дагы деле бирөө карап тургансый берди, кыймылдабай көпкө жаттым. Турбай жатканым жакшы болгон экен, 5 мүнөттөй өткөндө дагы бир дрон үстүбүздө карап туруптур, учуп кетти.
Бир аз жаткандан кийин акырын эки жакты карасам эч нерсе көрүнбөйт. Бутактарды бүт карап чыктым, эч нерсе жок. Туруп Майкты карасам, өңү бозоруп, башкача болуп калыптыр. Кулагынан кичине ийненин учу чыгып турат, атып өлтүрүп кетишиптир. Эмне кылышты билбей калдым. Бир жагынан өлгөн адамдын жанында тургандан корктум, кечинде эле тирүү турган адам минтип калса. Бир жагынан өзүм үчүн да корктум. Мени да жок кылышсачы? Майкты өлтүрүштү, мени эмнеге атышпады түшүнбөдүм, күнөөсү жок деп аяшты окшойт да.
Майктан алысыраак жерге барып алып кайра базага барсамбы деп көпкө ойлонуп отурдум. Өлтүрбөгөнүнө караганда мени кайра барсам деле эч нерсе кылышпайт го, Макфеллге эч кимге айтпайм деп сөз берем да. Акчаны алпарып берсем... Акчаны эстегенде бир ой келди. Майк көп акча алып чыкканын Макфелл билет, эгер акчаны базага жакыныраак жерге алпарып бир жерге бекитип, анан Макфеллге барып "мени Кыргызстанга жөнөт, мен сага акчанын кайсы жерде экенин айтам" десем макул болот.
Базага барам деп чечтим, акчаны алайын деп барып Майкты көрүп, ошол жатышы боюнча таштап кете албадым. Булактын жанынан жумшагыраак жер таптым да, бычак менен каза баштадым. Нымдуу экен, оңой эле каздым. 2 саатта казып бүттүм, Майк үстүнө жапкан одеялону жанына салдым да, Майкты көтөрүп үстүнө жаткыздым. Сүйрөп келип чуңкурга түшүрүп карасам баш кийими түшүп калган экен, алып келип кийгиздим. Бүт эле кийимдеримди Майкка берген экенмин. Ошондо бир зарыл нерсени эстей албагандай боло баштадым.
Майкты көмүп бүттүм, башка динде болсо да куран окуп коёюн деп куран окуп жатып, бычакты жаныма коюп койгон экенмин, көзүмө урунду эле оюма тык келди, жанатан бери эмнени эстей албай жаттым десе...
Майкты биринчи өлүп калган экен деп бычак менен базага чалып өлгөн дебедим беле, үстүндөгү чапаны, башындагы допусу меники эле. Майктын "азыр деле базадагылар каякта экенибизди билип эле турушат" дегенин эстедим. Демек, базадагылар Майкты өлгөн деп ойлошсо, анын үстүндө менин чапаным, баш кийимим болсо, дрон Майкты эмес, мени өлтүргөнү келген экен да.
Дароо дрон жокпу деп эки жакты карадым. Тээ ылдыйда бир эшекти минип, бирин жетелеп бирөө сай менен жогорулап кетип баратат, андан башка эч ким көрүнбөйт. Саат деле он болуп калыптыр. Бул жерден тез качыш керек эле, бирок күндүз кантип кетем, бирөө-жарым көрүп калса, мени издеп жүргөндөргө сөзсүз айтат эле. Артымдан түшүп калышса оңой эле таап алышмак. Же мен бул жерлерди билбесем.
Бычакты жерге көмүп койдум, акча салынган рюкзакты алып Майк жаткан жерден дагы өйдөрөөк 100 метрдей чыгып кеттим да, бекинип жаттым. Эми кеч киргенче бир нерсе ойлоп табармын дедим.
Жатып алып ар нерсени ойлондум, эмнеге макул болдум деп өзүмө-өзүм жиним келет. Бир жагынан 2 күндөн бери эч нерсе жебей, аябай курсагым ачты. Өзүмдү адам жашабаган аралда калгандай сезип кеттим. Майк жаткан жерди карап коём.
Базадагылар мени өлдү деп ойлошсо, анда алардан коркпосо болот, түндөп бул жерден алыс кетип калсам. А эгер базадагылар дронду дагы жөнөтүп, мени таппай калышсачы? Саат кечки жетилерде кайра барып Майк көмүлгөн жердин жанына дагы бир чуңкур казып, ичине чоң таштардан таштап кайра көмүп салдым. Эми дрон келсе, экөөнү тең көмүп коюшкан экен деп ойлошот эле.
Каякка барам эми? Базада бирге иштеген оогандардан уккан элем, Мазари-Шариф деген шаарда кыргыздар көп деп, ошолорго барайын, кыргыз болгондон кийин Кыргызстан менен байланышы болуш керек, бир нерсе кылып жардам берер дедим.
Күүгүм кире баштаганда тоонун чокусуна чыктым. Пули-Хумри дапдаана көрүнөт экен, тоонун түбүнөн чоң жол кетиптир. Түндөп жолдон алыстабай, тоо менен кете бермей болдум. Пули-Хумриден алысыраак кетип калсам эч ким текшербесе деле керек, дагы бир кеби болор. Тоо менен 2 сааттай жүрдүм, токой, өсүмдүктөр түгөнүп, такырайган жерлер башталды. Таштак бүт эле, аябай суук болуп кетти, бир кызыктай суук шамал жүрүп турат экен, тимеле ар бир клеткаңа суук киргендей сезилет. Жука кийимчен элем, тоңуп калдым. Акыры суукка чыдабадым, бир чоң таш бар экен, далдоосуна шамалдан бекинип, ылдыйдан өткөн жолду карап отурдум. Титиреп чыктым. Жарым сааттай отурганда таштардын шылдыраганы угулуп, бирөөлөрдүн келе жатканы угулду. Жүрөгүм шуу дей түштү, артымдан кууп келе жаткандар окшойт...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Munar8625
2016-06-27 09:00:03
Ух мен биринчи аа
-2
admin_portal
2016-06-27 10:01:46
Nurbakg91, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу суроо, сунуш, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек!
0
temirov76
2016-06-27 10:40:14
Бул сериясы да бутту,эми дагы бир жума кутмой,сабыр кылайлы.
+1
adi.sumi
2016-06-27 11:01:35
333
0
adi.sumi
2016-06-27 11:01:47
3
0
aitowa11
2016-06-27 16:11:55
Эн жакшы чыгарма экен кайра кайра окуп жатам. Автор азаматсыз дагы да коп чыгармаларды жазыныз,калеминиз курчуй берсин. Ийгилик сизге!!!
+1
Asyl19.09.90
2016-06-28 14:50:55
Кайра кайра окудумго кино коруп жаткандай болуп
+1
№ 712, 24-июнь-30-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан