“Тамашоунун” таланттары
“KG_77” командасынын оюнчусу Куба сулуу кыздарды көргөндө курсагы ачып кетет. Ошондуктан кыздар, жаныңарга тамак ала жүргүлө!
Жашы – 10+8=18
Бою – Жүз 70 тогуз сантиметр
Салмагы – “Илибой” кыз көтөрө алат
Дежур сөзү – “Койдун майын сүйкөп койгула”
Өзүндө баалаган сапаты – Маршруткада жол киреге 10 сом берип, 2 сом сурабайт
Үй-бүлөлүк абалы – Бир кыз, бир уулдун байкеси
Жактырган машинасы – Кир жуугуч машина
Жактырган тамагы – Куурулган картошка, 3-парадан кийин баарын жей берет
Девизи – Кыргызстан – красавчик!
Максаты – Кыргызстандын президенти болуу, жок дегенде президенттин досу болуу
Кыргызстан качан футбол боюнча Дүйнө чемпиону болот? Качан Бразилия көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиону болгондо!
Кыргыз спортчусу «Ванкувер» Олимпиадасында трамплинден пакет менен секирип жеңишке жетишти.
Мерген Тургандан журналист сурап жатат:
– Сиз качан турмушка чыгасыз, ой, кечиресиз, аял аласыз?..
“Камбар-Ата” ГЭСи курулуп бүткүчө “Камбар-Чоң ата” болуп калат.
Депутаттар 23-февралда белек албай калып «дагы 90 депутат аял шайлоо керек» деген мыйзам чыгарышты.
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg
Сүрөттөр «Супер-Инфонун» архивинен алынды.