ЧЕТ ТИЛДИ КАНТИП БАТ ҮЙРӨНҮҮГӨ БОЛОТ?

Жайкы каникул, жайкы эмгек өргүүсү – чет тилдерин үйрөнүүгө ылайыктуу учур. Аз убакыт ичинде өз алдынча кантип бат жана оңой тил үйрөнүүгө болот? Сурообузга "Тил академиясынын" окутуучусу Миргүл Абдыкеримова жооп берет.

  1. Тил үйрөнүүдөгү максатыңызды, багытыңызды так аныктап, план түзүп алыңыз. Алгач өзүңүз каалаган тармакка тиешелүү сөздөрдү, терминдерди үйрөнгөнүңүз туура. Анткени киши өзү каалаган нерсени бат үйрөнөт.
  2. Тил үйрөнүүгө
    аптасына бир эле жолу 2-3 саат убакыт бөлүп, мээни маалыматтарга толтуруп салуу туура эмес. Анткени мээ да чыңалат, чарчайт. Эң натыйжалуу жолу – күнүнө 15-20 мүнөт убакыт бөлүү маанилүү.
  3. Күн сайын жаңы теманы өздөштүрүүгө ашыкпай, эскини кайталай жүрүңүз. Америкалык окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, мындай ыкма жаңы үйрөнгөн сөздөрдү жакшы эске тутууга жана түшүнүүгө жардам берет.
  4. Окуу, окуу жана окуу. Үйрөнүп жаткан тилиңизде гезит-журналдарды көп окуңуз. Биринчиден, сөздөрдүн кандай жазылышын көрүп эсиңизге сактасаңыз, экинчиден окуган нерсени өзүңүз которуп түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
  5. Күнүнө 20-30 сөз жаттап, сөз байлыгыңызды байытыңыз. Алардын бешөөсү сөзсүз этиш сөз болушу шарт. Жарыялардан сизге тааныш эмес сөздү окусаңыз дароо жазып алып, маанисин түшүнүүгө аракет кылыңыз.
  6. Сөздөрдү жаттап гана тим болбостон, маектеш таап, көбүрөөк сүйлөшүңүз. Анын дикциясына көңүл буруңуз. Мындан сырткары чет тилдеги тасмаларды көрүңүз, ыр угуңуз. Бул ыкмада андагы сөздөр жадыңызга сактала берет.
  7. Ката кетирбей туруп, ал катаны сезбей, түшүнбөй туруп тилди үйрөнүү мүмкүн эмес. Ал тилде туура сүйлөөгө мажбур эмессиз, андыктан ката кетирүүдөн коркпоңуз. Эң негизгиси кайсы жерден, кандай ката кетиргениңизди эстеп калуу, аны кайталабоо сиз үчүн маанилүү.
  8. Интернеттеги мүмкүнчүлүктөрдү, мобилдик программаларды колдонуңуз. Учурда чет тилдерди үйрөнүү боюнча атайын бир нече программалар иштелип чыккан. Өзүңүзгө ыңгайлуусун тандап иштеңиз.

АТА-ЭНЕЛЕРДИН ЭСИНЕ!

  • Балдарга маалыматты сиңирүүнүн эң натыйжалуу жолу – бул оюн. Андыктан тил үйрөтүүнү кызыктуу оюн менен айкалыштырыңыз, сүрөттүү карточкаларды, кроссворддорду пайдаланыңыз.
  • Жакшы көргөн мультфильмин үйрөнүп жаткан тилинде көрсөтүңүз. Бала ал мультфильмди жакшы билгендиктен андагы үндөр, интонациялар, эмоциялар кайдигер калтырбайт.
  • Балаңызды жаңы нерсени үйрөнүп кете албагандыгы үчүн кагып-силкпеңиз. Андан көрө жакшы сапатын, ийгилигин таап, мактап туруңуз.
  • Тил үйрөнөсүң деп мажбурлабаңыз. Баланын каалоосун угуу да туура. Эгер балам сөзсүз чет тилин билиши керек десеңиз, анда балаңызды ага алгач кызыктырып, сүйлөшүү иштерин жүргүзүңүз.
  • Чет тилдердин пайдасы тууралуу айтып берүүдөн тажабаңыз. Көп тил билсе көп дос табарын айтып, шартыңыз болсо атайын тил үйрөнүү боюнча уюшулган лагерлерге жөнөтүңүз.

ЧЕТ ТИЛДИ ҮЙРӨНҮҮНҮН ПАЙДАСЫ

Чет өлкөгө саякатка чыгуудагы эң негизги курал – бул тил. Эгер ал элдин тилин билсеңиз көздөгөнүңүзгө бат жетесиз.
Жакынкы же алыскы чет өлкөлөрдө билим алууга, жумушка орношууга, соода кылууга жол ачылат.
Чет тилин үйрөнүү аркылуу ал тилди билгендер менен сүйлөшө алуу, пикир алмашууга, дос күтүүгө болот.
Тил үйрөнүү менен бирге башка элдин маданиятын, каада-салтын, жашоо шартын билип, дүйнө таанымыңыз кеңейет.
Чет элдик каалаган тасманы көрүп, чыгарманы, макаланы окуй аласыз.
Биринчилерден болуп маалымат алууга жетишесиз.

Чет тилди бир жолу үйрөнүп, өмүр бою колдоноруңузду эсиңизге алыңыз!

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Каалоо болсо, каалаган тилди үйрөнүүгө болот
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
mma_fighter
2016-06-27 18:42:19
Немец тилин уйроном кудай кааласа
+1
stervella415
2016-06-27 19:32:22
Men Anglis tilin uironsom deim,
-2
AKCAHAT
2016-06-27 21:57:13
Немец тилин уйронушум керек
-2
aidar.5115
2016-06-28 06:54:06
Тил бул мен жана сен!
-1
admin_portal
2016-06-28 10:36:35
Usow, X-peria, башка тилдеги сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
-1
Aitunuk2797
2016-06-28 17:05:31
Сиздерге чоон Рахмат пайдалуу кенештер экен
-1
Gulmirahon
2016-06-29 00:44:56
Til uironom dep jatkandarga "Eklektika" borborun sunushtaim. Men nemez tilin 4 aida suilop kaldym. Mugalimi kuchtuu. Urovenim B1. azyr 5 ai boldu bashtaganyma, bir soz bilbey bargam.
+1
Karataev.kg
2016-06-29 09:20:34
Paidaluu keneshter eken. Chon raxmat
-1
Miali
2016-06-29 11:21:30
que sera
+1
Kani1994
2016-06-29 17:24:07
мен учурда КОРЕЙ тилин үйрөнүп жаткан кезим!=)
0
89Kanatbek
2016-06-29 20:28:57
Чоон рахмат. Кытай тилин уйронуп жаткан кезим.
0
karakoz_93
2016-07-01 18:41:51
89Kanatbek,你 好)))
0
nurik1818
2016-07-01 02:48:39
мааниси жок
0
secretik
2016-07-02 13:36:21
I love English language!!! No I love my nation language KYRGYZ.
0
naturalmuslim
2016-07-03 11:06:07
secretik,tuurasy " native language " bolot!
+1
secretik
2016-07-03 13:07:18
naturalmuslim, You are right! Sorry!
0
arimle00
2016-07-03 20:42:13
Эн биринчи кезекте каалоо керек)
0
karachachazi
2016-07-27 04:28:54
Сонун кенеш берилген, рахмат!
Учурда Москвадамын.Кыргыз тилин онуктурууго салымымды кошоюн деп болгон аракетимди баштадым. Ал учун кошумча тил билуу зарыл экен. Анткени,башка тилде(орус, англис тили) каалаган маалыматты тапсан болот.
Эгерде, ким кыргыз тилинин учурдагы абалына кайдыгер карабаса,келгиле бирге иштешели!
0
№ 712, 24-июнь-30-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан