Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы айылдардын биринин 58 жаштагы имамы көптөн бери 10 жашар баланы зордуктап жүргөн деген шек менен камакка алынды. Бул боюнча кененирээк маалымат издеп көрдүк. "БАЛАНЫН ЗОРДУКТАЛГАНЫН ЭКСПЕРТИЗА ТАСТЫКТАДЫ"
Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын кызматкери Самара Кыдырова окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 18-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ат-Чабар (Октябрь) айылынын К.С. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылды. Ал өз арызында ошол эле айылдын Г.П. аттуу имамы 2006-жылы туулган уулун бир нече жолу зордуктагандыгын билдирди. Бул факт боюнча Сузак
РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам аракеттердин натыйжасында ошол эле айылдын 1958-жылы туулган Г.П. аттуу тургуну кылмышка шектелип кармалды.
Кармалган адамдын сөзүнө караганда, ал мурун соттолгон эмес, 8 класстык билими бар. Ал ошол эле айылдагы Гапиржан ходжа мечитинин имамы болуп иштеп жүргөн. Кылмышка шектүү суракта кылмышын моюнуна албай жаткан, бирок соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалардын жыйынтыгында баланын зордукталганы аныкталды. Жабырлануучу бала да психологдордун катышуусунда көрсөтмө берди. Сузак райондук сотунун чечими менен кылмышка шектелип кармалган Г.П. 2 айга тергөө абагына камалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
"АКСАКАЛДАР МЫНДАЙДЫ ӨЛТҮРҮШ КЕРЕК ДЕП ЖАТЫШАТ"
Жабырлануучу баланын энеси уулун кордогон адамды кечирбейм, сотто аягына чейин барам дейт:
– 4 балам бар, зордукталган балам үчүнчүсү. Бүгүн Жалал-Абад шаардык ооруканасында анын көтөн чучугуна операция жасалды, абалы кичине оңолуп калды. Баламдын жанында болуп жаттым эле, азыр эле үйгө келдим.
Кошунам Пайзулла уулумду көптөн бери эле үйүнө алдап алып кирип зордуктап жүрүптүр. Уулум болсо анын "бирөө-жарымга айтсаң өлтүрөм" дегенинен коркуп айтпай жүргөн экен. Бычак да такап коркуткан дейт. Кээде алдап 50 сомдон акча да берип койчу экен. Мүнөзү да өзгөрүп, чүнчүп кеткен. Жакында гана бул тууралуу бизге айтып берди. Биринчи кошунабызга барып "эмне үчүн мындай кордук кылдың?" деп сурасак, "силердин ишиңер болбосун, кааласам небереңерди да ушинтем" деп койду. Андан кийин кайра "10 миң сом берейин, эч кимге айтпагыла" деп үйгө келиптир. Биз анын үстүнөн милицияга арыз жазмакчы болдук, бирок апам өтүп кетип аны жерге бергиче бошобой калдык. Андан кийин гана милицияга барып арыз жаздык. Тергөө учурунда уулум кошунабызга качан, кайсы жерлерде зордуктаганын бетине коюп бергенде ал кылмышын моюнуна алды.
Баламды зордуктаган адам менен кошуна жашайбыз, киришип-чыгышып, алышып-беришип эле жүргөнбүз. Өзүнүн 6 баласы бар, улуулары өзүнчө үй жай күтүп калган. Мечиттин имамы, бир нече жолу ажыга барып келген. Ажыга барчуларды да жетектеп, ажы башчы болуп жүргөн. Кантип мындай ишке барганына мен деле түшүнбөй турам. Биз милицияга арыз жазгандан кийин айылдын аксакалдары жалаа жаап жатасыңар дегенсип бизди жаман көрүп жатышкан. Экспертизанын жыйынтыгы чыгып, өзү да моюнуна алгандан кийин "аны атып өлтүрүш керек" деп калышты.
Уулумду зордуктаган адамдын үй-бүлөсү бизге келип "аны чыгарып бергиле" деп тополоң кылып жатышат. "Чыгарып берсең балаңды дарылатууга кеткен чыгымды көтөрүп беребиз" дейт. Бирок мен уулумду ушунчалык кордогон адамды кечирбейм, сотто да аягына чейин барам.
"ИМАМ КҮНӨӨЛҮҮ БОЛСО ЖАЗАСЫН АЛАТ"
Бул боюнча муфтийдин биринчи орун басары Акимжан Эргешов менен байланыштык. Кылмышка шектелип кармалган имам аттестациядан өттү беле, өтсө качан өткөн, мындай окуялар кайталанбашы үчүн муфтият тарабынан кандай чаралар көрүлүүдө деген суроо узатып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Так датасын азыр айта албайм, бирок ал имам былтыр аттестациядан өткөн. Ал күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп азыр айта албайм, аны сот чечет. Эгер күнөөлүү болсо анда ал мыйзам чегинде күнөөсүнө жараша жазасын алат. Мындай окуялар болбошу үчүн биз бир эле имамдарга эмес, жалпы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бардык айт, жума намаздарда балдардын, аялдардын укугун коргоо тууралуу тарбиялык маанидеги сөздөр айтылат.
"ЖИНДИ" ДЕЛГЕН МЕДРЕСЕ МУГАЛИМИ ТАЗА ЧЫКТЫ
Дин кызматкерлеринин балдарга сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөткөн учуру биринчи жолу болуп жаткан жок. 2012-жылы Ош шаарындагы медресенин окутуучусу Нурсеит Калыбай уулу 9 жаштагы баланы бир нече жолу зордуктаган деп айыпталган. Анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Тергөөдө жабырлануучу бала мугалими аны башка бөлмөгө алып кирип зордуктап жүргөнүн айтып берген. Экспертизанын жыйынтыгында бала бир нече жолу зордукталганы аныкталган. Кылмышка шектелип кармалган Нурсеит Калыбай уулуна психиатриялык экспертиза дайындалып, Кызыл-Жар ооруканасынын дарыгерлери ага "акыл-эси жайында эмес" деген корутунду чыгарып беришкен. Бул иш Чубактын чуусундай чубалып отуруп, аягында Ош шаардык соту медресе мугалимине "акыл-эси жайында эмес болгонуна байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошоп, мажбурлоо иретинде дарылансын" деген чечим чыгарган. Мындай чечимге макул болбогон жабырлануучунун жактоочулары медресе мугалимине карата жаңы экспертиза дайындатууга жетишишкен. Жыйынтыгында 2015-жылы февраль айында Чым-Коргондогу психиатриялык оорукананын дарыгерлери Нурсеит Калыбай уулуна карата "акыл-эси жайында" деген корутунду чыгарышкан. Бул ишти кайрадан караган Ош шаардык соту үстүбүздөгү жылдын январь айында Нурсеит Калыбай уулун 15 жылга эркинен ажыраткан.
"Бир кумалак бир карын майды чиритет" дегендей, мындай "молдокелер" башкалардын да аброюна көлөкө түшүрүшүүдө. Укук коргоо жана сот органдары бул оор кылмышты туура тергеп, акыйкат чечим чыгарып, күнөөлүү тиешелүү жазасын алат деп ишенебиз.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg