"Төшөк оюну" – бул балдардыкы эмес, чоңдордуку! Эгерде төшөктө баары жайында болсо, ал адам күнүмдүк турмушун да жөнгө салып кетет. Ал эми кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса бул адамдын маанайына, жумушуна, чыгармачылыгына, мүнөзүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Төшөктө көйгөйлөр кайталана берсе, анда ал коркунучту жаратат. Эркектер менен айымдардын коркуу сезимине тушугушу эки башка себептерден улам жаралат. Алар кумарга батуу учурунда эмнеден коркушат? Андай кырдаалдан кантип чыгууга болот? Эмесе, сөз ошо тууралуу болсун.
АЛГАЧКЫ КАДАМ ЭСТЕН КЕТКИС БОЛУШУ КАЖЕТБиринчи жолкуда айымдардын эле эмес, мырзалардын да денесин калтырак басат. Эркектердин көпчүлүгү "чоң казатка" аттанар алдында өз күчүнө анчейин ишене беришпейт. Балалык менен коштошууда ийгиликтүү "дебют" жасаган эркектер өзүнө өмүр бою жеткидей дем топтойт. Ал эми алгачкы сынактан "2" алган эркектер психикалык жактан "импотентке" айланып, келечегине терс кедергисин тийгизип алуусу толук мүмкүн. Биринчи жолкуда шаабайды суутпаш үчүн мырзалар эң негизги нерселерди эстен чыгарбоосу кажет. "Жолугушуу" өтчү жердин аурасы да эркектердин маанайына таасирин тийгизет. Жагымдуу аура, жакшы маанай – иштин ийгиликтүү болушуна өбөлгө. Андыктан алдын ала жолугушчу жерди өзүнө жаккыдай жасалгалап алуусу керек. Кумар учурунда эч ким тоскоол болбой турган жерди тандоо ыңгайлуу. Керек болсо тыштан угулган ар кандай дабыштар да иш учурунда терс таасирин тийгизиши ыктымал.
Андан соң эркек өзүн психикалык жактан даярдашы керек. Бардыгы эле тубаса сексуалдуу, тажрыйбалуу эмес экендигин, бардык нерсе алгачкыдан башталарын эстен чыгарбаңыз. Мындан тышкары өнөктөштү туура тандоо, сүйүү да чоң роль ойнойт. Ал да сизди түшүнүү менен кабыл алып, колдоп турушу зарыл. Эгерде кагып-силкип же шылдыңдап жиберсе – иштин бүткөнү. Дагы бир жагдай, "ат көрбөгөн минип өлтүрөт" дегендей, шашпаңыз. Чечине калып эле баштап жиберген жарабайт. Алгач кыргыздар айтмакчы, "жыты сиңишкиче" өнөктөш айымга көнүү талап кылынат. Ал үчүн аны эркелетип, өөп-жыттап, жакшы сөздөрдү арнасаңыз, ал да сизге ошондой эле жооп кылса, сиздеги коркунучтар өзүнөн-өзү жоголот. Алгачкы кадам эстен кеткис болушу кажет. Андыктан ийгилик!
БАШКЫ МАКСАТ КОРКУУ ЭМЕС, АЙЫМДАРДЫ "ТУУ ЧОКУГА" ЧЫГАРУУ
Ал эми тажрыйбалуу эркектер көбүнчө "марага" эрте жетип келип, айымына уят болуп, аны таарынтып алуудан да кооптонушат. Мындай учурда коркуунун же өзүн өзү басынтуунун кереги жок. Болгону бир гана жол бар, ал – айымды кумардын туу чокусуна чыгаруу. Ал үчүн сиз тараптан эмнелер талап кылынат? Эң негизгиси айым менен ачык-айкын кеңешип алган оң. Мындан тышкары өзүмчүл, шашма болбоңуз. Иштин жүрүшүн сезе билип, өз мүдөөңүздү ишке ашырып эле тескери карап жатып албастан, айым менен да эсептешиңиз. Айымдар табиятынан назик болушат, кулагы менен сүйүшөт. Андыктан романтикалуу кеч тартуулап, жакшы сөздөрдү, эркелетүүнү ичке катпай, өнөктөшүңүзгө арнаңыз. Олдоксон кыймыл-аракеттер, айымдын сизге жардам бергенине тоскоол болуу баарын кыйратышы ыктымал. Ошондой эле төшөктөгү ыкмаларды да өзгөртүп көрүү керек. Балким, сизге жаккан ыкма айымга жакпай калышы ыктымал. Өз "милдетиңизди" так аткарып, айымыңызды ыраазы кылганда гана сизде жашап келген коркунуч түп-тамырынан жоголуп, ишеним пайда болот. Ошондой эле эркектер кумарлануунун туу чокусуна чыгып жатканда өңү кубарып же жүзү бырышып кетүүдөн ыңгайсыз абалга кептелишет. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш, уялуунун кереги жок. Себеби кумарга батуу учурунда сиздин кебетеңиз эле эмес, айымдардыкы да башкача болорун унутпаңыз. Сексопатологдордун айтымында, таңкы секс – бардык коркунучтарды жоготот. Андыктан ишиңиз кайнап жатса да таңга жуук сүйүктүүңүзгө убакыт таба билиңиз.
ООРУКСУНУУНУ ЖЕҢЕ БИЛҮҮ ЗАРЫЛ
Төшөк маселесине келгенде айымдардын эң негизги фобиясы – ооруксунуу. Алгачкы ирет болобу же андан кийинби башкы талап – өнөктөшүңүз тажрыйбалуу эркек болушу кажет. Андыктан өнөктөш тандоодо кыраакы болуңуз. Ал сиздеги коркунучту "өлтүргөн" касиетке эгедер болушу зарыл. Ар кандай жагымдуу сюрприздери менен таң калтырса ого бетер жакшы. Мисалы, караңгы бөлмөгө шам жагып, жагымдуу музыка коюп бийге тартып, шампан ачып, андан соң роза гүлүнүн желекчелери себилген жуунуучу бөлмөгө сизди алып келип, өөп-жыттап чечиндирип, жуунгандан кийин уктоочу бөлмөгө көтөрүп барышы керек. Эгер эркек ушул сыяктуу жагымдуу нерселерди жасаса коркуу сезимиңиз каалоого айланат да, ооруксунууну байкабай каласыз. Экинчиден, сиз коркуп жатканыңызды өнөктөшүңүзгө айтып, андан аяр кыймыл-аракет жасашын сураныңыз.
Төшөктө өзүңүздү ээн-эркин сезип, денеңизди жыйрылтпаңыз. Сиз үчүн секс – бул ооруксунуу гана эмес экенин, кайсы бир учурда ал жагымдуу, балким, өтө жагымдуу болоруна ишениңиз. Эгер чындап эле төшөк оюнун каалабай жатсаңыз анда "ойнобоңуз". Себеби өз денеңиздин кожойкеси өзүңүз.
АЙЫМДАР КҮТҮҮСҮЗ БОЙГО БҮТҮҮДӨН КОРКУШАТ
Айрым айымдар өнөктөшүнүн зомбулугунан да коркушу ыктымал. Себеби көбүнчө эркектер кааласа айымдардын ой-боюна койбой өз мүдөөлөрүнө жетишет. Андайда өнөктөшүңүзгө сиздин абалды түшүндүргөн оң. Эгер сизди түшүнбөсө, укпаса, урматтабаса андай эркектин сизге кереги барбы же жокпу, өзүңүз чечиңиз. Ошондой эле айымдар секс учурунда күтүүсүз бойго бүтүүдөн да коркушат. Күйөөсүнүн үй-бүлө багууга даремети жетпесе же "жумуш, жумуш жана жумуш" деген ураандын алдында жашаган айымдар эне болууга анчейин ашыга беришпейт. Бул жагдайда акыл калчап иш кылыш керек.
"Алгач карьера жасайм, андан кийин бала төрөйм" дегендер да жаңылышат. Карьераны 50 жашка чейин жасоого болот, ал эми баланы ал куракта "жасоо" мүмкүн эмес. Кээ бир айымдар төрөттөн коркушат. Антсеңиз жүрө бересиз. Мисалы, тиши ооругандар деле алгач тиш доктурга баруудан коркуп жүрө беришет эмеспи. Бирок тишин жулдурган соң гана "аа, оңой эле турбайбы" дешет го, ошол сыяктуу. Эч коркпоңуз. Эгер турмуш шартка байланыштуу эмес, чындап эле баланы каалабай жатсаңыз анда сактанып, төшөктө өзүңүздү эркин сезиңиз. Азыр 21-кылым, сактануунун жолдору көп.
Эркин Сексенбаев
erotika@super.kg