КУЛПУНАЙДЫ САБАГЫНАН ОҢОЙ АЖЫРАТУУ
Кулпунайдын түп жагындагы сабагын оңой ажыратып, алып салуу жолу бар. Бул үчүн коктейль, шире ичүүдө колдонулуучу түтүкчө керек. Аны болгону сабакты көздөй түз саюу зарыл.
МАНДАРИНДИ ААРЧУУ
Алгач мандариндин түбүн тегерек кылып кесип, бычак менен ортосунан кесебиз. Анан ал жерди ачып, эки жакка тартсак, сүрөттөгүдөй болуп аарчылып чыга келет.
ВИНЕГРЕТ ДААМДУУ БОЛСУН ҮЧҮН
Винегретти жасагандан соң анын даамы ого бетер арта түшүшү үчүн салатка 1 аш кашык сүт жана 1 чай кашык кумшекер кошуп коюу кажет.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg