БУРАК ӨЗЧИВИТТЕН ЖАҢЫ СҮЙҮҮ БАЯНЫ

"Даңазалуу доор" сериалындагы Бали бейдин катышуусунда жаңы сериал. Кыз кыялындагы мырза, түрк актёру Бурак Өзчивит бул жолу "Түбөлүктүү сүйүү" ("Kara Sevda") сериалында адилеттүүлүк жана сүйүүсү үчүн эч нерседен тайбаган жигиттин ролун аткарат.

Жанры
– Мелодрама
Продюсери – Керем Чатай
Режиссёру – Хилал Сарал
Сценарийин жазган – Өзлем Йылмаз
Башкы ролдордо – Бурак Өзчивит, Неслихан Атагүл жана башкалар.
Тарткан өлкө – Түркия
Бет ачары – 2015-жыл, 14-сентябрь

ШАХТЁРДУН КӨМҮРДӨЙ «КАРА» СҮЙҮҮСҮ

Кемал Сойдер - шахтада иштегенди кыялданган карапайым чачтарачтын баласы. Ал кызыктуу күндөрүнүн биринде автобустан сүрөтчү, бардар үй-бүлөнүн кызы Нихан Сезин менен таанышып, мамиле уланып сүйүүгө айланат. Ниханды баш-отун жоготуп сүйгөн дагы бир жигит бар. Ал – Түркияда ири компаниянын жетекчисинин уулу Эмир Козжуоглу. Нихандын ата-энесинин бизнеси жүрүшпөй, акча маселесинде Эмирдин үй-бүлөсүнө толугу менен көз каранды болуп калышкан. Бардар кыздын энеси шартына карап кызын Эмирге күйөөгө берип, бизнесин сактап калууну көздөйт. Бирок Нихан ага макул эмес эле. Ал жөнөкөй шахтёр Кемал менен шахты жайгашкан Зонгулдак шаарына барып, сүйүктүүсү менен өмүр өткөргүсү келет. Нихан өзүнө жакын жолотпой, алыстап жатканын билген Эмир сүрөтчү кызга үйлөнүш үчүн алдап-опузалоо жолуна барат. Ал Нихандын бир тууганы Озанды атайын уюштуруп, киши өлтүрдү кылып «иниңдин түрмөдө отурушун каалабасаң, мага турмушка чык» деген сунушун тикесинен коюп, Нихан аргасыз сүйбөгөн адамына турмушка чыгууга макул болот. Анын үй-бүлөсүндөгү мындай кырдаалды билбеген Кемал ага таарынып, сүйүү дартынан арылуу үчүн Зонгулдактагы шахтага иштегени кетип калат. «Мени акчам жок үчүн чанды» деп ойлогон Кемал 5 жылдан кийин Стамбулга кайтып келип, мурунку сүйүүсү Нихандын жолдошу Эмир Козжуоглунун бизнесинде башкы атаандаштардын бирине айланат.

СЕРИАЛДЫН ЭКИНЧИ СЕЗОНУ ДА ТАРТЫЛАТ

«Түбөлүктүү сүйүү» сериалын жаратуучулар аны 1-сезон менен эле бүтүрүшмөк, бирок рейтинги көтөрүлүп, суроо-талап көбөйгөнүнөн 2-сезонун да тартууну чечишкен. 1-сезону 35 сериядан турат. Тасмада баш каарман Кемалдын ролунда «Даңазалуу кылым» сериалында Малкочоглу Бали бейдин ролун аткарган актёр Бурак Өзчивит менен дагы бир түрк жылдызы Неслихан Атагүлдүн сүйүүсү эң кооз сүрөттөлгөн. 2016-жылдын күз айларынан баштап Казакстандагы телеканалдардын бири аталган сериалды 1-сезонунан баштап, ал эми Түркияда 2-сезону көрсөтүлөрү айтылууда. Сериалда баяндалган Зонгулдак шаарындагы шахтадагы жарылуу болгон окуя. 1992-жылы 3-мартта Түркиянын Зонгулдак шаарындагы шахтада жарылуу болуп, 263 адамдын өмүрүн алган.

БАШ КААРМАНДАР

Бурак Өзчивит (Кемал Сойдер) 1984-жылы 24-декабрда Стамбулда төрөлгөн. Кесиби модель, актёр. 2003-жылы «Түркиянын мыкты модели» наамын алып, 2005-жылы «Дүйнөнүн мыкты модели» сынагында 2-орунду алган. Көпчүлүк актёрду «Даңазалуу кылым», «Боз торгой» сериалдары аркылуу таанышат. "Боз торгойдогу" өнөктөшү, актриса Фахрийе Эвжен менен кыз-жигит мамиледе. Актёр учурда Римде эс алып жүрөт. Басылмаларда актёр сүйүктүүсүнүн колун сураганы айтылууда.


Неслихан Атагүл (Нихан Сезин) 1992-жылы 20-августта Стамбул шаарында туулган. Чыгармачылыкка 14 жашынан аралашып, экранга жарнамалык роликтерге тартылуу аркылуу чыгып баштаган. Жакында берген маектеринин биринде 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигити, актёр Кадир Догулуга 2016-жылдын 8-июлунда турмушка чыгарын билдирген.


Мелисса Асли Памук
(Асу) 1991-жылы 14-апрелде Нидерландыда туулган. Кесиби – модель, актриса. 2011-жылы «Түркия сулуусу» наамын жеңип алган. Актриса маектеринде: «Кыванч Татлытуг менен киного бекер тартылууга даярмын, анткени ал мен сыйлаган, туу туткан актёр» деп айткан. Жеке жашоодо Толга Сала деген актёр менен кыз-жигит мамиледе.


Каан Урганжыоглу
(Эмир Козжуоглу) 1981-жылы 8-майда Измир шаарында жарыкка келген. Белгилүү актёр 30дан ашык фильмде роль жараткан. Берген маектеринде: «Мен токтоомун, ошон үчүн көбүнө бой көтөргөндөй сезилем. Бардык адамдар менен бат тил табыша албайм»,- деп айтканы бар. Каан бойдок, ал «менде кимдир бирөөгө болгон сүйүү азырынча жок, жашоого болгон сүйүүм күчтүү» дейт.


Хазал Филис Күчүккөсе
(Зейнеп) 1988-жылы 9-февралда Түркиянын Мерсин шаарында туулган. Кичинесинен спортко жакын актриса жеңил атлетика, стол тенниси, баскетбол, йога, фитнес, аэробика менен машыгат. Үй-бүлөлүү, жолдошу Туан Туналы да актёр.



"Түбөлүктүү сүйүү" сериалынын актёрдук курамы.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Medinaa
2016-07-04 16:26:32
коруш керек экен.
+1
aikowa.aikado
2016-07-04 18:57:51
2-сезон качан чыгааат, кызыктуу кылып бутуруп коюп куттуруштуго
0
Nuraiym.marasilova
2016-07-04 22:27:56
Menin serialim goo
0
BelkaBoB
2016-07-04 23:43:40
Грамотно тартылган сериал! 1-сезондун акыркы минуталары кандай гана кайгылуу.. Нихан менен кошо ыйладым го :((( Бир тууган деген кандай гана ыйык, жакын жан...
0
gul-bibi9109
2016-07-05 06:50:02
Нихан 9 июлда куйого чыгат экен Кадирге, Кемаль Фехрие мн Италияда журот экен 2 сезон куздо тартылып баштайт экен ошондо дагы ар жумада бирден серия чыкса, кутуу ошондо башталат)))
0
bela77
2016-07-05 12:58:14
Кино тууралуу кызыктардан: Нихандын жигити Кадир Бурак Озчивиттен кызганып тартуучу топ менен суйуктуусун коштоп жургон дейт.Кадир экинчи сезону тартылбай эле койсо жакшы болмок деген интервью бериптир, биз бул жакта Кемаль менен Ниханды бириктире албай журсок кыйналып. Экинчи сезондо Нихан кандай аткарат болду экен кызык баары бир куйоосу бар аял башкача болуп калат да.
0
Tiguuchu
2016-07-05 16:49:13
Негизи турктор кинону жакшы тартат экен,мисалы жаман адамдын жакшы жактарын да ,жакшынын жаман жактарын да корсотот.Кинолорун коруп каармандарды же жек коро албайсын,же жакшы коро албайсын,бирде аясан,бирде жинденеси.Кыскасы адамды аябай ойлондуруп,переживать этип,анализ чыгарууга жакшы талкуу уюштуруп беришет эккен.А корейлердики жакшыны слишком жакшы,эзилме,шолбур,жаманды ото жаман,каардуу кылып коюшат .
+2
mairamkan2011
2016-07-06 16:32:25
Гр. Телеканалында кордум черная любовь деген болду эле.


0
adiletkina
2016-07-07 01:40:21
кайдан кордунор...перевод менен чыкты беле
0
Abdyrawit
2016-07-07 22:17:38
Кара сүйүү болбойбу кыргызчасы?
0
ELIMA91
2016-07-07 23:47:23
Мен Турцияга келип кордум бул сериалды, аябай жакты Нихандын ыйлаганды аябай берилу мн аткарган, тим эле ыйласа кошо ыйлап кордум го!
0
mariyam89
2016-07-08 00:18:23
Оа баары соонун аткарышкан Нихан менин кожейкеме айабай окшош. Бул жакта сериалдар бир жумада бир болуму корсотулот ошонун ортосунда тарта коюп эле элдин жорумдарына коро озгортушуп эле тарта беришет экен
0
Saikal.01
2016-07-09 13:46:34
Süper bu dizi.
0
NURDANCHIK
2016-07-09 15:31:25
Бурак Өзчивит ЖАГАТ ДА
0
DGS_87
2016-07-15 11:40:31
Бул сериал Таластагы Next tv каналында коюлуп жатат, Бишкекте болсо санарип аркылуу корсо болот.
0
№ 713, 1-июль-7-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан