Спорт жылдызы
«Ванкувер» Олимпиадасында эркектер арасында муз үстүндө бийлөө боюнча жеңишке Евгений Плющенко башкы талапкер болчу. Бирок катардагы жыгач устанын баласы Евгений 2-жолу Олимпиада чемпиону боло албады. Спортчунун өзү буга “калыстар калыстыгынан жазышты” деп билдирди. Биз бүгүн Плющенко жана анын тегерегинде кеп кылмакчыбыз.
ЕВГЕНИЙ ПЛЮЩЕНКО
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
МУЗ ҮСТҮНДӨ БИЙЛӨӨ ҮЧҮН ТӨРӨЛГӨН
Көпчүлүк спортчулардай эле Евгенийдин муз үстүндө бийлеши жана спорттун бул түрү анын жашоосунун ажырагыс бир бөлүгүнө айланышы балалыгынан эле башталган. Атагы алыска кеткен спортчу карапайым жыгач устанын үй-бүлөсүндө өсүп чоңойгон. Ал биринчи жолу бутуна конькини 4 жашында байлаган. Анын муз үстүндө бийлөөгө болгон кызыгуусун апасы Татьяна ойготкон. Евгений 11 жашка чыкканда алар жашаган Волгоград шаарында муз аянтчасы жабылып калат. Натыйжада улуу максаттарды көздөгөн Евгений үй-бүлөсүн таштап, жалгыз Санкт-Петербургга көчүүгө аргасыз болот. Уулунун келечеги үчүн Плющенколордун үй-бүлөсү экиге бөлүнүп жашап турууга аргасыз болушкан. Женя апасы менен Санкт-Петербургда батирде, атасы Виктор менен карындашы Елена Волгоградда калышкан. Мына ушундай тоскоолдуктар жана тынымсыз машыгуулардын акыбети кайтпай койгон эмес.
РУДКОВСКАЯ ЖАН ШЕРИГИ ГАНА ЭМЕС...
Учурда Евгенийдин продюсер Яна Рудковская менен кол кармашып, бактылуумун деп жашап келаткандыгы белгилүү. Бул Евгенийдин экинчи никеси. Мындан 5 жыл мурда Мария деген сулууга үйлөнүп, балалуу болгон. Бирок 2008-жылы экөө ажырашып кетишкен. Экөөнүн ортосунда Егор аттуу уулу бар. Ал эми Рудковская менен таанышып калышына “Евровидение-2008” ыр сынагы себепчи болгон. Плющенко учурдагы жан шериги тууралуу мактоолорду айтуудан тажабайт. Жана буга негиз бар. Анткени «Турин-2006» Олимпиадасынан кийин спорттон кеткен Плющенконун чоң спортко кайтуусуна Яна себепчи. Муну менен тим болбостон, Яна Евгенийдин «Ванкувер-2010го» даярдануусуна шарт түзүп берген (белгилүү бир компания менен жарнамалык келишим түзүп, каражат маселесин да чечип берген). Болгону, бул жолу Биландан айырмаланып Плющенко Янага 1-орунду алып бере албады.
СПОРТКО ЧЕМПИОН БОЛУУ ҮЧҮН КАЙТКАН
Ванкуверде Евгенийдин алтын медалдан куру калгандыгын бүт дүйнө көрдү. Көпчүлүк күйөрмандар тарабынан мелдеш Америкада өтүп жаткандыктан, “калыстар америкалык спортчуга жан тартып коюшту” деген кептерди айтышууда. Калыстардын чечимине нааразы болгон Евгенийдин өзү башкы атаандашы Эван Лайсачектин чыгуусун «бул муз үстүндө бийлөө эмес, жөн гана бий, анын жеңиши татыктуу эмес» деп баалады. Ал ошондой эле «Орусиянын муз үстүндө бийлөө боюнча федерациясынын жетекчилиги өз спортчуларынын таламын талаша албайт, алар отставкага кетсин» деп чыкты. ЭОКтун төрагасы Жак Рогге Плющенкону спортчуга жарашпаган жүрүм-туруму үчүн сындап чыкты. Евгений өзүнө күмүш медаль тагышканда аны чечүүгө шашып, ардак айлампасына катышуудан баш тарткан. Кандай болгон күндө да эрдик жасап, көп убакыт тыныгуудан кийин спортко кайткан Евгенийге максатына жетпей калгандыгы оор тийгендиги байкалууда.
Жергиликтүү кабарлардан
Эрежесиз эр уруш
АРСЛАН НАМЫСКА ЖАРАДЫ
22-февралда кыргызстандык спортчуларыбыз Казакстандан ийгилик менен кайтып келишти. Эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык мелдешке Эмиль Токтогонов негизги курамдын эмес, алардын орун басарлары Арслан Тыныбеков, Жолдошбай уулу Абдырашит жана Азамат Итигуловду алып барган. Алардын ичинен Арслан 63 килограмм салмакта чемпиондукту жеңип алган. Муну менен ал чемпион аталган жалгыз чет элдик спортчуга айланды. Калган салмактарда казактар жеңишти эч кимге беришкен эмес.
Футбол
АБА ЫРАЙЫ ТОСКООЛ БОЛДУБУ?
Өткөн санда курама командабыздын АФКнын Чакырык кубогунда Индияны жеңип, ийгиликтүү старт алганын кабарлаганбыз. Тилекке каршы, өз тобунда калган 2 оюнда футболчуларыбыз жеңилүүгө аргасыз болушуп (Түндүк Кореяга 0:4 жана Түркмөнстанга 0:1 эсебинде), мелдештен учуп кетишти. Оюндан кийин маалымат жыйынында башкы машыктыруучубуз Анарбек Ормонбеков: “Майданда атаандашка гана эмес, ысык аба ырайына да каршы күрөшүүбүзгө туура келди”,- деп айтты.
Эл аралык кабарлардан
Ванкувер-2010
ТРЕЛЕВСКИЙ 76-ОРУНДА
23-февралда Ванкуверде өтүп жаткан Олимпиадада лыжачыбыз Дмитрий Трелевский слалом боюнча мелдештерге катышты. Мекендешибиздин 2-аракети ийгиликтүү болуп, 76-орунду ээлеген. Ал эми алтын медалга швейцариялык Карло Янка ээ болгон. Кошумчалай кетсек, бул мекендешибиздин акыркы чыгуусу эмес. Аны эми 27-февралда ири слалом боюнча таймаштар күтүп турат.
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg
Сүрөттөр интернет булактарынан алынды.