ЫСЫК-КӨЛДӨ ЫКЧАМ ИНТЕРНЕТ

MegaCom 4G LTE жаңы технологиясы эми Ысык-Көлгө жетти. Сиз же жакындарыңыз жайкы эс алууну кыргыз берметинде өткөрүүнү пландап жатса, MegaCom 4G түйүнүнө сөзсүз кошулуңуздар. Жүктөө ылдамдыгы секундасына 75 Мбитке чейин жеткен, ылдам интернетти пайдаланып, баарынан ыкчам, алдыда болуңуз. Бул кызматтын артыкчылыктары жана пайдалуулугу тууралуу төмөнкү макаладан тааныша аласыз.

MEGACOM 4G ЫСЫК-КӨЛГӨ ЖЕТТИ

МegaCom уюлдук оператору кардарлары үчүн ар дайым ыңгайлуу жана жеткиликтүү шарттарды түзүп келет. Аптаптуу жайды утурлай 4G LTE түйүнү Ысык-Көлгө жетти. Эми сиздин Ысык-Көлдөгү эс алууңуз өзүңүз ойлогондон да жогорку деңгээлде өтөт деп ишене бериңиз жана да MegaCom 4G LTE түйүнүнө кошулуп, сиз күтпөгөндөй ылдамдыкты сезиңиз. Аны пайдалануу менен эс алуудагы унутулгус көз ирмемдерди, кооз сүрөттөрүңүздү социалдык тармактарга жүктөп, көңүлдүү билдирүүлөрүңүздү көз ачып-жумганча досторуңуз менен бөлүшө аласыз. Көл жээгиндеги кечелер үчүн табитиңизге төп келген, бүйүр кызыткан музыкаларды жүктөп, бейпил кечте сүйгөн тасмаларыңызды, сериалдарыңызды, кызыктуу видеороликтериңизди көрө аласыз. Урматтуу достор, ушулар эле деп турасызбы? Бул башталышы гана. Мындан тышкары, мезгилден артта калбай, дүйнө жүзүндө болуп жаткан түрдүү окуялардан кабардар болуп, маалыматтык сайттарды окуганга да мүмкүнчүлүк бар. Мындай чексиз мүмкүнчүлүктү сизге MegaCom 4G LTE түйүнү гана тартуулайт. Бул шартты колдон чыгарбай, MegaCom 4G колдонуп, Ысык-Көлдөгү эс алууңузду кайталангыс кылып өткөрүңүз.

MEGACOM 4G`НЫ КОЛДОН ДА, ЧЫНЫГЫ ЫЛДАМДЫККА ЭЭ БОЛ!

Биз жогоруда сөз кылган MegaCom төртүнчү муундагы 4G LTE технологиясы Ысык-Көл аймагынын көпчүлүк шаарларында ишке киргизилди. Бул жогорку ылдамдыктагы технология көл калаасындагы ири жана популярдуу курорттор, пансионаттар жана эс алуу борборлору орун алган Чолпон-Ата шаарынын, Бостери, Чоң-Сары-Ой, Булан-Сөгөттү, Бактуу-Долоноту, Кара-Ой, Чок-Тал жана Бает айылдарынын отуз миңден ашуун жашоочусун камтыды. Ага катар эле кыргыз берметинин жээгинде эс алууну каалаган миңдеген коноктор дагы MegaCom’дун жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетинен колдоно алышат. MegaCom 4G`ны колдон, чыныгы ылдамдыкка ээ бол. Түйүндү активдештирүү акысыз жана 4G түйүнүнө которулуу аракеттеги тарифтөө шарттарын өзгөртпөйт.

4G LTE`НИ КОШУУНУН ЭҢ ЖӨНӨКӨЙ КАДАМДАРЫ

  • MegaCom’дун 4G LTE жогорку ылдамдыктагы технологиясын кошордун алдында сиздин уюлдук телефонуңуз жана SIM-картаңыз LTE’ни колдоорун алдын ала текшерип алыңыз.
  • Ал үчүн *460 номуруна чалыңыз, же 460 номуруна каалагандай SMS жибериңиз.
  • Эгерде *460 номурун тергениңизден кийин системден "SIM-картаңызды алмаштырыңыз" деген жооп келсе, Ысык-Көл аймагындагы сиз жүргөн жерге жакын жайгашкан MegaCom’дун сатуу жана тейлөө фирмалык салонуна кайрылыңыз. Ал жерден сиздин эски SIM-картаңызды 4G LTE форматындагы жаңысына акысыз алмаштырып беришет.

MEGACOM 4G ТҮЙҮНҮ КӨПЧҮЛҮК СМАРТФОНДОРДО КАРМАЙТ

Эске сала кетсек, компания сунуштап жаткан 4G LTE Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларында, аны менен катар Чүй облусунун Новопокровка айылында жеткиликтүү болуп, кардарларыбыз ыкчам интернетти колдонуп келишет. Эми бул мүмкүнчүлүктү Ысык-Көл облусунун тургундары жана коноктору да пайдалана алат. Кошумчалай кетчү жагдай, MegaCom 4G түйүнү Ош жана Жалал-Абад облустарына биринчи жеткирилген. MegaCom 4G байланышынын башка операторлордон айырмачылыгы дароо эле байкалат. Мисалы, MegaCom 4G түйүнү 3 диапазондо иштейт. Тактап айтканда көпчүлүк смартфондордо кармайт.
Биздин диапазондор: FFD Band 1 (2100 МГц), FFD Band 3(1800 МГц) жана FFD Band 20 (800 МГц).

  • Кошумча маалыматтар, көп берилүүчү суроолорго жооптор жана интерактивдүү карта 4g.megacom.kg сайтында.
  • MegaCom’дон 4G LTE – бул Ысык-Көлдөгү эстен кеткис жайкы эс алуу!

Султан Төрөбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Genar.benicio
2016-07-10 11:51:07
Реклама жакшы болуптур! Мегаком бирок кымбат да...
0
№ 713, 1-июль-7-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан