Наташа Королеванын жолдошу Сергей Глушко (Тарзан) Наташага үйлөнгөнгө чейин стриптиз менен алектенип келген. Наташага баш кошкондон кийин деле ал кесибин таштаган эмес. Жакында бир шоуда Тарзан сахнага чыгып, стриптиз көрсөтө баштаган. Анын ар бир кыймылы көрүүчү кыздардын делебесин козгоп, дуулдаган кол чабуулар менен коштолуп турган. Сахнаны көздөй жулкунган кыздардан Тарзанды кызганып кеткен Наташа өзү сахнага чуркап чыккан. Түгөйлөр биригип алышып чыныгы стриптиз-шоу көрсөтүшкөн. Алардын ар кандай эротикалык ыкмаларды көрсөткөндүгү көрүүчүлөрдүн оозун ачырган. Шоу бүткөндөн кийин ырчы:«Сергей экөөбүздүн жакынкы пландарыбызда балалуу болуу бар. Ал эми жакында сүйүшкөндөрдүн күнүнө карата биз Израилге кетебиз. Ал жакка Сергей гастролдоо үчүн баратса, мен эс алып келүү үчүн барам» деген маалыматты берген.
СОФИ ЛОРЕН ЖОЛДОШУНАН АЙРЫЛДЫУчурда 73 жаштагы белгилүү киножылдыз Софи Лорендин жолдошу Карло Понти 94 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал акыркы мезгилде ооруканада өпкөсүнөн дарыланып жаткан. Понти Италияда кинорежиссёр катары бир топ кадыр-баркка ээ. Ал өзүнүн өмүрүндө 150 тасмага продюсерлик кылган. Софи Лорендин кино жылдызы болуп таанылуусуна да жолдошунун чоң таасири тийген. 1949-жылы Понтинин көзү София Шиколене деген модель кызга түшөт. Ошондон кийин София популярдуу киножылдызы болуп чыга келет.
1957-жылы экөө баш кошушат. Бирок, Понтинин биринчи никеси католик чиркөөсү боюнча бузулбагандыктан, актриса экөөнүн никеси расмий деп саналган эмес. 1966-жылы гана экөө расмий түрдө никелешет. Экөө эки балалуу болушкан.
АЛЕКСАНДРДЫН АЯЛЫ КЕТИП КАЛДЫ
Белгилүү артист Александр Цекалонун граждандык никедеги жубайы Яна Самойлова андан кетип калды. Экөөнүн никесинин бузулганына кызганыч себепкер болгон. Яна жолдошу менен расмий никеге турууну көптөн бери күтүп келген. Бирок, жолдошу тарабынан мындай сунуш болбой келгени Янаны капаланткан. Мындан тышкары, элден кээде Александрдын жеңил ойлуу аялдар менен көңүл ачып жүргөндүгү тууралуу угуп келсе да, Яна жолдошунун мындай кадамдарына көз жумуп келген. Акыркы учурда Яна жолдошун анын экс-жубайы Лолита Милявскаядан кызгана баштаган. Буга анын “Две звезды” теле-шоунун съемкасында түнү бою убактысын Лолита менен өткөргөндүгү да кошумча болгон. Ушундай себептерден улам Яна Александрдан биротоло кетүүнү чечкен.
ЖАСТИН МЕНЕН КЭМЕРОН МАМИЛЕЛЕРИНЕ ЧЕКИТ КОЮШТУ
Жастин Тимберлейк менен Кэмерон Диас көптөн бери көңүлдөш болуп келгендери белгилүү. Жакында эки жылдыз мамилелерин үзүшкөндүгү тууралуу тастыктап:«Ортобузда эч кандай келишпестик болгон жок. Биз жөн гана бөлүнүүнү чечтик. Ошентсе да, бири-бирибизди сүйө беребиз” деп билдиришти. Рождество майрамын Жастин менен Кэмерон эки башка тосушту. Дүйнөлүк турнедеги биринчи концертинде да Жастин муңдуу ыр ырдап чыкты. Ырчынын күйөрмандары Кэмерон менен ажырашуусунан улам муңдуу ыр ырдап жатат деп божомолдошту.
ДАРЫКАНА МАЙКЛДЫ СОТКО БЕРДИ
Америкадагы “Беверли Хилз” деген дарыкана ырчы Майкл Жексонду сотко берди. Анткени, ырчынын дарыканадан алган дарыларынын суммасы 100 миң долларга жетип калган. Дарыкананын өкүлдөрү 10-январь күнү Лос-Анжелестин жогорку сотуна арыз менен кайрылышкан. Алардын айтымына караганда, дарыкана менен ырчынын ортосунда карызга дары алуу келишими кагаз түрүндө эмес оозеки түрүндө түзүлгөн. Анткени, дарыкана ырчы карыздарынан убагында кутула алат деп ишенген. Бирок, андай болбой Майкл карызын төлөбөй келген. Майкл болсо өзүнө карата козголгон сот иши тууралуу комментарий берүүдөн баш тартууда.