Жаркын Балыкбаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "ЖЕТИМ БАЛАГА ТИЕМ ДЕГЕН ТИЛЕГИМ ОРУНДАЛДЫ"

Актриса Жаркын Балыкбаевадан үчүнчү ирет интервью алышым. Биринчисинде Токон Эшпаевдин "Ай, эжеке" аттуу ырынын каарманы катары алгам. Анда эже жаштыгын, ырчынын ага ашык болгонун агынан жарыла айтып берген. Экинчи ирет жолдошу Эрмек Мойдунов каза болгондо маектешкенбиз. Бул жолку баарлашуубуз өзү тууралуу болду. "Жаш кезде мени көргөндө сендей жигиттер оңго, солго жыгылчу",- деп тамашалаган актриса көп нерсени айтып берди.

"ПРОКУРОР БОЛОМ ДЕЧҮМҮН"
­­­
- Киндик каным тамып, боортоктоп бой көтөргөн жерим Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жыламыш айылы. Ошол айылдын чаңы чыккан көчөлөрүндө таттуу балалыгым калды. Чыбыкты ат кылып минип, көчөнүн бул башынан тиги башына чаң ызгытып чуркачумун. Айылдагы бир эже "ай, өлүгүңдү көрөйүн, чоң эле кыз таякты минип чуркаганы эмнеси, токтот оюнуңду!" дегенде ал адатымды араң калтыргам. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кенжеси болгондуктан аябай эрке өстүм. Апам жарыктык кабыргасы кайышат деп эки чака суу көтөртпөдү. Үйдөгүлөр "иш кылбайсың" десе, "мен жетим балага турмушка чыгам. От жакпаган үйдө жашайм. Аялдардын түйшүгү көп, кыздуу болгум келбейт. Эки эле балалуу болом" дечүмүн. Кудай оозума сала бергендей жетимге турмушка чыгып, эки балалуу болдум. Мектепти аяктагандан кийин Томск шаарындагы Политехникалык университетке окууга тапшырдым. Бирок ал жакта окуу буюрбаптыр. Катуу ооруп мекениме кайтууга аргасыз болдум. Оорумдан сакайганча Кыргызстандагы окуу жайларда кабыл алуу бүтүп калды. Агам "үйдө жүрсөң бирөө ала качып кетет" деп Токмоктогу Маданий агартуу окуу жайына киргизип койду.
Актриса болуу үч уктасам түшүмө кирген эмес. Мен прокурор, милиция кызматкери болом дечүмүн. Чынын айтсам, спектакль көргөндү жаман көрчүмүн. Жадакалса ошол кездин залкарлары Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева өңдүү эл артисттерин да таанычу эмесмин. Биринчи курсту аяктагандан кийин мени "Салиманын ыры" деген киного башкы каармандын ролуна тандашты. Тасма тартылып баштаганда практикада болгондугума байланыштуу мени таппай, ордума Таттыбүбүнү (ред. Турсунбаева) тартып жатышыптыр. Анан мен Салиманын курбусу болуп тартылдым. Тасма жарыкка чыккандан кийин мени экзаменсиз эле Ташкенттеги театралдык окуу жайга кабыл алышты. Ошентип ал жакта 5 жыл окуп келдим.

"ТАТТЫБҮБҮ ЭКӨӨБҮЗГӨ ЖИГИТТЕР КӨП КЕЛЧҮ"

‑ Таттыбүбү экөөбүз Ташкентте бирге окуп, жакын курбу болуп кеттик. Бизге жигиттер көп келишчү эле. Кээде жашынып чыкпай койчубуз. Бир жолу Таттыбүбүнүн чаектик агалары келип, экөөбүздү ресторанга алып барышты. Мен капустага окшош бир нерсени сугунуп алып, демим кысылып калды. Аябай ачуу экен. Эмне кыларымды билбей Таттыбүбүнү карасам бетинин баары кызыл. Же күлөрүмдү, же ыйлаарымды билбейм. Сыртка чыгып сурасам "маданияттуу болуп вилка менен кесип жейин десем бетиме суюгу чачырап кетти" дейт. Бири-бирибизди карап алып аябай күлдүк. Ал учурда каяктагы маданияттуу тамак жеш. Өзүбүз жаңы эле колхоздон келсек.
Окууну бүтүп келгенден кийин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрына жумушка албай коюшту. Түз эле маданият министрине кирип барып, "эмнеге жумушка албайсыңар?" дедим, ал "Нарынга барасың" дейт. "Мен Нарында иштейм деп 5 жыл окуган жокмун. Андан көрө лампа чыгарган заводго иштегеним жакшы" деп көгөрүп туруп алдым. Экөөбүз айтышып турсак Кыргыз драма театрынын башкы режиссёру Жалил Абдыкадыров келип, "арызыңды жаз, сени мен жумушка алам" деди. Аталган театрда 20 жылдан ашуун иштедим. Кийин "Туңгуч" театры ачылып, ошол жактан пенсияга чыктым. Азыр Кыргыз драма театрынын алдындагы студияда мугалиммин.

"ЖОЛДОШУМА 5 ЖЫЛ КҮЙГӨН КАРТОШКА БЕРДИМ"

‑ Токмоктогу театралдык окуу жайдан чыгармачылыгыма да, жеке жашоомо да даңгыр жол ачылды. Ал жерден жолдошум Эрмек Мойдунов менен тааныштым. Окуумду бүтүп келгенден кийин баш коштук. Жаңы турмуш курган жылдары тамак жасаганды билчү эмесмин. Эрмек интервьюларынын биринде "5 жыл күйгөн картошка жедим" дептир. Чын эле картошканы кууруп, сууга бышыргандан башка колумдан келчү эмес. Кандай тамак жасасам да Эрмек "рахмат, Женя" деп жеп алчу. Биз бири-бирибизди сыйлап жашадык. Ал жакпаган нерсесин балп эттирип эле айтып салчу. Өлөр алдында бильярд ойноп жатып жанындагы балага "сени катыныңдан башка киши тааныбайт, мен өлсөм кыргыз эли көмөт" деп кулап түшүп жан бериптир.

"ИЧИМДЕ ӨЗҮМ КЫЯЛДАНГАН РОЛЬ ЖАТАТ"

‑ Тасмаларда эпизоддук роль болсо да тартылып жатам. Эрнест Абдыжапаровдун "Айыл өкмөтү", "Боз салкын" фильмдеринде, Жеңишгүл Өзүбекованын "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты" сериалдарында, Темир Бирназаровдун "Белгисиз маршрутунда", Сүйүн Откеевдин тасмаларына тартылдым. Мени эгемендик алгандан кийин тасма талаасына алып келген Жеңишгүл Өзүбекова, Мурат Мамбетовго ыраазымын. Ичимде өзүм кыялданган роль жатат. Кудай өмүр берсе аны да чыгарармын. Өзгөчө катаал мүнөздөгү, терс каармандын ролун жаратсам дейм. Мага театрда ойногонго караганда киного тартылган жагат. "Камера, свет, башталды" деген сөздөрдү укканда башка дүйнөгө кирип кеткендей болом.

"Таттыбүбү Турсунбаева экөөбүз жакын курбу болчубуз. Ал аябай ак көңүл, таза жан эле".


"Эрмегим түшүмө дайыма кирет. Балдарыңа жөлөк бол деп көп айтат".


"Белгисиз маршрут" тасмасында автобус жарда асылган жеринде Асылбек Өзүбеков "автобус кулаганы турат, Балыкбаева аман калса экен" деп коркуткан".


Актрисаны "Айыл өкмөтү" тасмасында келинин милиция кызматкерине жазалаткан кайнене катары тааныйбыз.

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Актриса болом деп такыр ойлогон эмесмин” дейт Жаркын Балыкбаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
jurogumdosun
2016-07-04 10:36:29
Сыймыктанам эже менен
+3
Beise
2016-07-04 10:37:22
Чон ракмат эжеге, сиздерге супер инфонун кызматкерлери жакшы маек болуптур.Мурдагы маеги кайсы санда жазып коесуздарбы ракмат!!!
+4
kofesmolokom
2016-07-04 11:31:10
Эжекебизге чыгармачылык ийгилик каалаймын! Дагы көптөгөн рольдорду жаратып, күйөрмандарыңызды сүйүнтүп келиңиз!
+3
munduz2016
2016-07-04 12:03:31
Коп жашаныз эже.
+4
elli_88
2016-07-04 12:23:18
ушул апа аябай жагат озуно тартып турат кишини жагымдуу. Таттыбубу эжебиз супсулуу экен соз жок.
+5
Beise
2016-07-04 15:10:52
Урматтуу супер инфонун кызматкерлери менин ото суранычым Гулзат Батырканованын атасынан интервью аласыздарбы мумкун болсо, себеби жаш болсо да ушунчалык элге эмгеги синген инсандын атасы да. Коп нерсе унутулат Гулзатты такыр унута албайм куйорманы элем.Ракмат!!!
+2
admin_superstan
2016-07-04 15:49:37
Beise, саламатсызбы? Сунушуӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
belka
2016-07-04 17:07:16
Бактылуу байбиче болунуз,балдарыныздын сый урматына болонуп жашаныз!
+1
Akzholtoi
2016-07-05 17:24:11
Жаштыгыныздагы прическаныз эч эле озгорбоптур
-1
Akzholtoi
2016-07-05 17:26:50
Т.Турсунбаеванын сулуулугуна соз жок. Керемет жан
+2
010288
2016-07-05 21:39:44
карт бойдоктогу тотошунон,тотошунон деген актриса экен да э))))))))
0
Anarik87
2016-07-06 15:33:26
Мага жаккан актриса эже,озунуз айткандай кыялыныздагы мыкты ролду жарата берин биз кутобуз
+1
anara89
2016-07-06 17:46:34
Супер!!!
+1
SANCHO-MACHO
2016-07-06 23:55:26
аябай жагат ушул актриса эжекебиз,ролдору да озуно жарашат го
+1
Siabekovna
2016-07-08 03:28:50
Аман болунуз ден соолугунуз бекем болуп кооп кинолордун коркун ачып журо бериниз
0
Siabekovna
2016-07-08 03:30:27
Омурунуз узун болуп, ден соолугунуз чын болуп кооп кинонун коркун ачып журо бериниз
0
№ 713, 1-июль-7-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан