15-апрелде Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Көк-Жар айылына жакын жолдо автокырсык катталган. Анда КамАЗ Хонда Фит үлгүсүндөгү жеңил автоунааны басып калган. Кагаздай бырышып калган жеңил унаанын ичинде айдоочудан сырткары 5 киши болгон. Окуядан улам бейкүнөө жерден мерт болгон 2 маркумдун бири Адилет Ырысбай уулунун туугандары күйүтү менен редакциябызга кайрылышты."УНААНЫ КАМАЗ БАСЫП КАЛЫПТЫР"
Адилет Ырысбай уулунун апасы Шайлообүбү Кенжекараева уулунун өлүмүнө кимди күнөөлөөрүн билбей жатканын айтат:
– Уулум Адилет 24 жашта болчу. Келиним экөөнүн чогуу жашаганына 1 эле жыл болгондо минтип кырсыктап кайтыш болуп калды. Биз Нарын облусунун Ат-Башы районунда турабыз. Балам келинчеги менен Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында жашачу.
Беш-Күнгөйгө каттоочу маршруттук таксилер эрте токтоп калгандыктан, жашоочулары Бишкектин четинен ары карай таксиге түшүп кетишет. Аялдамада турган балама бир унаа келип токтоп, "Биз да Беш-Күнгөйгө барабыз, ала кетели" дептир. Айдоочусу кыз киши экен. Артында айдоочунун курбусу жана дагы бир жигит менен кыз отуруптур. Менин балам алдыңкы орундукка отуруп, аялдамадан айылдаш таанышын көрүп, "кеч каласың, биз менен жетип ал" деп аны да салып алышат. Ошол маалда Шабдан баатыр көчөсүнүн өйдө жагында оңдоо иштери жүрүп жаткан. Беш-Күнгөй тараптан келе жаткан КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу жолго коюлган бетонду сүзүп, токтоно албай калыптыр. Андан буйтайм деп каршысында келе жаткан жеңил унаа жол чекесине чыгып кетет. Артынан КамАЗ дагы келип кулап, аны басып калыптыр. Алдыңкы эки орундукта келе жатышкан менин уулум менен айдоочу кыз мерт болду. Байкуштар эзилип эле калса керек. Куткаруучулар келип, КамАЗды тургузабыз деп кран менен көтөртүшүп, анысы КамАЗды көтөрө албай кайра түшүп кетип жатып унааны былчыйтып салыптыр. Артындагы аман калгандарды чыгарыш үчүн унааны бырчалап, кескилеп жатып араң сууруп алышыптыр.
Ошол маалда келиним кош бойлуу болчу. Кырсык тууралуу угуп, боюнан козголуп кыйналды. 2 жума мурун кыз төрөдү. Уулум кызын көрбөй кете берди.
"СИҢДИМДИН АРТЫНДА ТУЯК КАЛГАН ЖОК"
Жеңил унаанын айдоочусу Чынара Уразбекова 40 жашта, турмуш кура элек. Улуттук гвардиянын кызматкери болгон. "Жакын арада пенсияга чыкмак",- деп көзүнө жаш алган бир тууган эжеси Гүлнара Уразбекова буларды айтты:
– Сиңдим Чынара өмүрү өткөнчө өкмөткө кызмат кылып жүрүп кетти. Анын артында туяк калбаганы сыздатат. Ушул убакка чейин иш менен алышып жүрүп жеке жашоосун 2-орунга коюп коюптур. 20га жакын медаль менен сыйланган, былтыр президент Алмазбек Атамбаевден кол саат белекке алган. Ошолорду деле бир мактанып, "мен момундай иш кылып жатам" дебептир.
Окуянын эртеси таңкы саат 6да мага телефон чалып, сиңдимдин кырсыктаганын угузушту. Түз эле өлүкканага бардык. Ошол маалда каза тапкан берки жаш баланын да туугандары барып калышыптыр. Эксперттердин айтымында, килейген КамАЗдын прицеби жеңил унаанын алдыңкы бөлүгүн басып калганда Чынара ошол эле жерден мерт болуптур. Берки жигит 2 сааттай кыйналып жатып каза болгон дешти. Мен өзүмдү жоготуп коёюн дедим. Шордуулар, кантип гана өлүм менен кармашып жатышты экен ошол маалда.
"ПРИЦЕП УЛООГО УРУКСАТЫ ЖОК ЭКЕН"
– Болору болду, бир тууганыбызды жерге жашырдык, кыркылыгы да өттү. Эми бизге туш тараптан чалып, "жолду куруп жаткан курулуш компаниясын сотко берели" дегендер болуп жатат. Жол салуу иштери башталгандан бери менин сиңдим катышкан кырсык жетинчиси экен. Ага чейин жолдо тиешелүү белгилер коюлбай, жарык берүү иштери жасалбагандыктан 6 кырсык болуптур. Ал эми КамАЗдын айдоочусу болсо учурда камакта. Тергөөчү "Кырсыкка себепчи айдоочу жогорку ылдамдыкта келе жаткан. Жолго коюлган цемент бетондорду көргөнгө чейин эле сигнал басып, жолунан чыккан унааларды качырып келген экен. Анын үстүнө айдоочулук күбөлүгүнө прицеп улоого уруксат берген "Е" категориясы басылбаптыр. Эксперттер тормозу да кармабай калган деп жатышат",- деди. Бул ишти тергеген Бакыт деген тергөөчүнүн айтымында, жол куруучу компания бардык жакка төлөчүсүн төлөп койгон өңдүү. Жол куруучу компаниянын берген документтерин көрсөң, бир да кынтык табууга мүмкүн эмес. Жарык берилген, жол белгилер коюлган сүрөт, видеонун баарын алып келип тергөөчүгө өткөрүп бериптир. Алар кырсыкка чейин коюлганбы же кырсыктан кийин эле коё калышканбы, суроо боюнча турат. А негизи кырсык болгон күнү эч кандай жарык берүү жок экендигин ошол жерде канчалаган күбөлөр айтып жатты.
"КОЛУҢАРДАН ЭЧ НЕРСЕ КЕЛБЕЙТ ДЕДИ"
12-апрелден 13үнө караган түнү ушул эле жолдон кырсыкка учурап, жаракат алган Бишкек шаарынын тургуну Айдана Жунушова дагы жол куруу эрежелери сакталбай кырсыктаганын айтат:
– Инимди унаама салып алып кетип бара жаткам. Караңгы, жолдо эч нерсе көрүнбөйт болчу. Жолдун бүткөн тарабына унаалар чыгып кетпесин деп бетондорду коюп коюшкан экен. Айланасы капкараңгы, белгилери жок. Мен магистралга бурулайын деп бара жатып ошол бетонду сүзүп ала жаздадым. Андан качам деп рулду бура калсам, каршымда дагы бир унаа келе жатыптыр. Унаа менен сүзүшүп калбайын деп буруп, жолдун чекесине чыгып кеттим. Натыйжада иним экөөбүз тең жаракат алдык, менин белим ооруп, кыр аркаларымдын ортосунда ажырым пайда болду. Жок жерден эле грыжа алдым. Иним экөөбүз дарыланып чыкканча агаларым тиешелүү жактарга арыз жазып чуркап жүрүшкөн. Андан бери 2 ай өттү. Биздин арызыбызды карап да коюшкан жок. Тергөөчүлөр милдеттерин аткарышпайт, ал тургай медициналык экспертизанын жыйынтыгын да ала элек экен. Мен экспертке барып, "Жыйынтыкты мага берсеңиз болобу? Тергөөчүгө алып барып берейин" десем, ал "мыйзамсыз" деди. Ошондо биз журналисттерге кайрылып, жол куруучу компаниянын жетекчилигин издедик. Кызматкерлер көрүнгөн даректи айтышып, жетекчилигине жолуктурбай коюшту. Менин байкелерим бир кызматкеринин сүйлөп жатканын жашыруун камерага тартып алышыптыр. Анда ЖЧК "Мост-Групп" жол куруу компаниясынын кызматкери "Колуңардан эч нерсе келбейт го. Жетекчибиз абдан таасири күчтүү адам. Ага каршы чыккан менен, акыйкаттык таппайсыңар. Эмдигиче берчү жерине берип, ооздорун жаап койсо керек" дептир. Ошондон бери тергөөчүлөр бизди ары-бери топтой тепкилеп коюп жүрүшөт. Шарт боюнча курулуш жүрүп жаткандыгы тууралуу белгилер 30-50 метр мурун коюлуп, айланасына жарык берилиши керек экен. Биз бетондун түбүнө коюлуп, чалкасынан жерде жаткан 1 гана белгини көрдүк. Кырсык болгондон кийин ар кай жакка жыгач түркүк сайып, чубалгы тартып, ага кадимки бөлмөгө таккан лампочкадан 4-5ти илип коюшуптур. Анысын да эртеси эле ары-бери өткөндөр чыгарып уурдап кетишти.
"ЭМИ БАЛДАРЫМДЫ КАНТИП БАГАМ?"
Ар кимдин өз чындыгы бар эмеспи. 2 адамдын өлүмүнө күнөөлүү болуп, учурда камакта жаткан КамАЗдын айдоочусу Эрнис Камчыбек уулунун келинчеги Айзада Уланбек кызына байланыштык. Ал дагы өз арманын айтты.
– Кырсык болуп, адам өмүрү кыйылды, аны түшүнүп жатам. Бирок менин жолдошум атайын киши өлтүргөн жок да. Анын үстүнө кырсыкка жолдошумдун түздөн-түз тиешеси жок. Азыр мен 3 бала менен жалгыз калдым. 10 миң сом төлөп батирде турабыз. 2 айдан бери балдарым атасын сагынып ыйлап жатышат. Иштеп балдарымды багайын дейм, эмчектеги балам бар. Бир туугандарымдын жардамы менен жан сактап жатабыз. Жолдошум КамАЗды ижарага алып, жүк ташып иштечү. 15-апрель күнү Кой-Таш айылынан картошка жүктөп, Бишкектеги "Дыйкан" базарына жеткиргени баратыптыр. Тормозу кармабай калыптыр, айдоочулук тажрыйбасы жок, документи жок деп эле күнөөнүн баарын Эрниске коё беришиптир. Карапайым болсок эле ушинтип басмырлай берген туурабы? Эми аны 6 жылга камалат деп жатышат.
Биз аталган компаниянын жетекчилигин издеп кеңсесине бардык. "Мен башкы эсепчи болуп иштейм. Аты-жөнүм Надежда Васильевна. Бул иш боюнча тиешелүү органдар иштеп жатат. Керектүү материалдын баарын топтоп кетишкен. Учурда жетекчиликтин баары жок, өз алдыбызча комментарий бере албайбыз. Жетекчибиз 1 айдай жок болот" деген жообун узатты. Ал эми бул иш боюнча 4-июль күнү соттун алгачкы отуруму болот. Ушул эле компаниянын үстүнөн аталган жолдо 12-апрелде кырсыкка кабылган жарандар да арыз жазып жатканын кабарлашты.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg