Азыр технология өнүккөн заманда интернеттен каалаган адамыңды тапсаң болот. Айрыкча чыгармачыл адамдар күйөрмандары менен тыгыз байланышты түзүүнүн жакшы жолун табышкан. Атактуулардын ар бир социалдык тармакта өздүк баракчасы, миңдеген сүрөттөрү бар. Бирок алардын арасында бир да социалдык тармакта катталбаганы, катталып, бирок ордуна башка адамдар кирген белгилүүлөр да бар экен.
Бактияр Токторов: "КҮЙӨРМАНДАР АР КАЙСЫНЫ ЖАЗЫП ШАШТЫМДЫ АЛАБЫ ДЕП ЧОЧУЛАЙМ"
– Өзүм бир да социалдык тармакта катталган эмесмин. Интернет баш оорутма оокат. Биздин күйөрмандар көп, көп адам ар кайсыны жаза берип шаштымды алабы деп чочулайм. Социалдык тармактан атыңды билип турса деле "атыңыз ким?" деп сурай берген адамдар бар. Анан кечке интернетти чукулап отургандарга таң калам. Жөн эле убактыңды алат, андан көрө эки жакка басып, пайдалуу иш кылган жакшы. Мени телефонумдагы WhatsApp эле канча жүдөтөт, айрыкча СМС келген сайын үн чыга берет. Анан жооп бербей койсом таарынгандар чыгат. Негизи жазып, жооп берип отургандан зеригип кетем, андан көрө чалып түшүндүргөнүм оң.
Фарида Карбосова: "ИНТЕРНЕТ АРКЫЛУУ ӨЗҮМДҮ ПИАРЛАГЫМ КЕЛБЕЙТ"
– Негизи мен абдан эмоционалдуумун. Фотосессия кылып, сүрөткө түшүп илип койсоң сөзсүз бирөөсү келбетиңдеги кемчилигиңди айтып маанайды түшүрөт. Жакында эле жаңы клип тарткам, анда да мени "көзүн жасатыптыр, операция ийгиликтүү болуптур" деп сындагандар чыкты. Менин оозум бүтүп, эми көзүм калыптырбы. Ооба, идеалдуу эмесмин, бирок оозум чоң болобу, көзүм чоң болобу Кудайдын берген келбети ушундай, бир да жериме бычак тийгизген эмесмин. Кыларга иши жок бекерчилер оюна келгенин жаза беришет тура. Ушундан улам бир да социалдык тармакта өздүк баракчам жок. Сындагандар менен айтышып, кырылышып кетем. Мен өзүмдү интернет аркылуу пиарлагым келбейт, ырларым радиодон кетет, телевидениеден чыгат, ошол мага жетиштүү. Азыр карасаң баары эле дүкөнгө барып эмне кийим алганын, тамак жегенин, эс алып жүргөнүн, айтор, аки-чүкүнүн баарын тартып социалдык тармактарга жүктөй беришет. Адамда кичине өзү үчүн да жашоо калыш керек да. Баарын эле чыгара берсең өзүң үчүн эмес, интернет үчүн жашап калып жатпайсыңбы.
Клара Алибекова: "РЕАЛДУУ ЖАШОО ВИРТУАЛДЫК ДҮЙНӨДӨН КЫЗЫК"
– Мен популярдуу болуп турган учурда интернет жок болчу. Азыр сахналаш кесиптештеримдин көбү колдонушат, бирок өзүмдөгү интернетке болгон кызыгууну такыр ойгото албай койдум. Кээде гана super.kg порталына кирип видео көрүп, жаңылыктарды окуп коём. Менин оюмча виртуалдык дүйнөгө караганда реалдуу жашоо кызыктуураак. Социалдык тармактарда кайым айтышып, кийин жашоодо бет карашпай калган адамдарды билем. Ошон үчүн бир да социалдык тармакта жеке баракчам жок. Адамдар бири-бирине болгон таарынычты бетке эле айтыш керек. Билбейм, мен үчүн интернет кызыксыз дүйнө, интернетти мага караганда уулум жакшы түшүнөт.
Лунара Бекиева
star@super.kg