"ЖОЛДОШУМА ЭРЕГИШИП КӨҢҮЛДӨШ ТААП АЛСАМ ДЕЙМ"
– Мен сыртымдан карагандарга аябай бактылуу аялдай көрүнөм. Тааныштарым "сен бактылуусуң, жашооңор жакшы, жолдошуң чоң кызматтан түшпөй иштеп келет" дешет. Ооба, күйөөм Акаев, Бакиев, азыркы бийликтин тушунда да жакшы кызматтардан түшкөн жок. Акчаны жакшы табат. Эл суктангыдай эле заңгыраган үйүбүз, кымбат баалуу машиналардын түрү бар. Каалаганымды ичем, жейм, кийинем. Материалдык жактан жашообуз ойдогудай. Анан эмнеге нааразы болуп жатасың дебейсизби? Жан дүйнөмдүн жалгыздыгына, жардылыгына. Жолдошум баарын жөнгө салса да, менин көкүрөктөгү ушул көксөөмдү толтурган жок.
Экөөбүз студенттик кезде баш кошконбуз. Башында бири-бирибизге болгон мамилебиз ысык эле болчу. Мээримдүү, боорукер адамга туш болгонума кубанып жүрчүмүн. 2 балалуу болгондон тартып ал мээримин башка аялдарга да төгө баштады. Кызматтан жогорулаган сайын көңүлдөштөрүнүн саны арбып, улам жашыраагын тапканга көндү. Анын айынан канча ирет урушуп, ажыраштык. Төркүнүмө барсам же алар түшүнүшпөдү.
"Ой, баарын таап келип жаткандан кийин балдарыңды карап отура бер да. Сага дагы эмне керек?", "Кызматы бар, акчасы көп, бай күйөөнү кайдан табасың?", "Балдарың үчүн жаша..." Аларга акча, байлык болсо болду. Сенин эзилип, жанчылганың менен иштери жок. Далай ирет көз жашымды төктүм. Акыры балдарымды атасыз калтырбайын деп өзүмдү зордоп жашаганга түрттүм. Ошентип жүрүп 4 балалуу болдук. Азыр чоңдору турмуш куруп, куда-сөөк күтүп калдык. Элүүгө чыгып чоң ата, таята болду, токтолот дегем, анткен жок. Кайра күчтөнүп, кызынан жаш селкилер менен шапар тепкенин токтотподу. Жакында эле дачабызга кокусунан барып калып, жаш кыз менен кармап алдым. Ыза болгонумду айтпа. Жөн эле күйүп кеттим. Экөөнү тең тирүүлөй өрттөп салсам болмок. Анте албадым. Ачууланганымдан көзүмдөн жаш агып, сүйлөгөнгө да чамам келбей:
– Жаштык жериң калбады. Болду эми, жетишинче ойнодуң. Неберелериң чоңоюп жатат,- дедим болгону. Камырабай туруп:
– Бул кыздай боло албагандан кийин артымдан эмнеге аңдыйсың?! Сага эмне жетпей жатат?- деп ызырынып бетиме эки пачка долларды чачып, жаш кыз менен чыгып кетти.
Бул окуядан кийин көңүлүм мурдагыдан бетер сууду. Азыр өзүмдү караганга өттүм. Спорт менен машыгып, сулуулук салондоруна барып жүрөм. Жан дүйнөмдөгү боштукту толтуруп, жолдошума эрегишип башка бирөөнү таап алгым келет. Бирок ал нерсеге абийирим жол бербейт.
Чүрөк
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (67)
Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба-дегенди билесизби. Ага өчөшүп өзүңүздү отко түртпөңүз. Өкүнүп каласыз. Сизден кечирим сурап бутуңузга жыгылчу күн келет. Сабыр кылыңыз.
Эмнени эле талашып жатасынар.фонтазия деп койот муну.бирок фонтазиясы бир ащ окшошпой калыптыр 2 пачка доллар деп
uli0404, ачуусу менен чапса чапкандыр мындан ары да коорок чаап турса эже тез эле жашарып озун ондоп алат^.^
Сом деседа бир аз ишенмекминда
Эгерде чын эле ошондой болсо.сени да.куйоондуда кудай жазалайт.тозоктун отуна куйо электе ойундан кайт.карыганда ойнош кутом деп чокко куйосун.ойнош оттон ыссык ХХХ ХХХ деген соз жон айтылган эмес
uli0404, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
Сизге Аллахым бекем ыйман, сабр берсин... дуа кылыныз коп коп....
Баардык нерсеге сабырдуулук керек сабыр кылыныз
Мен дайармын тымызын жолугуп турууга, куйоонуздун акчасын чогуу чачабыз мага машина алабыз анан экооз каалаганча эс алабыз Ыссык.кол, кафе ресторан, караоке жашоо малина болот кандай дейсиз? Жооп кутом купядан.
Бул куйоонуздун жоруктары сиздин чечкинсиздигиниздин айынан уланып келет деп ойлойм,эрегишип чоп салбасанызда чечкиндуу жетишерлик кадамга эчак барышыныз керек болчу, куйоонузго эрегишпениз эрегишууго татыктуу эмес, озунуздун жыргалыныз, конулунуз учун конул чоп салсаныз болот себеби сиз дагы тируу жансызда,эркектен жылуу соз угууга, эркелоого акыныз бар,жана муну бироодон акыл суроонун, жарыялоонун кажети жок деп ойлойм
Эркектердин любойунда на стороне башка кыздары, аялдары болот. Эже, эми картайганда жаман ишке барбаныз, коросузго ошол чалыныз сизден башка эч киигекереги жок
ишенбейм..окшошпой калыптыр гооооо.
ачууга алдырбаныз эжеке
дагы 10жылдан кийин чалынызга ысык чайды ойноштору узатпайт баягы эле СИЗ!
Бул аялдын да конулу бар ,энсоосу бар...туура тушунгуло и раз куйоосу карабай кандыра албаса башка таап ала берин..кызгануу жаман.Сиз да махабаттын туу чокусуна жетип эркелегенге акыныз бар. ХХХ ХХХ ХХХ...тооба кылдым...эгер менин куйоом ошентсе мен деле счет кылып коем...аялдарды журогу сезими сезим эмес бекен
Aijash90, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
мен айтаар элем, туура ойунуз бар экен. Эмнеге ага болот, сизге болбойт. Колдон келсе табыш керек жонулго жаккан адам.
NurikAKSUU89, Мисалы мен деп койбойсунбу ))))
Чон энем айтчу эле "эркектин бок жебегени жок!,журбогон эркектин озу жок,журсо журсун,бирок уй булоосун унутпасын"- дечу.Эжеке таарынбаныз,ачууга алдырбаныз.Кадырынызга жетчу кун аз эле калыптыр,а беркилер "вечно" эмес да.Сабырдуу болунуз!