БАТПЕРЕКТИН ТАРЫХЫ

Жайдын сыдырым желине учуруп ойногон батперек качан пайда болгон, аны кантип жасаса болот, билгиңер келеби, балдар? Анда жакшылап көңүл бөлүп уккула. Абада шамалдын басымы менен кармалган батперек тууралуу б. з. ч. 2-кылымда Кытайдын тарых барактарында эскерилет. 18-кылымдын экинчи жарымынан баштап аны атмосфералык илимий изилдөөлөрдө, кийинчерээк радионун антеннасын бийиктикке жогорулатууда үлгү катары пайдаланышкан. Асманда калкып учкан батперек бир кезде учактарды иштеп чыгууда да эксперимент катары колдонулганы маалым. Октябрдын экинчи жекшембиси Бүткүл дүйнөлүк батперек күнү деп белгиленет. Ал күнү баары чогулуп батперек учуруп келишет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 713, 1-июль-7-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан