ШАШКАН - ШАЙТАНДЫН ИШИ

Шашкалактаган Асан чуркаган боюнча автобуска кирип келди. Бүгүн алар достору менен футбол ойношмок. Караса эле бутунда үйдөгү жыртык тапичке, бут кийимин унутуптур. Жыртык тапичкеси менен кантип футбол ойномок эле? Үйгө шашып кайтты. Кайра чуркаган боюнча аялдамага жетип келип караса, эми футбол ойногон тобу жок. Топсуз кайдагы футбол? Ошентип шашма Асан ары-бери чуркап жүрүп автобусунан да калып калды. Ага ишенип отурган достору топ жок футбол ойнобой калышты. А силерчи, балдар, шашмалыктан досторуңарга уят болуп калбайсыңарбы? "Шашкан – шайтандын иши" деп коёт. Ошондуктан ар бирибиз шашпастан, ойду бир жерге топтоп алып иш кылып жүрөлү. Бул кылыгы Асанга да чоң сабак болсун.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 713, 1-июль-7-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан