Адик Акунов, бариста: "КЫРГЫЗДАР ЧАЙДЫ ЖАКШЫ КӨРӨТ, БИРОК КОФЕНИ КӨП ИЧИШЕТ"

"Кофе сегизинчи дүйнө керемети, бирок аны кашык менен аралаштырсаң болот",- деп кофе сүйүүчүлөрү тамаша-чыны аралаш айтышат. Чындыгында кофе адамды сергите алган өзгөчө касиетке ээ. Аны жасоо да өзүнчө искусство, кофе жасоочу атайын кесиптин болушу да бекеринен эмес.

БАРИСТА ДЕГЕН КИМ?

Бариста – кофе жасоочу адис. Италия сөзүнөн которгондо "barista" – "бармен, барда иштеген адам" дегенди билдирет. Башкача айтсак, бариста бармендин милдетин аткарган адам, бирок ал алкоголь, коктейлдердин ордуна кофе жана кофеден жасалган ичимдиктерди жасайт.

КЕСИПТИН ЖАРАЛЫШЫ

Бул кесип эспрессонун мекени Италияда жаралган. Өткөн кылымдын 80-жылдарында белгилүү "Starbucks" кофейня тармагынын кожоюну Говард Шульц бул кесипти АКШга жайылткан. Ал Италияга барган сапарында жергиликтүү баристалардын жумушуна арбалып, аларды видео жана сүрөткө тартып алган. Кийинчерээк өз мекениндеги кофе ичүүчү жайларына бариста кесибин жайылткан.

КЕСИПТИН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө бариста бармендин да, кофе жасоо жумушун да аркалайт. Ал эми Италияда бариста официант, керек болсо идиштерди да өздөрү жууйт. Батыш өлкөлөрүндө эзелтеден эле кофе жасоо милдетин эркектер аткарат деген түшүнүк бар, ошондой эле бул кесип кирешелүү жана ардактуу болуп саналат. Европа жана АКШда баристалар орточо 30-35 жашта, бул тажрыйба топтоо менен мыкты кофе жасоо болот деген маңызды карманганында. Бариста Кыргызстанда жаңы кесиптердин катарында болгондуктан, кофе жасоочу адистердин көпчүлүгү жаштар.

КЫЗЫКТАРЫ:

  • Чыныгы бариста 40тай кофе түрүн жана кофеден жасалган ичимдиктерди жасай билүүсү керек.
  • 1999-жылы Томас Полти 1 сааттын ичинде эки кофе жасоочу машинада 680 кружка кофе жасап, рекорд койгон.
  • Дүйнөнүн мыкты баристаларын чогулткан чемпиондук – "World Barista Championship" жыл сайын өткөрүлүп турат.
  • "Starbucks" компаниясы бир убакта 1700 кофейнясын жаап, өз баристаларына мыкты эспрессону 19 секундада жасоону үйрөткөн.
  • Учурда дүйнө жүзүндө баристага окутуучу атайын окуу жайлар ачылган. Алардын Европадагы эң белгилүүсү Лондон жана Берлин кофе мектептери, АКШда "Best" кофе мектеби саналат.


Кыргыздар илгертеден чайды жакшы көрүп ичип келишкени талашсыз. Бирок акыркы убакта шаарларыбызда кофе ичүүчү атайын жайлар ачылып, бариста кесиби популярдуу болуп бараткандай. Адик Акунов 6 жылдан бери бул кесипти аркалап, даамдуу кофе менен кардарларын кубантып келет.

– Бардыгы эле бармен деген ким экенин билишет, бирок бариста дегенде көпчүлүгү түшүнбөй калышат. Экөөнүн айырмасы канчалык?
– Бармен ар бир эле кафе-барларда болору бышык. Ал эми бариста кофе жана андан жасалчу ичимдиктер менен гана иштейт. Бариста десе эле кофемашина менен эспрессо же американо жасап коюуну түшүнүшөт. Бирок андай эмес. Ал кофенин сортторунан тарта кайсы өлкөдө өстүрүлгөнүнө чейин билүүсү керек. Баристанын милдети – кофе дандарынын жыты менен даамын жасаган ичимдигине толугу менен жеткире билүү.

– Сиздин бул кесипти тандап алууңузга ким же эмне түрткү болду?
– Мен кокустан эле бариста болуп калгам. Ал кезде Бишкектеги кичинекей кофейнялардын биринде администратор болуп иштечүмүн. Бир күнү биздин бариста ооруп калып, жумушка чыкпай калды. Анын ордуна өзүм чыгып, кардарларды өзүм тейлегем. Ошол күндөн тарта бул кесип мага жабышты, мен ага жабыштым. Тажрыйбалуу адистердин кеңештерин алып, калганын үйрөнүп кеттим.

– Чыныгы даамдуу кофенин рецепти кандай?
– Сурап калыптырсың, эми кичинекей сырды ачып коёюн. Даамдуу кофени даярдоо ыкмасы: кофе менен сууга кичине сүйүүнү кошуп, аралаштырып коюу керек.

– "Тажрыйбалуу бариста кофесиз тура албаган адамды бир карап эле билип коёт" деп айтышат. Бул сөздүн канчалык чындыгы бар?
– Мен өзүмдүн байкаганымды айтайын. Кофе сүйүүчүлөр алгач кирип келгенде эле кофемашина менен кофемолканы карашат. Андан соң гана баристаны көзгө алат. Эгерде ушулардын бирөөсү эле "туура эмес" же жакпай калган болсо, анда кардар чай гана алат. Ошондуктан баристанын "жардамчылары" дайыма таза жана иштөөгө даяр болуп, ал эми кофе жасоочу адис кардарын жылмайып тосуп алуусу кажет.

– Кыргыздар чай ичүүдөн тажабайт эмеспи, ал эми кофени канчалык жакшы көрүшөт?
– Кыргыздар чайды жакшы көрүшөт, бирок акыркы убакта кофени көп иче башташты. Чай шашпай, кенен-кесири отуруп алып ичүүчү суусундук да. Азыркы заманбап Бишкекте буга убакыт жетишпегендей туюлат.

– Маегиңизге рахмат!



Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
belka
2016-07-04 13:20:58
Кичине секретинен болушуп койсо деле болмок,суйуу кошуп дебей эле.
+3
jama9210
2016-07-04 19:08:59
belka,ошо да
+1
zara-919
2016-07-06 05:48:58
belka,конуренттин кереги жок дегени окшойт..
0
vestel
2016-07-04 23:16:50
Суйуунду кофеге чылап ич экенда быягы
+2
zara-919
2016-07-06 05:49:34
vestel,хихикаю.. укмуш айттыныз..
0
№ 713, 1-июль-7-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан