Оюна келгенди жасаган ЛЕДИ ГАГА

Сөз болуучу жылдыз оригиналдуу стили, үнү менен өзгөлөрдөн айырмаланат. Ал бир гана аткаруучу эмес, ырдаган ырларынын автору. “Just Dance“ (“Жөн эле бийле”), “Poker Face“ (“Таанылгыс жүз“) аттуу ырлары сиздин да чөнтөк телефонуңузда жаңырып жүрсө керек. Ал жөн эле Леди Гага.

Лакап аты – Леди Гага
Толук аты-жөнү –
Стефани Жоанн Анжелина
Туулган жери – АКШ,
Йонкерс шаары
Туулган жылы –
1986-жыл, 28-март
Учурда – Ырчы, музыкант, обончу

ЛЕДИ ГАГА ТУУРАЛУУ

  • Денесинин алты жеринде татуировка бар.
  • Немис жазуучусу Раинер Мария Рилкендин “Жаш акынга жазган кат” аттуу чыгармасын сүйүп, кайра-кайра окуй берүүдөн тажабайт.
  • “Робин Гуддай атактуу болсом“ деп кыялданат.
  • Кичинесинде башына индустардын улуттук баш кийимин, бикини кийип алып стадиондо көп чуркачу.
  • Ырчынын бою 155 сантиметр. Клиптерин көбүнчө операторго сүйлөшүп, боюн узун көрсөтүш үчүн өйдөдөн жана ылдыйдан тарттырат.
  • Коркунучтуу тасмаларды кө­рүүнү сүйөт. Акыркы жолу “Деңиз түбүнөн чыккан желмогуз” аттуу фильмди көргөн.
  • Ырчы кыздын байлыгы тууралуу маалыматтар жокко эсе. Бирок бир кечеде эки саат ырдаганы үчүн 10 000 доллар алгандыгы тууралуу маалымат анын материалдык абалынын начар эместигин далилдейт.
  • Энди Уорхол, Софи Лорен өңдүү улуу сүрөтчүлөрдүн чыгармаларын көрүп илхам алат.

4 ЖАШЫНДА ФОРТЕПЬЯНОДО ОЙНОЧУ
Элибизде “болор баланы бөркүнөн тааны” деп коёт. Бул кеп дүйнө элине таанымал Леди Гага деген лакап ат менен белгилүү болгон кызга куп жарашчудай. Анжелинанын музыкага болгон сүйүүсү кичинекей кезинде эле байкалган. Себеби атасы да кайсы бир ансамблдин ырчысы эле. Бирок атасынын кошумча иши болгондуктан, музыканы хоббисиндей эле кабыл алчу. Атасы үйүнө Дэвид Боуи, Мадонна, Майкл Жексон сыяктуу аттуу-баштуу ырчылардын ырларын алып келип койгондо, Анжелина кунт коюп укчу. Маалыматтар боюнча Анжелина 4 жашында фортепьянодо өз алдынча ойноп, атасын таң калтырган. Ата-энеси кызынын музыкага болгон кызыгуусун байкап, атайын музыкалык багыттагы мектепке беришкен.

СТРИПТИЗ, БАҢГИЗАТ – БААРЫН БАШЫНАН ӨТКӨРГӨН
Мектепти аяктап Нью-Йорк шаарындагы Нью-Йорк университетинин искусство бөлүмүнө тапшырган. Студент кезинде ата-энесинен жардам албай өз алдынча акча табуу жолун издейт. Ошентип, шаардагы түнкү клубдардын биринде официантка болуп иштеп, кийинче­рээк стрипбарда бийлеп калат. Бул иши жөнүндө ата-энеси көпкө чейин билген эмес. Бирок бир күнү атасы кызынын түнкү клубда жарым жылаңач бийлеп, элдин көңүлүн ачып жатканына күбө болуп калат. Ошондо Анжелина атасына “бул менин жашоом, мен өзүм билгендей жашайм” деп коёт.
Көп өтпөй баңги­затын колдоно баштайт. Ал өз бөлмөсүнө бекинип алып музыканы бийик коюп, кокаин жыттаган күндөрүн гезит-журналдарга ачык айтып берген. Бирок «бактыга жараша, бул күндөр артта калды» дейт ырчы. Бул абалдан чыгуусуна атасынын карындашы Жоаннанын өлүмү себеп болгон. Эжеси мөлтүрөгөн 19 жаш курагында дүйнө салган. Ал сүрөтчү жана акын болчу. Жоаннаны Анжелина өзгөчө жакшы көрчү. Эжеси бул дүйнөдөн өтүп кеткенде “анын бүтпөй калган ишин мен аткарышым керек” деп жаңы жашоого умтула баштаган.

ЖАЗГАН ЫРЫН АТАКТУУЛАР АТКАРЫШАТ
Леди Гага 2006-жылы Фьюзари Роби аттуу продюсер менен таанышып, чогуу иштешип калат. Роби Анжелинага сахнага өз ысымы менен эмес, Леди Гага деген лакап ат менен чыгууну сунуштаган. 2008-жылы сары чачтуу саркеч кыздын талантын, өзгөчө стилин Голливуддун супер жылдыздары Фержи, Бритни Спирс, Мадонна сыяктуу ырчылар баалап, ыр жазып берүүнү өтүнүшөт. Гага мындан, албетте, баш тарткан эмес.

“МЕН ОШОНДОЙМУН...”
XXI кылымда жылдыздар арасында популярдуулукка мыкты чыгармалар менен жетүү аздык кылары баарыбызга маалым. Андыктан алардын көпчүлүгү өзүн таанытуу үчүн түрдүү авантюрага барышат. Гага муну мыкты билгендерден болсо керек. Анткени ал тууралуу калың эл арасында кандай гана ушак сөздөр айтылбайт. Мисалы, көпчүлүккө «Леди Гага кош жыныс­туу» деген кабар тараганда ырчы “ооба, мен ошондоймун...” деп жооп берген. Бирок анын сахналашы Кэти Перри: “Леди Гага кош жыныстуу эмес. Мен билем. Бул ырчынын менеджерлери тараткан PR”,- деп айткан.

УНИКАЛДУУ АЙЫМ
Атактуу модельер Донателла Версачени «менин музам» деп келет. Аталган модельердин кийимин кийүүдөн тышкары бир нече белгилүү дизайнерлер менен иштешет. Леди Гагада кысынуу, тартынуу деген жок. Оюна эмне келсе, ойлонбостон кыла берет. “Жарашпайт, мындай кийимди кийүүгө болбойт” деген ой бул ырчыда жашабайт. Мүмкүн ушундай уникалдуулугу менен көпчүлүктөн айырмаланып, бүгүнкүдөй популярдуулукка жетсе керек.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg
Сүрөттөр
интернет булактарынан алынды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Margosha
2010-03-01 17:33:12
Super baba
0
TokoNemis
2010-03-04 14:15:53
мага Леди Гага жакпайт Перис Хилтон жонундо жазыныздарчы
0
aiklaus
2010-05-13 02:29:05
A men Lady Gaganyn intervjusunan menin ech kachdai penisim shok menin shan sherime taarynchudai sos aityp shatasynar dep shoop bergenin ukkam.
0
№ 382, 26-февраль - 4-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан