ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

КОСМЕТОЛОГИЯ

Шейдинг
(англ. shade-көлөкө) косметологияда кеңири колдонула баштаган ыкма. Мындай мейкап-моделдөөнүн жардамы менен бетти кууш, жаакты ичке жана мурунду кырдач кылып көрсөтүүгө болот. Бул үчүн мейкап чеберине жылтырабаган упа, атайын макияж үчүн негиз, ачык, күңүрт жана эң күңүрт түстөгү тоналдык кремдер керек болот. Алгач бетке негизди текши сүйкөп, үстүнөн табигый тон берүүчү тоналдык крем коюлат. Андан кийин бети жайык айымдар үчүн эки жаакка, мурдун кырдач көрсөтүү үчүн мурундун эки жагына, маңдайына күңүртүрөөк крем сүйкөлөт. Баарын текшилеп жаап чыккандан кийин кыл калемдин жардамы менен жылтырабаган упа коюлат. Күңүрт түстөгү упа беттеги дөңсөөнүн алдына кулактан ооз жакты көздөй сүйкөлүп, көлөкө сыяктуу элес калтырат. Шейдинг мейкап-моделдөөсү макияж коюу чеберчилигинде эндиктин ордуна колдонулуп келет.

ЖАРНАМА

Кликандер
. Эгер сиз интернетке көп убактысын сарптоочулардын катарында болсоңуз, анда кликандер сиздин кыжырыңызга тийген нерсе болушу ыктымал. Мисалы, google издөө системине керектүү нерсеңизди жазсаңыз, жайнаган варианттар чыгат эмеспи. Арасынан тиешелүүсүн тандап, түрдүү сайттарга кирип барасыз. Көпчүлүк сайттардан сүрөт, видеону көрүү үчүн тиешелүү кнопканы бассаңыз, ар түрдүү нерселерди жарнамалаган кликандерлер келип чыгат. Аны басып алсаңыз, кийинки баракчада кликандерге илинген жарнама ачылып калат. Ал жакта кийим-кече, интернет дүкөндөр, косметикалык каражаттар, уюлдук операторлор же эс алуучу жайлардын жарнамалары жайгаштырылышы мүмкүн. Жакшы жери – сиздин көрөйүн деген фото же видеоңузга кесепетин тийгизбей, өзүнчө баракчада ачыла берет.

КООМ

Тимбилдинг
(англ. "team" – команда жана "building" – куруу, курулуш) – ишкерлер же жумушчулар арасында топ же команда түзүү. Мындай ыкма менен жумушчулар же ишкерлердин ортосунда өз ара тыгыз иштешүүгө шарт түзүлүп, иштин натыйжалуулугу артат. Мисалы, майрамдык корпоративде же кыска мөөнөттөгү тренингдер учурунда тимбилдинг ыкмасын колдонуу иштин кызыктуу жүрүшүнө шарт түзөт. Ар кайсы тармакта иштеген кызматкерлер чүчү кулактын жардамы менен 2-3 топко бөлүнүп, тренингдин алкагындагы маселелер боюнча тапшырмаларды аткарышат. Тимбилдингдин өзгөчөлүгү – ошол команда өз тобун алга сүрөө үчүн оригиналдуу, тамашалуу нерселерди ойлоп таап, 2-3-топтор менен таймашышат. Жыйынтыгында катышуучулар бири-бири менен жакындашып, команданын эриш-аркак иш алып барышына шарт түзүлөт.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 713, 1-июль-7-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан