(Башталышы өткөн сандарда)
– Токтобо! Болушунча катуу айда!- Жанар шашкалактап калды. Унаа зуулдап жөнөдү. Бирок тигилердин калып калчудай ою жок. Кыздын денесин калтырак басты.
– Жанар, мен катуу ылдамдыкта айдай албай жатам. Жанар!
– Азыр катуу айдап барып дароо токто да, арткы орундукка тездик менен өтүп кет!
Кыз унааны ылдамдатты да, кийин дароо токтоду. Тимурдун унаасы алдыга озуп кетти. Ушул учурда Арууке арткы орундукка өтүп, Жанар рулга отура калды.
Жигит унааны тездик менен айдап жөнөдү. Алдыга өтө түшкөн Тимур күзгүсүнөн рулга Жанар отурганын көрдү да, аны алдыга өткөрбөө үчүн жолун тосуп айдай баштады. Кандай болсо да эптеп алдыга өтүш керек деген Жанар Тимур анын жолун тороп алганына карабай жөөлөп өткөнгө аракет кылды. Темирлердин кагылышканы угулду. Аруукенин унаасынын маңдайы майышып калды. Бирок ал алдыга озуп өттү. Дал ушул учурда тарс эткен үн чыкты. Унаа жолдо ары-бери чайпалып барып токтоду. Тимурдун унаасында келе жаткан Циклоп Жанарлар капталдап өтө бергенде дөңгөлөккө аткан болчу. Унаа жолдун четине барып токтоп калды. Тапанчасын көтөрө чуркаган Циклоп унаанын капталына келип Жанарды каратып 2-3 ирет ок чыгарып жиберди. Куралын аны каратканда эле Жанар башын ылдый кыла койгон, айнектер талкаланып, жүргүнчү отуруучу тараптагы отургучка эки ок кадалды. Жанар кайрадан газ басты. Ордунан жулкуна түшкөн жол тандабастын бир дөңгөлөгү майышып, кыйратып деле күүлөнө алган жок.
– Жанар, кач! Алар мага тийишпейт,- деп кыз безилдеди.
Кайрадан тарсылдаган эки үн чыгып, унаа таптакыр ылдамдыгын жоготуп токтоп калды.
– Жинди болдуңбу? Эмне чак түштө тарсылдатып аткылап жатасың?! Азыр заматта полиция келет,- Тимур Циклопко кыйкырды.
– Мен аны өлтүрөм.
– Өлтүрсөң, көздөн далдоо жерге барып өлтүр! Азыр кызды алышыбыз керек да, кетишибиз керек.
Чаңга чулганып алыс кетпей токтогон жол тандабаска жакындап барып унаанын арткы орундугунун эшигин ачкан Циклоп көздөрү алайып калган кызды колунан тартты. Көздөрү коркунучка толуп калган кыз эсине келе түштү окшойт.
– Акмак! Сен аны өлтүрдүң, акмак!- деп чаңырып жиберди. Рулга башы менен тийип турган жигитти көргөн Циклоп ага ок жаңылган окшойт деп ойлоп жиберди.
– Ме, карма!- Циклоп кызды Тимурга түрттү. Тимур кызды бекем кармап, өз унаасы тарапка сүйрөдү.
– Тимур, жардам бер! Тимур, сен адамсың. Ал сыяктуу айбан эмессиң, Тимур!- кыз чебелектеп жатты.
– Энеңди урайын, акмак!- Циклоп бычакка шилинген моюнун бир кармап алып Жанар отурган эшикти ачмакчы болду. Кыздын чырылдаганы, тигинин жансыз руль сүзүп жатканы "өлтүрдүм окшойт" деген оюн бекемдеп жатты. Ылдый түшүрүп чекесине бир ок кадап туруп жөнөп кетмекчи болду. Бул анын шилинген моюну үчүн ала турган өчү эле. Каалганы барып ишенимдүү ачып жатканда капыстан эле оор эшик күү менен келип бир тийди. Жанар жанатан бери демин ичине катып кыймылсыз ушуну күтүп жаткан болчу. Каалга кандай ылдамдык менен тийсе, Жанар ошондой тездик менен Циклопко асылды. Жыгылып баратып тапанчасын басканга үлгүрдү. Тарс эткен үн чыкты. Бирок Жанар Циклоптун тапанча кармаган колун басып калды. Жанар көпкө аракет кылбай эле тапанча кармаган колдун бир манжасын тескери кайрып сындырып салды. Анын оң колунун сөөмөйү гипске оролуп турган, аны да Жанар сындырган. Эми минтип сол колунун сөөмөйү жарактан чыгып, Циклоп өкүрүп жатты. Жанар тапанчаны алып эле Тимурду көздөй жөнөдү.
– Коё бер! Мээңди чачырата атам!- Тимурга курал кезеди.
– Мына! Атпа!- Тимур колун көтөрүп, кызды бошотуп тизелей отура калды. Ал дендароо абалда болчу.
– Карма, Аруш! Алысыраак тур! Кыймылдаса эле атып сал!- Жанар Аруукеге тапанчаны оңтойлотуп карматып койду да, лепилдеп качып жөнөгөн Циклоптун артынан кууп жөнөдү. Ал эки колун тең бооруна алып качып бараткан. Жаралуу колу менен эч нерсе кыла алмак эмес. Бирок качып кете албады. Артынан жете келген Жанар бутка тепкенде эле көмөлөнүп түштү. Жанардын жырткычтык сезими ойгонгондой. Баса калып эле тапыратып муштум артынан муштум жаадырды. Өйдө тура калып бет талаштыра тепкилеп жатты.
– Токтот!- оозуна кан толуп калганына карабай кыйкырып, жерде оонап жатып колун көтөрдү Циклоп.
– Эркексиңби, токтот! Эки колумду тең сындырдың. Эми каалаганча тепкилеген болбойт. Эркекчилик эмес,- деди.
– А колунан эч нерсе келбеген кызды сабаган эркекчиликпи?!- Жанар тиштенип тигинин чачынан өйдө тартып тургузду да. – Мен сага тозокту көрсөтөм,- деп шыбырады.
Анан туш келди тепкилей берди. Циклоп бирде ооналактап, бирде тура калайын деп бирок анысынан майнап чыкпай, жанынын ооруганына түтпөй өкүрүп жатты.
– Ме сага! Ме сага!- Жанар кыймылга алы келбей жатып калган Циклопту башка тепкилеп жатты. Анын бетинен мурду кайсы, көзү кайсы билинбей калды.
– Жанар!- кыздын ачуу үнү жигитти соолуктурду.
– Токтот, Жанар! Өлтүрүп аласың! Ал андай нерсеге татыксыз неме.
– Ооба, бирок ушул боюнча жашаганга да татыксыз,- деген Жанар көмкөрөсүнөн жаткан тигини колунан тартты да, чыканак тушуна карс эттире тээп салды. Циклоп улуп-уңшуп жатып калды. Тимурдун үрөйү учту. Жанына жакындап келген Жанарды жашка толгон көздөрү менен карап алып:
– Суранам, тийбе! Менин тиешем жок!
– Сен мага баарын айтып бересиң. Өлгүң келбейби?- Жанар Тимурду сүйрөп барып унаага отургузуп, өзү рулга отурду. Арууке өз унаасындагы сумкаларды алып келип арткы орундуктан орун алды.
– Келе ачкычты!- Тимур шашкалактап чөнтөгүнөн ачкычын алып чыкты. Унаа ордунан козголду.
– Эмнеге кууп келдиңер?
– Билбейм. Шеф Циклопко кошуп жөнөткөн.
– Эмнеге кезинде Аруукеге, мага кол салган киши шефиңе кызмат кылат?
– Арууке деген ким? Эч нерсени билбейт экенмин.
– Менмин Арууке!- кыз арттан үн катты. Тимур түшүнбөй эле делдейип туруп берди.
– Чын, мага эч нерсе айтышкан жок. Эч нерсе билбейм. Шефтин кызын алып келебиз дешкен болчу. Бирөө уурдап баратат дешти. Мен полицияга кайрылалы десем тыйып коюшкан.
– Биздин жолдо экенибизди кайдан билдиңер?
– Аэропортторго адамдар коюлган. Силерди ошол жактардан күтүшкөн болчу. А силер болсо унаа менен жөнөпсүңөр. Бирок Джинин унаасына унаа уурдалганда кайсы жерде экенин көрсөтүүчү навигатордук систем орнотулган. Силерди ошону менен таптык. Силер баары бир кутула албайсыңар го. Мурат Адамбаевич жөн киши эмес...
(Уландысы кийинки санда)