(Башталышы өткөн сандарда)
Караңгыда эч нерсе көрүнбөйт, таштын жанында кичине чуңкурураак жер бар экен, бекинип жатып калдым. Экөө экен, дал мен отурган таштын жанына келип туруп калышты, менден 3-4 кадам эле жерде. Дымымды чыгарбай жатам, жүрөгүм тигилерге угулгандай болуп дүкүлдөйт. Кара кийимчендер экен, башына индустарга окшоп чалма кийип алышканынан тааныдым. Жерди сыйпалап кырдуу таш таап алдым, эгер көрүп калышса, экөөнө жеңилбейт элем. Ойлонуп, кантип, кайсы жерине урсам деп даярданып жаттым. Экөө эки жакты бир аз тыңшап турушту да, бирөөсү:
– Эч ким жок, ача бер,- деди эле, жанындагысы таштын түбүндөгү майда таштардын арасынан бир нерсе алып чыкты. Таштын жерден 1 метрдей бийигирээк жеринде тешиги бар окшойт, салып бурай баштады. Бураган сайын таш экиге бөлүнүп, ортосу 1 метрдей болуп ачылды. Экөө ичине кирип, таш кайра жабылып калды. Мен сойлоп, таштан 10 метрдей алыс барып бекинип жаттым. 10 мүнөттөй өткөндө таш кайра ачылып, экөө чыгышты. Ташты жаап, бураган нерсесин ордуна бекитип бир аз эки жакты тыңшап турушту да, кетишти. Бүт эле таш болгондуктан кай тарапка кетишкени, канча алысташканы мага даана эле билинип турду. Он мүнөттөй өткөндө жолго машина келип токтоп, экөөнү алып кетти.
Бул ачылма таштар жөнүндө уккам, 1979-1989-жылдары Советтер союзунун армиясына каршы согушкандарга америкалыктар жасап беришкен. Мындай таштар көбүнчө чоң жолдун боюндагы жол жакшы көрүнгөн жерлерге, аскалардын бооруна жасалган. Чоң, калың таштарды кесип, ортосу кадимки эле домкраттар менен ачыла турган кылып жасалган. Ичине гранатомёттор менен душмандар бекинип отурушкан. Армия жол менен колонна болуп келе жатканда бийиктен туруп аткылашып, колоннага вертолёттор жардамга келип ата баштаганда кайра ташты жаап бекинип калышат. Калың таштарды 220 жолу атсаң деле эч нерсе болбойт. Советтик аскерлер чыгып эч нерсе таппай калышчу. Кийин кереги жок болуп тонолуп кеткен эле. Дагы деле бар экен да.
Кирип көрөйүн деп чечтим, эч ким деле келбесе керек. Таштардын арасын чукулап "т" формасында жасалган темир труба таптым. Чоң таштын боорун кармалап издеп жатып кургап катып калган балырга окшогон нерсе менен маскировкаланган тешикти байкадым. Темирди бурасам оңой эле ачылды. Таштын калыңдыгы 2 метрдей чыгат. Өзүм бата тургандай болуп ачылганда ичине кирдим. Таштын ич жагын кармалап машинанын рулундай нерсени таптым, бурасам эшик жабылып калды. Ичи капкараңгы, эч нерсе көрүнбөйт, акырын дубалды кармалап бассам жарк деп свет күйдү эле чочуп кеттим. Көрсө, светти жаккычы жерге орнотулуптур, ичинде адам болсо күйүп турат, эч ким жокто өчүп калат. Ичи кенен эле экен, он адам баткыдай тегерек жасалыптыр. Чекесинде көккө боёлгон үч темир ящик турат, чекелерин дат баса баштаптыр. Советтик армиянын куралдары салынган окшойт, үстүндө "Made in USSR" деген жазуусу бар.
Бирөөсүндө эки чоң аккумулятор бар экен, светти ушулар менен күйгүзөт окшойт. Экинчисинде ун, катырылган нандар, сүрсүгөн эттер, туз, күкүрт, кашык, бычак, Коланын идишинде суу жана башка нерселер бар экен. Үчүнчүсүндө эскирээк америкалык аскерлердин жылуу курткасы, кара формачандардын 4 адамдык комплект формасы, ийне-жип, кайчы, бычак курчуткангабы кайрак таш, дептер, ручка, таш жука тигилген Германиянын бронежилеттери, маркер менен ар жерлеринен белгиленген Ооганстандын картасы бар экен. Рюкзагыма 5 нан, сүрсүгөн эт, бычак, суу, ийне-жип салдым. Бронежилеттин бирөөсүн көйнөгүмдүн ичинен кийдим да, сыртынан америкалык аскерлердин эски курткасын кийип алдым. Мындай кийимдерди кийип жүргөндөр көп болчу, эч кимге өөн учурабайт эле. Саат 3 болуп калыптыр, ал жерден чыгып алысыраак кетейин деп тынбай жүрдүм, таң агара баштаганда гана чоң таштардын арасына кирип бекинип жаттым. Минтип жүрсөм болбой турган, түндө тоодо жүргөнүмдү көрсө ким болсо да шекшийт эле. Жаткан жерим бийик жер экен, айлана-тегерек жакшы көрүнүп турду, 10 километрдей жерде бир чакан айыл бар экен, үйлөрү бүт ылайдан жасалган, жапыз. Үстү камыш менен эле жабылган. Жолдо кыймыл тынбайт, ар кандай машиналар, эскилиги жеткен биздин Москвичтер жүрөт, үстүнө тоодой кылып жүк жүктөп алган. Айрыкча жүк ташыган машина аябай көп.
Жолдун аркы бети тегиз жер экен, шалы эгилген окшойт, дыйкандар бала-чакасы менен шалы оруп жүрүшөт.
Бронежилетти чечип, тигилишин бычак менен кыркып, ичиндегилерин алып салдым. Рюкзакта 32 пачка 100 долларлыктар, 2 пачкадай 50лүк евролор, түбүндө ак бет аарчыгычка оролгон аялдардын ондон ашык алтын шакек, сөйкөлөрү бар экен. Акчаларды, алтын буюмдарды бронежилеттин ичине салып, тигип, кийип алдым. Куртканын сыртынан эч нерсе билинбей калды.
Рюкзакты чоң таштын түбүнө бекитип койдум. Эми коркпосом деле болчудай. Башымдагы парикти чечип ыргытып жибердим, ушунчалык жадаган экем, күн ысыкта башың кычышса же тырмай албайсың. Өзүмдүн чачым деле тердей берип жакшы эле көрүнүп калган окшойт. Чачымды суулап, топурактан сээп, кайра күүп салдым. Кургаса сонун эле көрүнүп калат.
Күүгүм киргенче жаттым да, саат сегиздерде жолго чыгып, жол менен эле айылга жөнөдүм. Ондорго жетип бардым, айылга кире бергенде жолдун боюнда көп машиналар токтоп турат, кеч болуп калса да эл көп, көрсө, жакын арадагы айылдардын дыйкандары өстүргөн нерселерин дүңүнөн сата турган жер экен. Мага эч ким көңүл бурган жок, ар ким өзү менен өзү, дыйкандар чоң-чоң каптарда тазаланган күрүчтөрүн, шалыларын, жүгөрүлөрүн сатып жатышат. Аралап жүрдүм, бирөөсүнүн жанына туруп калсам, сатып алган окшойт, жыйырмадай кап шалыны мага көрсөтүп:
– Жүр, машинаны көрсөтүп коёюн, жүктөй бер, мен күрүч карайын,- деп ээрчитип жөнөдү. Мени жүктөгүч деп ойлоду окшойт...
(Уландысы кийинки санда)