Ушул жылдын 8-ноябрында АКШда 58-президенттик шайлоо өтөт. Анда добуш берүүчүлөр Барак Обамадан кийин келчү 45-өлкө башчысын аныкташат. Марага ким биринчи болуп келет? Ханайымбы же чириген байбы? Жообун бүт дүйнө аңдып отурат.
ДОНАЛЬД ТРАМП
Жашы – 70
Партиясы – Республикалык
Элге таанымалдыгы – Forbes’тин маалыматы боюнча, мультимиллиардер.Trump Organization курулуш конгломератынын башчысы
Билими – Экономикалык
Ишмердүүлүк тармагы – Мейманкана бизнеси, кыймылсыз мүлк, жалпыга маалымдоо каражаттары, кумар оюндары бизнеси.
ХИЛЛАРИ КЛИНТОН
Жашы – 68
Партиясы – Демократиялык
Элге таанымалдыгы – Экс-президент Билл Клинтондун жубайы;2009-2013-жылдары АКШнын мамлекеттик катчысы;
Билими – Юридикалык. Укук боюнча доктордук даражасы бар.
Ишмердүүлүк тармагы – Билим берүү, саламаттыкты сактоо, балдардын укугун коргоо.
КЛИНТОН – АКШнын ЭҢ БИРИНЧИ АЯЛ ПРЕЗИДЕНТИ БОЛОБУ?
Хиллари Клинтон – президенттик праймеризге чейин эки жолу жеткен жалгыз аял, АКШдагы күчтүү аял саясатчылардын үлгүсү болуп саналат, учурда президенттик кызматка келүүчү башкы талапкер. Бирок Клинтондун шайлоо кампаниясы чуу менен башталган. Тагыраагы, ал президенттик шайлоого аттанарын жарыялоого 1 ай калганда АКШнын мамлекеттик катчысы болуп турган кездеги мамлекеттик маанилүү документтерди жөнөтүүдө жеке электрондук почтасын колдонгону билинген. Анын мындай калпыстыгы бир топ зыянын тийгизди. Ошондой эле Хиллари Клинтондун Барак Обама менен да ыйкы-тыйкысы көп. Экөө 2008-жылкы праймеризде демократиялык партиянын атынан президенттик шайлоого атаандаш катары чыгышкан. Анда Клинтон фаворит деп айтылганы менен, жыйынтыгында Обамага жол бошотуп берген. Жарыш бир топ жагымсыз окуялар менен коштолуп, Клинтондун кеңешчилеринин бири Обаманын кара терилүү экендигин баса белгилеп жүргөнү чуу жараткан. Ошого карабай бул жолку шайлоо кампаниясында Обама Клинтонду колдой турганын билдирди.
Хиллари Клинтондун атаандаштары пайдаланган дагы бир жагдайы – бул анын жолдошу. Билл Клинтондун стажёру Моника Левински менен болгон интимдик байланышы аброюна эбегейсиз доо кетирген. Атүгүл бул чатак бүтүндөй демократиялык партияга кийинки президенттик шайлоолордо да кедергисин тийгизген. Буга байланыштуу Дональд Трамп мындай деген: "Эгерде Хиллари Клинтон өзүнүн күйөөсүн ыраазы кыла албаса, ал кантип Американы канааттандыра алат?"
"ӨЗДӨН КӨРӨ ӨЗГӨГӨ ДОБУШ БЕРГЕН АРТЫК"
Трамп – учурда Республикалык партиясынан жалгыз талапкер. Блогер Данияр Айтман бул тууралуу Твиттердеги баракчасына минтип жазган: "Трамптын республикалык праймеризде жеңип чыгарына эч ким ишенген эмес, бирок ал жеңди. Азыр анын АКШнын президенти болоруна эч ким ишенбей жатат..." Ошондой эле Трамп жарыштын шоумени атыкты. Аны оюна келгенин оттогондон уялбаган киши, камера да аны сүйөт жана өзүнө көңүл бурдурууну эң жакшы өздөштүргөн деп көп айтышат. Трамптын ойлонбой туруп сүйлөй турганына мисал:"Мексика менен АКШнын чек арасына чеп тургузуу керек", "АКШга мусулмандардын кирүүсүнө тыюу салуу зарыл". Мындан башка да мисалдар ондоп саналат. Ал адашып айтып алуудан коркпойт, ошол эле тапта андай сөздү башка саясатчы айта турган болсо, аны тирүүлөй тытып жеп коюшат. Трамп эч качан артка кайтпайт жана кечирим сурабайт – бирок бул сапаттардын баары элге жагат. Дебат учурунда саясий программасы тууралуу ооз деле ачпайт. Ал партиясынын кадыр-баркын деле уруп ойнобойт. Трамп бир канча жолу саясий көз караштарын жана партияларын өзгөрткөн адам, ал Демократиялык, Республикалык, Реформисттик партиянын мүчөсү болгон.
Трампты такай сындап келген таасирдүү республикачылдардын бири Карл Роув: "Трамптын республикалык праймеризден жеңип чыгышы – президенттик шайлоодо Республикалык партиянын утулушуна барабар болот",- деген. 2012-жылкы шайлоодо Барак Обамага атаандаш болгон Митт Ромни менен сенатор Жон Маккейндин айтымында, Трампка окшоп ой жүгүрткөн адамдарды бийликке жолотпош керек. Көптөгөн көрүнүктүү республикачылдардын азыркы абалы аргасыз, керек болсо, шайлоодо жек көрүшкөн Хиллари Клинтонго добуш беребиз деп жатышат.
АКШда ШАЙЛОО КАНДАЙ ӨТӨТ?
АКШда президенттикке талапкерлер негизинен саясий партиялардан көрсөтүлөт. Президенттик шайлоого "үчүнчү партиядан" (демократиялык жана республикалыктан башка) же көз карандысыз да талапкерлигин көрсөтүүгө болот. Ушул кезге чейин АКШнын тарыхында ири партиядан көрсөтүлбөгөн 3 гана президент болгон. Анын бири Жорж Вашингтон (1789-1797-жылдары мамлекетти башкарып турган). Калган экөө 19-кылымдын орто ченинде президент болуп турган.
Партиялардан көрсөтүлгөндөр праймериз жолу менен тандалышат. Праймериз – бул алдын ала өткөрүлгөн шайлоо сыяктуу. Президенттик шайлоо алдында талапкерлер 1,5-2 жылдык убактысын коротот. Дал ушунча убакыт калганда талапкерлигин көрсөтүп башташат. Талапкер адегенде партия ичиндеги күрөштү жеңип чыгышы керек. Ал үчүн ага бардык 50 штатта колдоого ээ болушу шарт. Праймеризде партиялар добуш берүүчүлөрдү жана партиялык жетекчиликти бириктире ала турган лидерди тандап алышат. Интрига партиялар жарыштын аягында кимди көрсөтөрүнө чейин сакталат. Праймериздин жыйынтыгы боюнча штаттар партиянын съездине делегаттарын жөнөтүшөт. Делегаттар добуш беришет. Съездде талапкер делегаттардын 51 пайыздык колдоосуна ээ болуусу жетиштүү.
Праймеризден тышкары партиядан талапкерди иргеп чыгууда кокус (англисчеси caucus) деген дагы бар. Кокус – бул добуш берүү эмес, анда талкуу жүрөт жана анын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү аныкталат. Праймериз бюллетенге белги коюу менен аяктаса, кокустар узакка созулат. Праймеризге добуш берүүчү даяр чечими менен келсе, кокуста талкууга чогулгандар пикирин өзгөртүп жибериши мүмкүн.
Партиядан башкы талапкер аныкталган соң алар негизги шайлоого аттанышат. Шайлоо күнү АКШнын жарандары берген добуштар штаттагы партиянын өкүлү болгон тандоочуга карматылат. Президент болуу үчүн тандоочулардын 50 пайыздан ашык колдоосуна ээ болуу керек. 8-ноябрь күнү ким президент болору белгилүү болуп калат, бирок соңку жыйынтык тандоочулардын добуш берүүсүнөн кийин жарыяланат.
КИМ ПРЕЗИДЕНТ БОЛО АЛАТ?
- АКШнын жаранынан төрөлгөн
- 35 жаштан улуу
- АКШда 14 жылдан кем эмес жашаган
АЙТТЫ ДА КОЙДУ
"Азыр эле Обама калпычы Хиллариге колдоо көрсөттү. Ал Обаманын дагы төрт жылдык бийлигин каалап жатат, бирок мунун эч кимге кереги жок!"
Мындай билдирүүнү Дональд Трамп 9-июнь күнү Обама Клинтонду колдойм деп чыгары менен Твиттердеги баракчасына жазган.
"Аккаунтуңду өчүрүп салчы."
Хиллари Клинтондун жогорудагы билдирүүдөн 5 мүнөт өтпөй Трампка узаткан жообу.
Эльвира Караева
politika@super.kg