Укук коргоочу Рита Карасартованын иш бөлмөсүндө "Бактылуу болууга үч нерсе тоскоолдук кылат: өткөнгө өкүнүү, келечекке санаа тартуу, бүгүнкүгө каниет кылбоо" деген жазуу турат. Рита айым бул сөздөрдү девиз кылып алгандай. Себеби анын мүнөзү ачык-айрым, шайыр, анан ушунчалык берилүү менен сүйлөйт...КАРАСАРТОВА РИТА РАХМАНОВНА
1975-жылы – Ысык-Көл облусундагы Григорьев айылында туулган.
1992-1996-жылдары – Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинде окуган.
1996-2011-жылдары – Аталган университетте мугалим, кафедра башчысы
2004-2005-жылдары – Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактык өнүктүрүү иштери боюнча министринин кеңешчиси
2004-2007-жылдары – Мамлекеттик юридикалык академияда билим алган.
2011-жылдан тарта "Коомдук иликтөө институту" коомдук уюмунун жетекчиси
– Балалыгыңызда кандай кыз элеңиз? Мектепте, бала бакчада да алсыздардын укугун коргочу белеңиз?
– Балалык десе мектеп эсиме түшөт. Мектеп, классташтар десе эле ыйлагым келип кетет. Азыр классташтарымдын көбү чет жакка биротоло көчүп кетишкен, же сыртта иштеп жүрүшөт. Биздин класста жалаң эле орус улутундагылар окучу. Кыргызда "кызга кырк үйдөн тыюу" деп коёт го. Балким, кыргыз мектепте окусам мен да созулган кыз болмоктурмун. Орус тилдүү мектепте окуган үчүн өз оюмду айтуудан тартынбаган кыз болуп чоңойдум.
20 жылдык деген жакшы жөрөлгө бар го. Ошондо 3 классташ эптеп чогулуп алып, мугалимдерге жолугуп келдик. Класс жетекчибиз менен өткөндү эстеп отурсак, "Рита, абдан тың болчусуң. Окуучуларды ар кандай иштерге алып барганда өзүңдүн иштериңди бүтүрө коюп, башкаларга жардам бере баштачусуң" деп мактады. Мындан улам бала кезимде бирөөнүн укугун коргобосом да жардам берчү экенмин деп айта алам.
– Ата-энеңиз тууралуу да сурай кетпесем болбос.
– Атам оор басырыктуу киши болчу, бирок акыйкатсыздыкты көрсө сөзсүз айтып чыкчу. Айылдын эли сыйлап, аны аксакалдар сотунун төрагасы кылганы да жөн жерден болбосо керек. Атамдын чынчыл мүнөзү мага өткөн. Ал эми тыңдыгым апамды тарткан.
– Кандайча укук коргоочу болуп чыга келдиңиз?
– Менин жарандык аң-сезимимди ойготкон Аскар Акаев болгон деп ар убак тамашалап калам. Акаевдин заманында Улуттук университеттин экономика факультетинде мугалим болчумун. Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева дал ошол Улуттук университеттин округунан депутаттыкка аттанган. Студенттерге карата "жетелешип барасыңар да, Акаевага саласыңар" дегендей эле чакырыктар болгон. "Ким салбаса окуудан айдалат" деп да коркутушкан. Ошондо "эмне студенттер малбы? Алар калкыбыздын эң прогресивдүү катмары эмеспи. Каалаганын шайлай алышпайбы?" деп ойлонуп, студенттерди "каалаганыңарды шайлагыла, бул силердин укугуңар, мыйзам боюнча бирөөгө салбай койдуң деп силерди окуудан айдай албайт" деп үгүттөдүм. Анан Бермет Акаева биринчи турда өтпөй, экинчи турга калып калды. Териштирип баштаганда эле менин айымдан экени белгилүү болду. Анан үйүбүздүн, дүкөнүбүздүн жарыгын өчүрүп, ар кандай жолдор менен кысым көрсөтө баштабадыбы. Унчукпай отура бермек эмесмин. Ой-пикиримди ачыктан-ачык билдирип баштадым.
– Коомчулукта укук коргоочуларды "чет элдик шпион" катары көргөндөр көптүк кылат. Буга кандай карайсыз?
– Бул сөздөр атайын чыгарылат. Себеби чындыкты ачык айткандар укук коргоочулар да. Бийлик бутактарынын былыгын чукуп, чындыгын ачканда "булар шпион, башкаларга кызмат кылат" деген сөздөрдү чыгарышат. Айрыкча Орусия ушул нерсеге катуу үгүттөйт. Менин бир күйгөнүм – кээде профессор, билимдүү аттуу-баштуу адамдар укук коргоочуларды башка мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштейт деп айтышат. Андайда "ылайым эле бизге кайрылбай жашасаңар экен" деп айтам. Себеби аттуу-баштуу, билимдүү адамдардын да укугу бузулуп бизге кайрылышат. Жыл башынан бери 4 милициянын полковниги кайрылды. Полковник, 20 жылдан ашык иштеген, мунун кантип укугу бузулсун деп ойлойсуң. Эми элестеткиле, карапайым адамдардын укугу эмне болуп жатат?!
Чынын айтайынбы, мен деле чарчадым. Университетте сабак берип, жумушума барып-келип тынч жүрө бергим келет. Бирок жоопкерчиликти алып алгам. Жанагынча адамдын арыз-муңун угуп, алардын укугу тепселип жатканын көрүп кетип кала албайм.
– Саясий кызматтарга баруу оюңуз барбы?
– Депутат болуу же дагы бир башка чоң кызматка баруу оюмда жок. "Омбудсмендикке укук коргоочулар ат салышпайт, анан биз келген талапкерди шайлап берүүгө аргасызбыз",- деп депутаттар айтышат. Мейли дедим. Омбудсмендикке ат салыштым. Өтпөсүмдү билип эле турам. Бирок элге ошол акыйкатчыны шайлоого катышып туруп, биздин мамлекетте мыйзамдар кандай иштеп жаткандыгын көрсөтүп бергим келди. Бул жагынан милдетимди аткардым. Шайлоонун кандай өткөнүнө бардыгы күбө. Депутаттар кантип шайлоону билбегендиктен, биз көрсөтүп жатабыз деп урнага чейин чуркап башка депутаттар жүрдү. Эмнени айткым келет, депутаттардын ошондой чар жайыт шайлоосуна коомчулук кайдигер карап койду. Мындайда "эй, эмне кылып жатасың?" деп колго чаап, ооздуктап коюш керек болчу. Ошондой эскертүүнүн жоктугунан спикерди шайлоодо эмне болду? Анан калса мен бир учурда чын эле эгер омбудсмен болуп шайланып калсам эмне болот? Эмне кылышым керек? Кызматкерлерге кантип стимул берип, кандай кылып жакшы иштетүү керек деп интернетти казып, чет мамлекеттердин акыйкатчылык институттары кандай иш алып барат деп күн-түн дебей карап чыкпадымбы. Кадимкидей арыктап кеттим (күлүп).
– Ар убак коомдук иш-чараларда өзүңүздүн пикириңизди билдирип жүргөн болосуз. Жеке жашоого убакыт табылабы? Балдарга, жолдошуңузга...
– Жолдошум экөөбүздүн көз карашыбыз бир. Ал да мен сыяктуу эле саясаттан алыс эмес адам. Активдүү жарандык позициясы бар. Эки уул, бир кызым бар. Кичүүбүз мектепте окуйт. Улуу уулум менен кызым активдүү жаштардан. Волонтёр болуп, ар кандай иш-чараларга катышып жүрүшөт. Үй-бүлөлүк иш-чараларга караганда коомдук иш-чараларда балдарым менен көп жолугушам. Кыскасы, баарыбыздын тең активдүү жарандык позициябыз бар.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg