Учурда жер-жемиштердин бышып турган маалы. Убакыттан пайдаланып тоюмдуу, сиңимдүү, витаминдерге, антиоксиданттарга бай смузи суусундугун даярдап ичиңиз. Бул суусундук дени сак жашоону самаган адамдардын менюсунда биринчи орунда турат. Анткени смузи организмди керектүү заттар менен толуктайт жана токсиндерден, шлактардан арылтат. Аны жасоо да эң оңой. Ал үчүн бизге блендер же миксер керек. Келиңиз, смузи жасап ичип, дени сак жашоого багыт алалы.
СМУЗИ ДАЯРДООДО ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ!
1. Мөмө-жемиштер. Таза бышкан мөмө-жемиштердин 2-3 түрүн алсаңыз жетиштүү. Мындан да пайдалуу кылам десеңиз, көк чөп, салат жалбырагын, шпинат кошсоңуз болот. Туура даярдалган смузинин коюулугу йогурттай же сүттөн жасалган коктейлдей болушу шарт.
2. Негизин тандаңыз. Смузинин негизине сүт, айран, муздак көк чай, суу жана мөмө-жемиштердин ширеси керектелет. Даамдуу жана түсү ачык болсун десеңиз, смузиңиз коюу болушу шарт. Андыктан суюктукту көп кошпоңуз. Болбосо суюк киселдей болуп калат.
3. Коюулантуучу азыктар. Ар кандай азыктарды кошуп, смузини коюулантууга болот. Аларга быштак, балмуздак, арпа акшагы, йогурт кирет. Булар даамын гана арттырбастан, пайдалуу да болуп саналат.
4. Даам берүүчү кошулмалар. Өзгөчө даамдагы жыпар жыттуу смузи ичкиңиз келсе, анда табитиңизге жараша кумшекер, бал, жаңгактын түрлөрү, татымалдарды, кактарды кошсоңуз болот.
Витаминдүү смузи
Витаминдерге бай бул смузи бир күндүк энергия тартуулай алат.
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
Жемиштерди жууп, тазалап, бананды, кивини аарчып, туурап блендерге салабыз. Эми үстүнө сүттү куюп, балмуздак менен кумшекерди салып 60 секунда аралаштырабыз.
ЖАШЫЛ СМУЗИ
Жашыл смузи организмди токсиндерден жана шлактардан жакшы тазалайт.
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
Жашылча-жемиштерди жууп, тазалап, туурап блендерге салып, үстүнө айранды куюп 60 секунда аралаштырабыз. Эгер коюу болуп калса, бир аз кайнаган сууну муздатып кошсоңуз болот.
"ТАРАЗА" СМУЗИСИ
Смузинин бул түрү ашыкча салмактан арылууга жакшы жардамчы. Ал үчүн сиз бул суусундукту кечки тамакка даярдаңыз.
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
Көк чөптөрдү, болгар калемпирин жана бадыраңды майда туурап, блендерге салыңыз.
Үстүнө томат ширесин куюп, татымына жараша туз кошуп, 40 секунда блендерде аралаштырыңыз. Даяр болгон смузиге лимон ширесин кошуп, бокалдарга куюп иче берсеңиз болот.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg