КАЙРАТ ПРИМБЕРДИЕВДИ ЭМИ "ГОЛОС" ТЕЛЕШОУСУНАН КӨРӨБҮЗ

Кайрат Примбердиев отуздан кийин от алып, жаңы дем менен чыгармачылыкка киришти. Өткөн жылы Орусиянын Россия-1 телеканалындагы "Главная сцена" сынагына катышып, финалга чейин жетип, орус ырчыларын суктандырган эле. Эми ырчы 29-июнь күнү Орусиянын Биринчи каналынын "Голос" музыкалык шоусунун тандоо турунан өттү. Сынакка кандайча катышып калгандыгы тууралуу ырчы мындай дейт.
– Март айында Американын "Voice", Орусиянын "Голос" сынактарына билдирме (заявка) жибергем. Америкага элчиликтен виза ачып бербей, бара албай калгам. Кудайга шүгүр, Орусиядан жооп келип калды. Кастингге Биринчи каналдын музыкалык жана көңүл ачуу программасынын башкы продюсери Юрий Аксюта жетекчилик кылды. Ал жакта Жеймс Браундун "It's a Man's World", Юрий Антоновдун "У берёз и сосен" деген чыгармаларын аткардым. Ага кошумча "Голос" долбоорунда продюсерлик кылган "Главная сцена" сынагынын музыкалык редактору Наталья Шамиладзе менен саундпродюсери Андрей Сергеев "Скажите, девушки, подружке вашей" аттуу романсты аткарып берүүмдү суранышты. Юрий Аксюта болсо "кыргызча бир ыр ырдачы" деди эле, Муса Баетовдун "Сагынам" аттуу чыгармасын аткардым. Тандоо турунан орусиялык ырчы Александр Панайотов да өттү. Сынактын кийинки этаптары августта башталат.
Белгилей кетсек, Орусияда "Голос" вокалдык-телевизиондук сынагы 2012-жылдан тарта көрсөтүлүп келет. Калыстар катышуучулардын өзүн көрбөй үнүн угуп, жакканын командага чогултуп жетекчилик кылат. Сынак 5 баскычта өтүп, 4 жетекчинин ар бири 14 катышуучуну командасына чогултат. Командадагы ырчылар дуэт ырдап, өзүн жеткиликтүү көрсөтө албагандарын жетекчи четтетет. Ошентип азайып отуруп сынактын жыйынтыгында жетекчилер менен катышуучулар дуэт, соло аткарып, жеңүүчүнү телекөрүүчүлөр аныкташат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
owtu
2016-07-04 09:58:33
Оо жакшы азаматсыз!
+1
munduz2016
2016-07-04 12:20:57
Азамат Кайрат!
+1
altynbubu
2016-07-04 13:51:49
Кайрат ак жол сага!!!!!!
+1
Palan4a
2016-07-04 14:06:56
А. Атамбаевти дагы алып ал))
+8
evidens
2016-07-07 12:05:26
Palan4a,ха хаа))))
+1
LASTO4KA_1
2016-07-04 14:24:15
Талантынызга таазим. Алдынкы оорунду ээлеп келишинизге тилектешмин.
+2
Tahisha
2016-07-04 14:57:35
Азаматсын,Кыргызстан сени менен, Алга! Сендей жигиттер кобойо берсин!
+2
Izdeim_seni.
2016-07-04 16:42:57
Россиядан скромный болуп чыгып ырдап журду эле Кайрат,мекенине келип шалтандап калды да кайра. Жарашпаит экен чон эле кишиге. Эми кайра скромный масканы киеби Голоско барганда?
-11
rayana2015
2016-07-04 23:38:05
Ийгилик
0
Gul.08
2016-07-05 05:00:33
Молодец
0
Shat.88
2016-07-06 00:23:12
Ушундай суйунтчу кабарлардан айткылачы
0
Boldukan86
2016-07-07 19:20:24
азаматсын ийгилик каалайбыз.
0
Boldukan86
2016-07-07 19:20:25
азаматсын ийгилик каалайбыз.
0
№ 713, 1-июль-7-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан