ГОЛЛИВУДДА КЫРГЫЗ ТАСМАСЫ ТАРТЫЛАТ

"Салам, Нью-Йорк!" тасмасынын режиссёру Руслан Акун жана "Бир тууганчик" тасмасынын сценаристтери
Бакыт Осмонканов, Жеңиш Майрамбек уулу жакында жаңы үй-бүлөлүк комедия тартуу алдында турушат. Фильм достук, илимге умтулуу, туулган жерге болгон сүйүүнү чагылдырат. Тасманын продюсери Нурбек Айбашов жаңы эмгек тууралуу төмөнкүдөй маалыматтарга токтоло кетти: "Тасмада АКШга апасын издеп барган кичинекей Азаматтын окуялары баяндалат. Тартуу иштери Лос-Анжелес, Лас-Вегас, Бишкек жана Алматыда өтүп, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Татарстан, Тажикстандын чоң шаарларында көрсөтүлмөкчү. Буюрса, тасманы 2017-жылдын 1-январында прокатка чыгаруу пландарыбыз бар".
"Салам, Нью-Йорк!" тасмасы "2013-жылдын супер тасмасы" наамына татып, көп чет өлкөлүк сыйлыктарды багындырган эле. Андыктан мекендешибиз Руслан Акундун бул эмгеги да мурунку ийгилигин ашып өтүп, көп сыйлыктарга ээ болорунан күмөн жок.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
mma_fighter
2016-07-04 11:42:51
Биртууганчик -
0
Palan4a
2016-07-04 14:08:21
Ошондо "Азаматы" Жениш болотко э?))
0
ilgis1991
2016-07-06 07:31:44
Ийгилик каалайбыз.
0
sharolli
2016-07-06 10:18:45
Малоч алга ийгилик
0
sibiryak
2016-07-08 14:03:19
Жеништин кудайдан берилген актердук чеберчилиги аткарган кинолорунда корунуп тура.
0
№ 713, 1-июль-7-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан