26-июнь күнү эки ырчынын үйүндө толуктоо болду. Тактап айтканда, ырчы Гүлзат Байзакованын тун уулу Камбар, ошондой эле ырчы KG Эльмурат уулдуу болушту. "Неберемди көргөндө ишене албай, башка бирөө балалуу болгондой эле туюлду. Азыр келинимдин да, неберемдин да абалы жакшы. Үйгө чыгарып келдик. Чоң атасы атын Искендер деп койду",- дейт балканактай эркек неберелүү болгонуна жетине албай кубанып жүргөн ырчы айым.
Ал эми KG Эльмурат кызынын артынан уулдуу болгонуна маашыр. "Орозо айында келинчегим аман-эсен көз жарды. Ыйык айда төрөлгөндүктөн, уулума өзүм азан чакырып Рамзан деген ат койдум",- дейт сүйүнгөн ырчы.