28-июнь күнү Түркиянын Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аэропортунда бир нече ирет жардыруу болуп, жыйынтыгында 30-июнга карата 43 адам каза тапты. Оор жаракат алгандар көп, каза болгондордун саны өсүүдө.
ТҮРКИЯ ЖАРДЫРУУГА "ИСЛАМ МАМЛЕКЕТИН" КҮНӨӨЛӨП ЖАТАТ
Маалыматтарга ылайык, аэропорттун эл аралык каттамдар зонасына бир нече адам такси менен келип түшкөн да, коопсуздук кызматкерлерине ок чыгарышкан. Атышуулардан кийин согушкерлер аэропорттун ичине кирип, өздөрүнө байланган бомбаларды жардырууга жетишишкен.
Интернетке тараган видеодо полиция менен аткылашып, жарадар болгон согушкер жерге кулап түшүп, бир нече секундадан соң өзүн-өзү жардырып жибергенин даана көрүүгө болот.
43 адам каза таап, 240ка чукулу жаракат алган бул үрөй учурчу террордук актты Түркия жетекчилиги "Ислам мамлекети" террордук уюмунан көрүүдө. Өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган: "Согушкерлердин Орозо айында ушундай жолго баргандыгы террористтердин ислам динине эч кандай тиешеси жок экенин далилдейт",- деп билдирди.
КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ДА ЖАБЫРКАДЫ
Аэропорттогу жардыруулардан каза тапкандардын арасында Түркия, Сауд Арабия, Украина, Кытай, Иордания, Иран, Тунис, Өзбекстандын жарандары бар экендиги белгилүү болду. Ал эми жаракат алгандардын арасында мекендешибиз Бахтияр Юнусов да бар. Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, 22 жаштагы Бахтияр колунан жаракат алган. Түркиядагы консулдуктун кызматкерлери анын абалы менен таанышып кайтышты.
Президент Алмазбек Атамбаев Түркия президентине бул жардырууларга байланыштуу көңүл айтты. «Кыргызстан эли боордош түрк эли менен кошо аза күтүп, террорчулуктун бардык түрүн кескин айыптайт» деп айтылат телеграммада.
Ал эми Стамбулдагы башкы консулдук кыргыз жарандарын коопсуздук үчүн көп эл чогулган жерлерден алыс болууга, коомдук транспорттун кызматынан убактылуу баш тартууга чакырган билдирүү таратты.
30-июнь күнү haberler.com басылмасы Стамбулдагы жардырууларга тиешеси бар деп 13 адам кармалганын маалымдады. Буга катар аба майданга кол салган согушкерлердин бири Кыргызстанда төрөлгөн адам экенин жазып чыкты. Ал эми жанындагылардын бири Өзбекстандан, бири Дагестандан болушкан.
ЭРДОГАН: "БИЗДЕГИ ЖАРДЫРУУ ДҮЙНӨНҮН АР БИР БУРЧУНДА БОЛУШУ МҮМКҮН ЭЛЕ"
НАТОнун мүчөлөрүнүн бири Түркиянын чок ортосунда жасалган бул жардыруулар согушкерлердин жеке эле Түркия эмес, дүйнөгө жасаган эрегишүү чакырыгындай эле болду.
Батыш мамлекеттеринин жетекчилери жана АКШнын президенти Режеп Тайип Эрдоганга, жалпы түрк элине көңүл айтышты. Түрк президенти: "Стамбулдагы жардыруулардан кийин бардык мамлекеттерде, айрыкча Батыш өлкөлөрүндө террордук уюмдарга каршы күрөш күчөшүн каалайм. Мындай окуя дүйнөнүн ар бир бурчунда болушу мүмкүн эле",- деди. Жалпысынан алганда 2016-жылдын башынан бери эле Түркияда 6 террордук акт катталды. Эң көп өмүрдү алганы аэропорттогу жардыруу болду.ОРУС-ТҮРК МАМИЛЕСИ ЖАНДАНДЫ
Жардыруулардан кийин түрк президентинин коомчулуктун көңүлүн бурган сүйлөшүүсү орус президенти Владимир Путин менен болду.
Эске салсак, 2015-жылдын ноябрь айында Сирияда согушкерлерге каршы күрөшүп жаткан орусиялык Су-24 учагы Түркиянын аба күчтөрү тарабынан өлкөнүн аба майданына кирип кетти деген негизде атып түшүрүлгөн. Орус тарап Түркия кечирим сурап, компенсация төлөп беришин талап кылып келет. Буга катар Орусия жарандарына Түркияга барууга чектөө койгон. Басымдуу кардарлары орусиялыктардан турган туристтик өлкө болгон Түркиянын экономикасына бул байкаларлык чыгым келтирип жаткан. Адегенде "эч кандай кечирим суроо болбойт" деп Түркия тарап билдиргени менен, 2016-жылдын 27-июнунда Кремлдин сайтында Режеп Тайип Эрдогандын Орусия тараптан кечирим сураган каты жарыяланды. Дүйнөлүк бир катар басылмалар эч кандай кечирим суроо болбогондугун, орус тарап айрым түрк сөздөрүн туура эмес которуп кечирим суроо катары кабыл алганын белгилеп чыгышты.
Кандай болгон күндө да бул кат чыңалган орус-түрк мамилелеринин жанданышына жол ачты. Телефондук сүйлөшүүдө орус президенти түрк президентине көңүл айтып, сүйлөшүү дээрлик 40 мүнөт уланып, анда эки өлкө башчысы жолугушуу тууралуу да кеп козгошкону белгилүү болду. Орусия жарандарына Түркияга баруу боюнча чектөөнү алып салды.
Маалымат үчүн: Стамбулдагы "Ататүрк" аэропорту дүйнө жүзүндө эң көп кардар тейлеген аэропорттордун арасында 13-орунда. Ал эми Европадагы өлкөлөрдүн арасында аталган аба майданы эң көп кардар тейлегендердин арасында 3-болуп эсептелет. 2015-жылы эле аэропорт 61 миллиондон ашуун кишини тейлеген.
Кыргыз Республикасынан Батыш өлкөлөрүнө учуу үчүн көпчүлүк учурда дал ушул "Ататүрк" аэропорту аркылуу транзит жасалат.
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg