ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (4-ИЮЛДАН 10-ИЮЛГА ЧЕЙИН)

КОЙ (21.03-20.04)
Билимди жогорулатуу же жаңы нерселерди үйрөнүү тилегиңизди ишке ашырууга далалат кыласыз. Жашоо шартты оңдоо үчүн бирөөлөрдөн карыз алууңуз мүмкүн. Жан шеригиңиз ишенимиңизди актап чоң ишти аягына чыгарат. Кечеге чакыруу алууңуз ыктымал. Улуу муундагылар мурас жаатындагы көйгөй менен алпурушат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жаңы, келечекте пайда алып келүүчү идеяларга ээ болуп, пландарды курасыз. Апта юридикалык документтерди бүтүрүүгө, жаңы ишти баштоого ылайыктуу. Үйүңүзгө киреше кирет. Көп баарлашчу адамдар менен мамилеңизди бекемдеңиз. Дем алышта жакшы эс алууга аракет кылыңыз, алдыда оор апта күтүп турат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эң мыкты сапаттарыңызды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жетекчилик менен тил табыша албагандан улам ишиңизде маселенин жаралышы мүмкүн. Мурунку иштерди бүтүрүүгө аракет кылып, жаңыларына киришпей туруңуз. Дем алыш күнү эмоцияңызды ичке катпасаңыз, ашыкча туура эмес сүйлөп, артында өкүнүп каласыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Эмнеге киришсеңиз да баары оңой жана ойдогудай бүтөт. Андыктан мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Күндө кайталанчу иш да кызыктуу болуп, акыбети көп эселеп кайтат. Аптада акчалуу болууңуз да күтүлүүдө. Дем алыш күнү чыгармачылык артып, көзгө көрүнүктүү нерселерди жасооңуз ыктымал.

АРСТАН (23.07-23.08)
Ишке жөндөмдүүлүгүңүз артып, ойлогонуңуздан да көп иштерди бүтүрөсүз. Досторго же коңшуларга жардам берип, алкышына татыйсыз. Ыкчам чечилүүгө тийиш болгон маселеге келгенде гана түйшөлөсүз. Чала тааныштарга өтө жакын боло бербеңиз, алардын ким экени али билине элек.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Тагдырыңызга оң таасир этүүчү окуя болуп өтөт. Тааныштар менен келечектеги пландарыңыз тууралуу бөлүшпөй туруңуз, кийин алардын ишке ашуусуна бут тосуулары мүмкүн. Сүйүктүүңүз менен мамилени тереңдетпей, компромисске барууңуз кажет. Туугандар бир ишиңизге жарап беришет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Ар тараптан алдыга жылуулар күтүлөт. Айрыкча карьераңызга даңгыр жол ачылат. Талантыңыз жана ишке жөндөмдүүлүгүңүз бааланат. Бирге иштешкендердин ичинен ичи тарып, жаманатты кылууга аракет кылгандар чыгат, көңүл бөлбөңүз. Ашканадабы же башкадабы, айтор, эмнени жасап-үйрөнүүгө аракеттенсеңиз, ага жетишесиз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Дүйнө таанымыңыз кеңейип, жашоого жана баалуулуктарга болгон көз карашыңыз өзгөрө баштайт. Жыйынтыгында сиз өзүңүздүн моралдык-этикалык кодексиңизди иштеп чыгасыз. Аптада алыска жол жүрүүнү пландап калууңуз ыктымал. Достор менен чырдашуунун алдын алып, аларды ашыкча сындабаңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бир нерселерди өзгөртүүгө камынбай туруңуз, ылайыктуу мезгил эмес. Андан көрө жумушуңуздун майын чыгарып, сыйлыкка татууга аракет кылыңыз. Жаңы адамдар менен күтүлбөгөн жерден таанышып, алардын сизге аздан жардамы тие баштайт. Алыш-бериштерди такташып, үй-бүлөлүк бюджетти толтуруу керектелет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Чөйрөдөгүлөрдү жаңы имидж менен таң калтырууга аракет кылсаңыз сизге да жакшы. Бул менен өзүңүздөгү психологиялык комплексти жеңген болосуз. Акча тартыштыгы бир топ ойлонтуп, бирөөлөр менен чогуу иш баштоону пландайсыз.
Барганыңыз үчүн беймаза болуп калбоо үчүн чакырган жерден баш тартканыңыз оң.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Демилге көтөрбөй туруңуз, аны ишке ашырууда өзүңүзгө эле күч келет. Ден соолугуңузга жакшылап карабасаңыз, дарыланууга аргасыз болуп каласыз. Чоң маселелерди чечүүнү кийинкиге жылдырыңыз. Баары бир азыр жылыш болбойт. Буга чейинки жакшылыктарыңыз үчүн бирөөлөр конокко чакырышат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Чыңалуу менен иштөөчү маал. Чыдамдуулукту көрсөтүп, так иштеңиз. Авантюралардан качыңыз, болбосо көп нерседен кол жууп каласыз. Таасирдүү адамдар келечекте киреше алып келүүчү булакты таап беришет. Тааныштарга ашарга барууңуз мүмкүн. Белек же үйгө керектүүлөрдү алууда акчаны үнөмдөңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Atlantic
2016-07-04 19:36:48
Мм жакшы экен
0
nary-beri
2016-07-07 20:15:11
Atlantic,мага карашштуусу жанылык болдү
0
Ananai
2016-07-08 01:07:50
Мени туура эле айтып коюптур го))
0
№ 713, 1-июль-7-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан