Жаш актриса Нуриза Бурханова: "Жаштык кылып ката кетиргем. Ал турмушум артта калды, эми кетирген каталарымды оңдоп жатам. Артка кылчаюунун кажети жок, мен жаңы жашоо баштадым, келечегим алдыда",- дейт.
– Нуриза, "көзөмөлдөгөн эч ким жок, жыргап жашап жатам" деп калдың...
– Каалаган убакта туруп, каалаганда уктап, жүрөгүм каалаган жумуш менен алек болуп жыргап жатам. Тамак жасаш керек, бирөө урушат деген маселе жок. Эч кимге отчёт бербейм, жан дүйнөм эңсеген чыгармачылыгымды да жолдо калтырган жокмун. Эгерде мен азыр үй-бүлөнү тандаганымда чыгармачылыгым калып калмак. Кандай болгон күндө да аял киши үйдүн куту болуп үйдө отурушу керек. Бирок биз 21-кылымда жашап жатабыз го. Азыркы заманда аялдар төрөгөнгө, иштегенге, үй-бүлөгө, айтор, баарына жетишиши керек деп ойлойм.
– Балдарың деле чоңоюп калгандыр. Алар менен кошо чыгармачылыкка кантип жетишип жатасың, же жардамчың барбы?
– Жок, балдарымды башынан эле апам багат. Мен таенеси тарбиялаган балдар жаман болбойт деп ойлойм. Ошондуктан азырынча балдар бакчасына бергенге деле муктаждык жок. Кызым 3 жашта, уулум 2ге чыгып калды. Тилдери чыгып ширин сөздөрү менен мени бакытка бөлөп жаткан учуру. Мени мама, таенесин апа дешет. Алардын мама дегенин угуп өзүмчө толкунданып кетем. Сыналгыдан клип, кинолордон мени көрүп "мама, сен" деп алар да жыргап калышат. Кызымдын көзү, кашы бүт эле мага окшош. "Эр тагасын тартат" деген чын окшойт, уулум байкемдин эле көчүрмөсү. Азыртадан эле китептердин сүрөтүн көрүшүп, конструктор тизип ойношот, экөө тең чыгармачылыктан алыс болот го деп ойлоп калдым. Кызымды келечекте врач болсо деп тилеп жатам.
– "Кыздын чырагы кырк" демекчи, сендей сулуу кыздарга көз арткандар болуп жатса керек?
– Азырынча жүрөгүм жактырган эч ким жок. "Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет" болуп экинчи турмуш куруудан коркуп калдым. Өзүм да жаштык кылдым окшойт, өжөр, көк бет мүнөзүм мени ушул тагдырга алып келди го. Өткөн турмушум мага чоң сабак болду, ак-караны ажыратып көп нерсеге көзүм ачылды. Мындай тагдырды эч бир кызга каалабайт элем. Апам "сен дагы деле жашсың, жакшы-жаманды ажырата элексиң, алданып дагы катачылык кетирип алба" деп көп айтат. Мен 17 жашымда, секелек кезимде турмушка чыксам, азыр 22ге чыгып эки баланын энеси болуп, токтолуп, кетирген каталарымды оңдоп акыл кирди. Үй-бүлөм бузулганда эл арасында ар кандай жакшы-жаман сөздөр айтылып, депрессия болуп жүрдүм. Бирок үңкүйүп эле отура бербестен эки баламдын келечеги үчүн башты бийик көтөрүп иштешим керек болду. Буюрса, баары артта калды,
а мен жаңы жашоо баштадым.
– Өзүңдөн улуу кишиге турмушка чыкканыңды билебиз, өзүңдөн бир топ жаш кичүү жигитке турмушка чыгат белең?
– Эркек кишиге өзүнөн канча жаш кичүү алса да жараша берет. Бирок аял кишиге ашып кетсе 2 жаш кичүү жигитке турмушка чыкса болот деп ойлойм. Анан 20 жаш кичүүгө тийгенден Кудай сактасын. Менин да уул, кызым бар, андай нерсеге каршымын.
– Инстаграмга "телефон кармап өлүп калбасам болду" деп жазып койгон экенсиң, интернет менен "ооруйт" окшойсуң?
– Бул апамдын сөзү. "Телефон колуңдан түшпөйт, кулагыңа чаптап эле ал" деп сүйлөнүп калат. Бирок мен бекерчиликтен телефон тиктебейм. Кардарлар менен сүйлөшөм. Интернеттен тамак-аштын рецепттерин, гүлдү кантип өстүрүш керек, бала ооруса эмне кылыш керек деген сыяктуу пайдалуу кеңештерди алам.
– Кардарлар деп калдың, каякта иштейсиң?
– Сулуулук салонунда иштейм. Визаж, педикюр, маникюр, каш терүү, айтор, чачка тиешелүүдөн башкасынын баарын жасайм. Бала төрөп үйдө отуруп калганымда апамдын сунушу менен визажист, ашпозчу, айдоочулук курстарга барып окуп алган элем. Азыр пайдасы тийип, балдарымды багып жатам. Келечекте өзүм сулуулук салонун ачсам дейм, чыгармачылыгымды өнүктүрүп, кинодо дайыма эле ыйлаган эмес, шайыр кыздын да ролун аткаргым келет. Анан да балдарыма татыктуу тарбия берип, сыркоолотпой чоңойтуп алсам менин жеңишим болмок. Учурда Кыргыз экономикалык университетинде финансы кредит бөлүмүндө окуйм. Буюрса, окуумду эмки жылы бүтүп, балким өз кесибим менен банкта да иштеп калармын.
– Мүнөздөп тамак жеп, өзүңө аябай карайт окшойсуң, 2 баланын энеси деп эч ким айтпайт...
– Баары эле "диета кармайсызбы?" деп сурай беришет. Каалаган тамагымды каалаган учурда жей берем. Курсагым ачса жатарда деле жеп тоюп жатып алам. Фитнеске деле барбайм, ага убакыт жок. Өзүм табиятымдан ушундай окшойм, болбосо 5 килограмм кошсом жакшы болот эле.
– Балалыгың кайда, кантип өттү экен, негизи эле кичинекей кезиңде кандай кыз элең?
– Мен Сүлүктү шаарында төрөлгөнүм менен, 5 жашымда Бишкекке көчүп келип, балалыгым ушул жакта өттү. Ал кезди эстегенде эле Учкун кичи району көз алдыма тартылат. Байкем экөөбүз эгиз козудай ээрчишип жүрчүбүз. Жайында кургап калган чөптөрдү күйгүзүп, ага картошканы кактап бышырып жеп, кечинде оозу-башыбыз капкара болуп келип апамдан тил угар элек. Кийимдерим чаң болуп "хулигандай" болуп турсам апам "кебетең кантет, эркектей болбой, кызга окшошчу" деп тилдечү. Мектепте окуп жүргөндө да эркек балдардан калышпай турниктерге асылып жүрчү элем. Ошол себептен болсо керек, чекемде тырык калган, өткөндө кызым жыгылып так меникиндей чекеси жарылып, тырык болуп калды. Атамдын да ошол жеринде тырыгы бар. Кызымды ооруканага алып барсам доктурлар күлүп жатпайбы "силердин гениңерде бар окшойт" деп.
– Эркек мүнөз кыз алгачкы сүйүүгө кабылды беле, эстеп кетпейсиңби?
– 8-класста токтолуп, созолонгон кыз болуп чыга келдим. 9-класста окуган бир бала жактырып, мектепти бүткөнчө артымдан чуркап жүрдү. Ал бала жагып турса да бой көтөрүп карачу эмесмин. Турмушка чыкканымды сиздердин гезиттен окуп аябай жаман болуп таарынып, Америкага кетип калган. Азыр ошол жакта жүрөт. Былтыр сүйлөшүп калганда "турмушка чыгарыңды билсем ошондо эле алып кетип калмакмын" деп өкүнүп жатканын айткан. Жакында үйлөнүптүр, бактылуу болсун.
– Сен да теңиңди таап бактылуу бол! Маегиңе рахмат!
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg