АК ҮЙДҮН ЧЫГЫМЫ АЗАЙГАН ЖОК

Бийликке кайсы топ келбесин, кайсы партия парламенттик шайлоого аттанбасын "Ак үй, Көк үйдүн чыгымдарын азайтабыз" дешет. Элге көп берилчү бул убада дегеле ишке ашпай келет. Мисалы, Жогорку Кеңештин чыгымы жылдан-жылга көбөйүп бара жатат. Мындай маалымат Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинде айтылды. Депутаттардын суроолоруна жооп берген парламенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Кожомкулов быйылкы жылы Жогорку Кеңеш үчүн 777 миллион 436 миң сом бөлүнгөнүн айтты.
Кожомкуловдун айтымында, парламенттин коммуналдык төлөмдөрүнө эле жылына 13 миллион сом коротулат. Буга катар имарат эскирип ар убак оңдоо иштери жүрүп турат. Андыктан 777 миллион 436 миң сомго дагы 2-3 миллион сом кошулуусу толук ыктымал.
Учурда парламентте депутаттык артыкчылыктардан баш тартуу боюнча мыйзам биринчи окуудан өтүп, коомчулуктун талкуусунда турган кези. 6-чакырылыштын депутаттары жасаган эң чоң "эрдик" – кызматтык унаалардан баш тартуу болду. Бул эл көзүнө жакшы пиар. Бирок... Эл өкүлдөрү кызматтык унааларынан баш тартышканы менен, жол чыгымдарына деп ай сайын 40 миң сомдон алышат. Демек, депутаттардын чыгымды азайтып жатабыз дегени азырынча жел сөз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 713, 1-июль-7-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан