№50-СИЗОдон качкандар өмүр бою эркинен ажыратылды. 29-июнда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту абактан качкандар боюнча кылмыш ишин карап, Эдил Абдрахмановду, Болот Курбанахуновду жана Музаффар Уриновду өмүр бою эркинен ажыратты. Ал эми абактан качкан Алтынбек Итибаевди жашырган деп айыпталган Максат Абдрахманов менен Нурсият Рысбекова "кылмышты жашыруу" беренеси боюнча айыпталып, 4 жылга эркинен ажыратуу жазасын алышты.
Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан түрмө кайтаруучуларга кол салуу менен 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада жан берген.
Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан тергөө абагында сотко жетпей каза болушкан. Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановдун 22-октябрда кармоо учурунда бутуна ок тийген эле. 22-октябрда Алтынбек Итибаевди Бишкектин Достук кичи районунда кармоо операциясынын жүрүшүндө ал курал колдонуп каршылык көрсөткөн. Ок атышуу болуп, Итибаев өлтүрүлгөн. Бул күндөгү окуядан күнөөсүз эки жаран да каза тапкан.