БИР БҮРКҮМ

  • 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтө турган
    II ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНДА 23 спорт түрүнөн 99 комплект медаль ойнотулат.

  • Галина Скрипкина Евразия экономикалык биримдигинин соттук кызматына дайындалгандыктан депутаттык мандатын тапшырды. Анын ордуна КСДПдан МАКСАТ ЭГЕМБЕРДИЕВ депутат болуп келди.

  • Кыргыз Республикасынын жарандарына ID-КАРТА даярдап берүүнүн баасы – 137 сом 50 тыйын. Паспорт бөлүмүнүн кызматкерлеринин мындан ашык сумманы талап кылууга акысы жок. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы маалымдады.

  • Америкалык жөө күлүк Дин Карназес 29-июндан 10-июлга чейин байыркы ЖИБЕК ЖОЛУНУН БАГЫТЫ менен Өзбекстан, Кыргыз Республикасы жана Казакстан аркылуу чуркап өтөт. Мындай чуркоо аталган үч өлкөнүн эгемендүүлүк майрамынын 25 жылдыгына карата АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан уюштурулууда.

  • ЖЕҢИШ РАЗАКОВ Кыргыз Республикасынын чек ара маселеси боюнча вице-премьер- министри болуп дайындалды.

  • ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨДӨ эң жогорку баллды Бишкектеги №61-мектеп-лицейинин окуучусу алды. Маалыматтарга ылайык, ал мүмкүн болгон 245 баллдан 237 балл алууга жетишкен. Былтыр да ушул эле мектептин окуучусу эң алдыңкы болгон.

  • ОРОЗО АЙТ 5-июлда белгиленет. Бишкек шаарында Айт намазы Жеңиш аянтында окулат.

  • КУРМАНБЕК БАКИЕВ Москвада иштеп жүргөн мигранттарга ооз ачар уюштурганы маалым болду. Анын атынан Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев мигранттар менен ооз ачарда жолугушкан.

  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагалыгынан Алмазбек Кадыркулов бошотулуп, ордуна МЭЛИС МАМБЕТЖАНОВ дайындалды.

  • Өлкөдө ИЧЕГИ ООРУЛАРЫ 2016-жылдын 6 айында өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга өстү.

  • Акыркы 5 айда өлкө аймагында 2028 ЖОЛ КЫРСЫГЫ катталды. Анын кесепетинен 320 адам каза тапса, 3 миңден ашык адам ар кандай жаракаттарды алган. Жол кырсыктарынын келип чыгышына көпчүлүк учурда айдоочулар себеп болууда. Мындай маалыматты Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

  • Кыргызстанда жыл сайын миңге чукул баладан КУРГАК УЧУК илдети табылат. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 713, 1-июль-7-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан