Тест
Сүйүктүүңүздүн же өзүңүздүн сүйүүдө туруктуу же туруксуз экениңизди билгиңиз келеби? Анда төмөнкү тест сиздерге жардамга келмекчи.
Суроолорго “ооба” же “жок” деп жооп берүүңүз кажет.
Ар бир “ооба” деген жооп үчүн 1 упай, ал эми “жок” деген
жоопко 0 упай эсептелинет.
ЖЫЙЫНТЫГЫ
5 упайга чейин болсо…
Туруктуулук үчүн аракет кылып жашайсыз. Туура эмес окуя болуп кетсе, аны экинчи кайталабоого аракет кыласыз.
5 упайдан жогору болсо…
Ыңгайы келсе, сүйгөн адамыңыздын көзүнө чөп салуудан баш тартпайсыз. Бардыгы сиздин сүйүктүүңүздүн колунда. Анткени ал мыкты болсо, сизди башынан бекем кармап, ала жипти аттатпайт.
10 упайдан жогору болсо…
Жашоонун бардык кызыгын ооз тийип көрүүнү жактырасыз. Башкача айтканда, жашоодо туруктуу ордун таба албай, гүлдөн гүлдү тандап, көпөлөк сымал учуп жүрүүдөн тажабайсыз. Мына ошондуктан сиз чыныгы сүйүүнүн даамын сезбей, арманда калышыңыз мүмкүн. Мындай адамдар карыганга чейин эле туруксуздук адатынан арыла албай келишет.
0 упай басымдуулук кылса…
Бул адамдар өнөктөшүнө туруктуу келишет. “Дүйнөнүн сулуусу алдыма келсе да, бир өзүңдү эч кимге алмашпайм!” деген ыр саптар дал ушул адамдарга арналгандай.
Эротикалык сатира
КЫЗЫК ЧИРКЕЙ
Айшакан өзүнө кийим-кече алуу үчүн базарга барып калат. Базар кыдырып жүрсө, колундагы бош банкага бир чиркейди салып, сыртына «эркекти алмаштыргыч» деп жазып алып бир кишинин турганын көрөт. «Бул эмне? Кантип ушул чиркей эркекти алмаштыра алсын?» деп кызыга түшкөн Айшакан ага кайрылат. Анда тиги эркек «сен муну сатып ал да, үйүңө алып бар. Анан мончого кирип жакшылап жуунуп чык. Андан соң банканын оозун ач. Жылаңач денеңди көргөн чиркей калганын өзү жайлайт. Эгер «товар» жакпай калса, мобул телефонго дароо чал» деп телефон номерин кармата салат. Айшакан шашыла үйгө барып эркектин айтканынын баарын кылат. Банканы ачары менен чиркей учуп барып лампочкага конуп алат. Жини келген Айшакан баягы номерге чалат. Бир аздан кийин баягы чиркейди саткан эркек эшиктен кирип келип эле шымын шыпырат. Анан чиркейге «мен сага кандай кылышты акыркы жолу көрсөтүп жатам!» деп кыйкырып, Айшаканды басып жыгылган экен.
Кызык экен
ВЕЛОСИПЕДДЕН ОРГАЗМ АЛЫП...
АКШнын Калифорния штатынын Стивен аттуу тургуну төшөктө дүүлүккөнү менен, оргазм ала албай кыйналып келген. Ошондон улам Стивен өзүн көгүш деп да шекший баштайт. Бирок эркектерге да жакындай албай бир топ кыйналат. Дарыгерлер тарабынан так диагнозу чыкпаган соң аргасыз тагдырына баш ийип, көптөгөн убакыт бою жалгыз бой жашап келген. Стивен бир күнү велосипед менен сейилге чыгып, таштуу жол менен баратканда өзгөчө дүүлүгүп баштаганын сезип, велосипеддин кыймылын ылдамдатат. Кара терге түшкүчө кыймылын тездеткенде гана кумардын туу чокусуна жетет. Бул окуядан кийин Стивен оорудан куткарган велосипедисиз эч жакка чыккысы келбейт экен.
УЧАКТА ДА КУМАРГА БАТСА БОЛОТ
«Virgin» авиакомпаниясы өзүнүн кээ бир учактарына үй-бүлөлүк бөлмөлөрдү жайгаштыра башташты. Аталган компаниянын президенти Ричард Брансон: “Учактагы өзүнчө бөлмө учуп бараткан жуптарга түзүлгөн эң сонун шарт болмокчу. Колдон келип турганда, кардарларыбызга үйлөрүндө жүргөндөй шарт түзүп бергендин эмнеси жаман? Биздин кардарларыбыз учуп баратканда да көңүл ачуусун каалайбыз”,- дейт. Эми түгөйлөр кааласа учакта да төшөк кумарына бата алышат.
Астра Айдарова
erotika@super.kg