SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.
23-июнь:
ОРУСИЯ СУУ АЛДЫНДА ЖҮРҮҮЧҮ ЖАҢЫ КУРАЛЫН ЫСЫК-КӨЛДӨН СЫНАЙТОрусиянын Аскер-деңиз флоту жакында суу алдында жүрүүчү жаңы торпеда менен толукталат. "Футляр" аталышындагы бул курал Ысык-Көлдө мамлекеттик сыноодон өткөрүлмөкчү. Курал сыноодон ийгиликтүү өтсө, 2017-жылдан баштап аны заводдон массалык түрдө чыгаруу башталат. Орусиялык маалымат булактары "Футляр" буга чейин колдонулуп келген "Физик" торпедасынын жакшыртылган үлгүсү экенин жазышты. Жаңы куралдын узундугу 7,2 метр болсо, салмагы 2 тонна 200 килограммды түзүп, 50 чакырым аралыкка чейинки суу астындагы кемелерди кыйратуучу күчкө ээ.
Жаңы торпедасын Орусия деңиздерде эмес, Ысык-Көлдөн сынаганы жатат. Кубаттуу снарядды текшерип көрүүгө эмне үчүн кыргыздын көзгө басар жалгыз көлү тандалганы түшүнүксүз.
Ысык-Көл – кыргыз туризминин чордону, сырттан келгендер кыргыз жеринин табияты менен туристтик мүмкүнчүлүгүн Ысык-Көл аркылуу таанып-билишет. Снарядды сынап көрүү канча убакытка созулары белгисиз, бирок муну уккан туристтер Ысык-Көлдө эс алуу планын өзгөртүшү толук мүмкүн. Анткени саякаттоодо коопсуздук маселеси биринчи орунда. 2014-жылы "Кумтөр" маселесине байланыштуу Жети-Өгүздө митингге чыккандарды өкмөт "жайкы сезондо тополоң кылып, туристтердин баарын качырдыңар" деп күнөөлөдү эле. Улуттук коопсуздук үчүн деп массалык маалымат каражаттарына чектөө киргизүүгө шашылган депутаттар бул иш боюнча үн ката элек...
24-июнь:
КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ БИР ТЕПКИЧКЕ АЛГА ЖЫЛДЫӨзбекстандын борбору Ташкент шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун 15-саммити өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин жана Өзбекстандын президенти Ислам Каримов катышты. Лидерлер аймактык коопсуздук, уюмга Пакистан менен Индияны кошуу маселелерин талкуулашты. Саммит алкагында Алмазбек Атамбаев менен Ислам Каримов жолугушуу өткөрүп, кыргыз-өзбек алакасындагы маанилүү маселелерди талкуулашты. Өлкөлөр ортосундагы экономикалык алаканы арттыруу жана саясий диалогду жандандыруу зарылдыгын белгилешти. Кыргыз коомчулугу кыргыз-өзбек президенттеринен чек ара маселесин талкуулоону күтүп жатышат. Эки өлкө башчысы сүйлөшүп чече турган көйгөй көп. Такталбаган чек ара тилкелери, маал-маалы менен кайталанып турган конфликттер, эки өлкөгө жарандардын каттоосунун чектелиши... Үстүбүздөгү жылдын март айында Аксы аймагында болгон чек ара чатагынан кийин өлкө президенттери биринчи жолу маңдай-тескей отуруп сүйлөшүү жүргүзүштү. Бул ортодогу көйгөйдү ачык талкуулоого шарт түзгөн жакшы аянтча. Социалдык тармактарда Атамбаевди Ташкент аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри жогорку деңгээлде тосуп алганын, Каримов жакшы маанайда жолугушуу уюштурганын айтышып, өлкө башчынын коңшу өлкөдөгү сапарынын жемиштүү болоруна ишеним арткандар көбөйдү.
Саммиттин өзүнө келсек... Президент Алмазбек Атамбаев ШКУ аймагында жана дүйнөдө кырдаал курч бойдон калып жатканын белгилеп, "Ислам мамлекети" тобунун аракетин мисал кылды: "Жарандарыбызды террордук уюмдарга тартып, аларды үгүттөө менен кандуу кагылышуу болуп жаткан аймактарга жөнөтүп жаткандары бизди тынчсыздандырат. Бул аракеттерди террордук согушчан топторду даярдоо эле эмес, экстремизм идеологиясын жайылтуу катары баалап, ага системдүү түрдө каршы туруу керек деп эсептейм". Уюмга тийиштүү маселелер боюнча да пикирин айтты. Жыйынтыгында кесиптештерин 2016-жылдын сентябрында Ысык-Көлдө өтүүчү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды.
27-июнь:
"ЭЛДИК КАБАР" КЫЗЫЛ КИТЕПКЕ КИРГЕН ЖАНДЫКТЫ КУТКАРЫП КАЛДЫSuper.kg порталынын жана жарандык активисттердин аракети менен жоголуп бараткан жандык – мадыл өлүм коркунучунан куткарылды. 1975-жылы жоголуп бараткан жандык катары Кызыл китепке киргизилген мадылдын баласын 4-класстын окуучусу Кочкор районундагы Мадияр жайлоосунан кармап алгандыгы тууралуу кабар
Super.kg порталынын окурманы тарабынан белгилүү болду. Порталдын "Элдик кабар" рубрикасына кабар жиберген окурман мадылды окуучу бала иттердин жардамы менен кармап алып жергиликтүү мергенчиге алып келип бергендигин, мергенчи экспонат катары катырып коюу үчүн кичинекей жапайы мышыкты мектептин зоологиялык музейине өткөрүп бермекчи болуп жаткандыгын кабарлады.
Бул кабар журналисттердин, жарандык активисттердин жана табиятты коргоочулардын тынчын алды. Мыйзам боюнча, Кызыл китепке кирген мадылды өлтүргөн адамга 25 000 сом айып пул салынат. Бул акча жоголуп бараткан жандыктардын тукумун коргой албасы анык. Талкуулар жана кайрылуулардан соң мергенчи мадылды коё бергени белгилүү болду.
Жапайы мышыктын жарадар экенин угуп тынчы кеткен НАБУ (Германиянын табиятты коргоо уюму) уюмунун кызматкерлери атайын Кочкорго барып, жандыкты таап Бишкекке алып келишти. Учурда мадыл ветеринардык адистин көзөмөлүндө. Аны Ысык-Көлдүн Ананьев айылындагы реабилитациялык борборго алып барып, кадимки калыбына келген соң эркиндикке коё берүүнү пландап жатышат.
Кичинекей жапайы мышыкты куткаруу операциясы Кыргыз Республикасында саясат жана күнүмдүк тиричиликтен башка да жалпы адамзаты, табият үчүн маанилүү иштерди ойлой турган адамдар бар экенин көрсөттү.
28-июнь:
100 МИҢ ДОЛЛАР ПАРА АЛУУНУН ЖАЗАСЫ 1 ЖЫЛБЫ ЖЕ 14 ЖЫЛБЫ?Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 100 миң доллар пара алууга айыпталган Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиевди 14 жылга эркинен ажыратты. Судья Абдуразак Боромбаев Кылычбек Арпачиевди "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча актап, "опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.
Эске салсак, Кылычбек Арпачиевге пара бермекчи болгон адам экс-депутат Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаков экендиги дароо эле белгилүү болгон. Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы өткөн жылдын март айында кармалса, май айында Карганбек Самаков "коррупция" беренеси боюнча шектелип камакка алынган. Экс-депутат Чүй облусунун Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарындагы 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо (айдоо аянттарын үй салууга боло турган категорияга которуу) кылмышына айыпталган. Үй камагына чыгарылган Карганбек Самаковдун иши боюнча сот процесси аягына чыга элек.
Туура 1 ай мурун эркиндикке чыккан экс-депутат Хажимурат Коркмазов да өткөн жылдын июль айында Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Адегенде "коррупция", "опузалап пара талап кылуу", "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча козголгон кылмыш иши барып-барып "алдамчылык" беренесине которулган. Жыйынтыгында Коркмазов Бишкек шаарынын ушул эле Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.
Жогорудагы өкүмдөр Кыргыз Республикасындагы сот системи окшош кылмыш иштери боюнча ар кандай өкүм чыгарышы мүмкүн экендигин көрсөтүп жатат. Бул тармакта реформа жасалмайын, соттук бийликке эл дагы, эл аралык коомчулук дагы ишеним артпайт.
29-июнь:
"КУМТӨР" ӨКМӨТТҮ ИЙГЕ КЕЛТИРДИКумтөр" 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгында ишкананы үзгүлтүксүз иштетүүгө талап кылынган бардык уруксат кагаздарына ээ болду. Кыргыз өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги "Кумтөр" кениндеги борбордук карьерди иштетүү долбооруна экологиялык макулдашууну бергендигин компания бүгүн жарыялады. Муну менен ишкананын кенди иштетүү долбоору бекитилди. Башында экологиялык маселелер улуттук мыйзамдардын негизинде жөнгө салынарын айтып, компанияга керек болгон уруксат кагаздарын бербей жаткан кыргыз өкмөтү 1 айдын ичинде позициясын 100 пайыз өзгөртүп, экологиялык маселелер тирешинде бир кадам артка чегинди...
2016-жылдын 6-июнунда "Центерра" компаниясы "Кумтөр" долбооруна байланышкан талаштар боюнча арбитраждык сотко доо арыз бергенин маалымдаган. Компания экологиялык мыйзам бузуулар боюнча 6,7 миллиард сом айып пул төлөөгө макул эмес. Ага чейин компания Бишкек шаардык райондор аралык соту тарабынан доого жыгылган эле. Эл аралык арбитражга жөнөткөн дооматында "кыргыз өкмөтү бир катар уруксат кагаздарын бербей, кечиктирип жатат" деген. Ошентип өкмөт талап кылынган уруксат кагаздарынын эң акыркысын 27-июнда бергени белгилүү болду. Мындай моюн сунуусун өкмөт "мамлекеттик органдар тараптан "Кумтөр" кенинде иштин үзгүлтүксүз жүргүзүлүүсү үчүн уруксат берүүлөр компанияны экологиялык талаптарды сактоо милдеттеринен бошотпойт" деген билдирүү менен актоого аракет кылды. Кыргыз соту мындан 1 ай мурун "канадалык компания иш процессинде экологиялык талаптарды бузган" деп чечим чыгарганы суу кечпей калды, сыягы... "Центерра" сот тарабынан салынган айыпты төлөй элек. Ошол эле учурда өкмөттүк органдардын башчыларына тийиштүү уруксат кагаздарына кол койдурууга жетишти.