Анжелика: «МЕКТЕП ЖАШЫНДА ТУРМУШКА ЧЫККАН ТАРЫХТА МЕН БИРИНЧИ БОЛБОСОМ КЕРЕК»

– Анжелика, өткөн жылдын аягында сенин турмушка чыкканыңды билдик. Сенин жолдошуң тууралуу коомчулукта ар кандай божомолдор айтылып жатат. Жолдошуңду өз оозуң менен окурмандарга тааныштыра кетсең...
– Жолдошумдун аты Урмат. 1977-жылы Талас районунун Манас айылында туулуп-өскөн. Учурда Бишкектеги Юридикалык Академиянын студенти. Жеке ишкер. Москвада жеке бизнеси бар. Тогуз бир туугандын эң кичүү­сү. Күрөш боюнча ар кандай мелдешке катышып, утуп келген сыйлык, медалдары бар.
– Эл арасында “эрте жашында байлыгына кызыгып эле тийди” деген сөздөр да жүрүп жатыптыр. Буга өзүң эмне дейсиң?
– Байлык дегендей мен байлыгын деле көргөн жокмун. Эл катары эле үйү бар, машинасы бар. Мен кээ бирлерчилеп сырткы кебетесине да көңүл бурган жокмун. Болгону Урмат мага адам катары, ички дүйнөсү бай жигит катары жакты. А мектеп жашында турмушка чыккан тарыхта мен биринчи болбосом керек. Эми бул жашоо экен да... Анын үстүнө мен бала кезимден “чыгармачылыгымды түшүнгөн адамга турмушка чыгам” деп тилек кылчумун. Ошол тилегиме жеттим деп ойлойм. Урмат менин чыгармачылыгымды толугу менен түшүнөт.
– Сенин турмушка чыкканыңды мугалимдериң, классташтарың кандай кабыл алышты?
– Билбейм. Азырынча эч кимиси менен байланыша элекмин.
– Окууңду уланта бересиңби?
– Ооба. Мен 11-класска чейин мектептеги активдүү окуучулардын катарында келгем. Эми биринчи максатым – дагы эле ошонумдан жазбай, экзамендерди эң жакшы деген бааларга тапшырып алуу. Анан Москвадан билим алсам деген тилегим бар. Мени Москва Көркөм Академия театрына (МХАТ) өттү деп бир жерге туура эмес маалымат кетиптир.
– Урмат менен качантан бери кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрчү элең?
– Өткөн жылы берген жеке концертимде биринчи жолу таанышкам. Андан кийин тууган катары жакшы мамиледе жүрдүк. Анткени, менин таенем менен Урматтын апасы туугандардан болуп кетет. Айылда үйлөрү да бир короонун ичинде. Ошентип, бара-бара анын туугандык мамилеси сүйүү­гө өтүп кетиптир да, өткөн жылдын сентябрь айында туугандарын кудалашканга жибериптир.
– Демек, сенин турмушка чыгышың сентябрь айында эле белгилүү болгон экен. Анда эмне үчүн Айчүрөк эжеден жа­шырып жүрдүң эле?
– Менин турмушка чыгышым сентябрь айында белгилүү болгон эмес. Анткени, ата-энем каршы болушкан. Ошол бойдон бул иш токтоп калгандай болгон. Ошон үчүн Айчүрөк эжеге да эч нерсе айткан эмесмин. Көрсө, папам Африкага командировкага кеткен соң алар токтогонсуп калышкан экен. Кийин папам декабрдын онунда кайра келгенде куда түшүп, тынымсыз келе башташты. Акыры ата-энем да макул болгонго аргасыз болушту. Качан гана акыркы чечим чыкканда мамам Айчүрөк эжеге айтты.
– Кээ бир басма сөздөрдө Айчүрөк эженин бул маалыматтан башынан эле кабары бар экени жөнүндө жазылыптыр. Демек, ал калп экен да?
– Ооба, ал туура эмес. Айчүрөк эже мен турмушка чыгардан эки жума мурун билген бул жөнүндө.
– Айылда канча күн турдуңар? Келиндин жумуштарын жасадыңбы?
– Айылда эки гана күн турдук. “Шаарга ба­рып эле тургула” деп эки күндөн кийин кайненем өзү апкелип таштап кетти.
– Белгилүү ырчы кызды келин кылып алганын кайындарың, Урматтын айылдаштары сыймыктануу менен кабыл алышса керек?
– Түшкөн жерим Манас айылы - менин мамамдын айылы. Биз гастролго барган сайын ал айыл бизди жакшы тосуп алып, конок кылып жөнөтүшчү. Ал айылдын баарын болбосо да теңин мен тааныйм. Ошондуктан, өзгөчө кабыл алганын деле байкаган жокмун. Болгону Урматтын досторунун арасында «Анжеликаны биздин аяшыбыз болуп калат деп үч уктасак түшүбүзгө кирген эмес» дегендер болду.
– Кайындарың да чыгармачылыгыңды колдосо керек?
– Болгону бир-эки жеңем күмөн санагансып «Эми чыгармачылыгың эмне болот?» деп калышты. Калгандары «мурдагыдай эле уланта бересиң» деп жатышат.
– «Анжеликага бир жигит машина белек кылыптыр» деген сөздөрдү да угуп калдык эле. Балким, ал жигит Урмат болуп жүрбөсүн?
– Ал машинаны мага Урмат эмес эле, папам белек кылган. Папамдын «туулган күнүңө машина белек кылам» деген убадасы бар эле. Бирок, туулган күнүмдө, башкача айтканда, июнда ага мүмкүнчүлүк болбой, августта сатып берген. Жогорудагыдай ушак чыгаргандар жаңылышат.

Урмат: «АНЖЕЛИКАНЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТАГЫ ПЛАНДАРЫ ӨЗГӨРҮҮСҮЗ КАЛА БЕРЕТ»

– Урмат, Анжеликаны мынчалык шашып алып кеткениңдин себеби эмнеде болду?
– Тагдыр ушул экен да. Балким, башка күйөрмандарынан мурун алып кетейин деп шашкандырмын. Анын үстүнө сексен жаштагы апамдын тилегин эртерээк орундатайын дедим. Апам: “Сенин келинчегиңдин колунан чай ичсем болот эле” деп кайра-кайра кулагыма куйчу.
– Ушундай татынакай, белгилүү ырчы кыз келинчегим болуп калат деп ойлодуң беле?
– Кыялданганым чын. Ушул кыздын жанында жөн гана турсам деп кыялданчумун. Кийин «Анжелика менен түштөнүүгө барсам...» дедим. Жакшы ниет кылсаң баары болот экен, мына, эми минтип Анжелика өмүрлүк жарым болуп отурат. Мен чексиз бактылуумун.
– Анжеликанын жеке концертинде “крутой” сотка белек кылган сенсиң го?
– Ооба. Мен болчумун. Карасам эле баягы айылда мен көрүп жүргөн кичинекей Анжелика чоң кыз болуп калыптыр. “Ушундай карындашымды эмне үчүн колдоп койгонго болбосун?” деп анда жөн гана агалык мамиле менен бергем.
– Чыгармачылыгын улантып кеткенге мүмкүнчүлүк түзүп бере аласыңбы?
– Толук мурдагыдай болбосо да мүмкүн болушунча улантып кетиши үчүн аракет кылабыз. Айчүрөк эже менен мурдагыдай эле иштеше берет. Алдыга койгон чыгармачылыктагы пландары да өзгөрүүсүз калат.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
almanbetperm
2018-01-11 15:21:09
11 жыл отуп кетиптир
+2
mentol
2018-01-11 19:05:33
Эмнеге бирда коммент жазышпаган экен эле?:)
+1
piramida
2018-01-30 01:31:52
2007 жылы интернет таш бака болсо керек да, или баарында азыркыдай смартфон жок эле.
+2
munduz2016
2021-01-17 18:36:58
14жыл болуптур го бул маекке)))
+2
№ 220, 19-25-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан