БИР БҮРКҮМ

  • Социалдык фонддун төрагасы Нурдин Ибраев кызматынан бошотулуп, анын ордуна ТЕҢИЗБЕК АБЖАПАРОВ дайындалды. Абжапаров аталган фонддун төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келген.

  • Өлкөдө ПСИХИКАЛЫК жактан жабыр тарткан 70 433 адам каттоодо турат. Алардын 5864ү жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдайт.

  • Өзбекстанга таандык болуп келип, быйыл кыргыз өкмөтүнө өткөрүлгөн төрт ПАНСИОНАТТЫН үчөөнө кыргызча ат берилди. Эми алар "Бостери" ("Золотые пески"), "Алтын жай" ("Рохат"), "Эне-Сай" ("Дилором") деп аталат. Ал эми "Бустон" пансионатынын аталышы өзгөртүлгөн жок.
  • Мамлекеттик ИПОТЕКАЛЫК компаниядан 93 адам насыя алды. Жалпысынан 4741 адам насыя алуу боюнча арыз менен кайрылган.

  • 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча, өлкөдө 172 миңден ашуун МАЙЫП адам бар, алардын 28 миңи 18 жашка чыга электер.

  • Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку балл менен 52 алтын сертификат алгандардын 12си Бишкек шаарындагы №-61-МЕКТЕПТИН окуучусу болуп саналат.

  • Июнь айында өлкө ичинде 20 киши сууга чөгүп каза тапты. Анын 60 пайызы Чоң Чүй каналында ЧӨГҮП ӨЛГӨНДӨР. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

  • Бишкек шаарынын тургундарынын керектөөсү үчүн "ТЕЗ ЖАРДАМ" кызматындагы бригаданын санын дээрлик 3 эсеге көбөйтүү керек. Учурда 38 бригада иштейт. Врачтардын жетишсиздигинен норма боюнча 11 чакырууга эмес, 19 чакырууга барышат.

  • 1-июлга карата 3 миңге жакын жаран өз үйүн КАМСЫЗДАНДЫРДЫ. Анын 2 миңге чукулу айыл жеринде жашагандар болуп саналат.

  • Быйылкы жылы 62 миңден ашуун окуучу мектептерди аяктады. Бирок анын 25 миңи гана ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨНҮН керектүү босоголук баллынан өттү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева айтты.

  • Президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен Кыргыз Республикасына Германиянын канцлери АНГЕЛА МЕРКЕЛЬ иш сапары менен келет. Анын сапары 13-14-июлга пландалганын Президенттик аппараттан билдиришти.
  • 2016-жылдын январь-март айларынын аралыгында өлкөдө 55 миңден ашуун адам ар кандай насыялык мекемелерден
    2 миллиард 726 миң сомдон ашуун НАСЫЯ алышкан. Бул боюнча Мамлекеттик статистикалык комитет маалымдайт.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 714, 8-июль-14-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан