43-МҮНӨТТӨ БҮТКӨН ЖОМОК

92-мүнөт. Башкы калыстын ышкырыгы Францияны жеңүүчү тапты. Оюнда эки жолу айырмаланган Оливье Жирунун жүзүнөн жылмаюу кеткен жок. Ал эми Исландия футболчулары күйөрмандарынын алдына келип, сүрөткө түшүп жатышты. Бул учурда эсеп эч кимди кызыктырбайт эле. Алар бул жомок үчүн чексиз ыраазы.

ТАТЫКТУУ ОЮН, ТАТЫКТУУ ЖЕҢИЛҮҮ

Франция – Исландия 5:2

Голдор: Жиру 12, 59-мүнөттөрдө, Погба 19, Пайе 43, Гризманн 45 – Сигторссон 56, Бьярнасон 84

Сен-Дени шаарынын "Порте де Париж" метросунда күйөрмандар жаш-карысына карабай беттерине улуттук курамдын желегин тарттырып жатышты. Бүгүн 3-июль, демек, чейрек финалдык оюнда Франция бул Евронун сенсациясы Исландияны кабыл алат. Француз фанаттары мушкетёр болушса, исландиялыктар мүйүздүү туулга менен викингдерди элестетип турду. Англиянын эсин кетирген бул командадан француз футболчулары бир да мүнөт бошоңдук кылууга акыбыз жок деп билдиришкен.
Оюн башында "балыкчылар" үй ээлери менен тең тайлашып, дарбазага биринчи соккусун узатууга үлгүрдү. Бирок убакыт өткөн сайын эки команданын ортосундагы деңгээлди "сыналгыдан көргөн эксперттер" да канчалык экенин көрө алышты. Оливье Жиру менен Поль Погба 10 мүнөткө жеткирбей оюндун жыйынтыгын чечип коюшту. Ал эми Пайе 43-мүнөттө Исландия жомогу кайгылуу аяктаарын көргөздү. 3:0 эсебинен кийин көпчүлүк команда эсине келе албайт.
Исландия экинчи таймда өздөрү үчүн ойнобосо да, күйөрмандары үчүн татыктуу ойноду. Ири эсепте утулуп жатышса да, акырына чейин моюн сунушкан жок. Сигторссон менен Бьярнасон бирден гол жаратып, Кашшаинин финалдык ышкырыгы 5:2 эсебин каттады. Мындай командага кол чаап узатуудан башка арга жок. Франция жарым финалдан орун ээлесе, Исландия күйөрмандардын жүрөгүн ээледи.


ЖАРЫМ ФИНАЛГА ЧЕЙИН 11 КАДАМ

Польша – Португалия 1:1,
пенальти сериясында 3:5
Голдор:
Левандовски 2 – Саншеш 33

Польша Европа чемпиондугунун тарыхында эч ийгилик жарата албай, тайпалык оюндардан чыга албай келчү. Навалканын шакирттери бул мүчүлүштүктү оңдоо үчүн Португалия менен бетме-бет кезикти.
Көз ачып-жумгуча поляктар биринчи голду уюштуруп жиберишти. Гросицкинин пасын Левандовски жакынкы бурчка узатуу менен чемпиондукта алгачкы голун жаратты. Ачууланган Роналду талаанын ар кайсы жеринен сокку узатууну баштаганы менен, таамай болгон жок. Бул учурда 18 жаштагы Ренату Саншеш оюндун тизгинин сол бутуна алып, эсепти теңеди. Канчалык эки команда аракет кылышпасын 1:1 эсеби өзгөрбөй, жеңүүчү пенальти сериясында аныкталды. Эки команда тең үчтөн гол жараткандан кийин Блащиковскинин кезеги келди. Сокку! Руй Патрисиу сол бурчка узатылган топту тосуп кетти! 16-номурдагы футболчунун кайгысын поляктар чогуу бөлүшүүгө өтүштү.
Андан соң Рикарду Куарежма бешинчи голду киргизип, Португалияны жарым финалга алып чыкты. Кооз оюн эмес, биринчи орунга жыйынтыкты койгон команда жарым финалда эми Уэльске каршы турат.


ДАРБАЗАЧЫЛАР ТИРЕШИ

Германия – Италия 1:1, пенальти сериясында 6:5
Голдор:
Озил 65 – Бонуччи 78

Чейрек финалдардын арасындагы эң күтүлгөнү жана кызыктуусу дал ушул беттеш болду. Дүйнө чемпиондоруна бул мелдеште акылдуу оюн көргөзүп жаткан Контенин футболчулары каршы турду.
Италиянын курамы анчейин күчтүү болбосо да, "Скуадра Адзуррага" тактикалык жактан бир дагы команда тең келбейт. Ошондой эле курамындагы үч коргоочу дубалдан да бекем болсо, чабуулчунун жаза басуусу үчүн дарбазачы Буффондун көз карашы эле жетиштүү. Германия башынан-аяк топко ээлик кылуу менен уламдан-улам чабуулга өтүп, 65-мүнөттө гана Озил керектүү учурду пайдаланып кетти. Боатенгдин катасынан Бонуччи 11 метрлик айып соккудан эсепти теңеди. Жеңүүчү пенальти сериясында, дарбазачылар Нойер менен Буффондун тирешинде аныкталмай болду.
Анда италиялыктардан Дзадза асманга тепсе, Пелленин соккусу тескери кетти. Ал эми атаандаштардан Мюллер менен Озил жаза басты. Нойер Бонуччинин соккусун тоскону менен, "Бундестим" капитаны Швайнштайгер күйөрмандардын үмүтүн актабады. Соккулар биринчи жаза басууга чейин уланып, немис дарбазачысы Дармианга гол жаратууга мүмкүнчүлүк берген жок. Йонас Хектор дарбазага чечүүчү соккуну узатып, жарым финалга бет алды. Камералар Буффондун төгүлгөн көз жашын кармады... Чао, Италия! Бул курамдын чеги ушул. Стадиондо бир гана "Күйөрмандар баары бир ыраазы" деген жазуу калды...


"КЫЗЫЛДАРДЫН ТИРЕШИ: АЖЫДААР АЗЕЗИЛГЕ КАРШЫ"

Уэльс – Бельгия 3:1
Голдор:
Уильямс 31, Робсон-Кану 55, Воукс 86 – Наингголан 13

Кезектеги чейрек финалда "кызыл азезилдер" аталган Бельгия "кызыл ажыдаар" Уэльске каршы турду.
Азар жана анын командасы беттешти мыкты баштап, 13-мүнөттө Наингголан шумдуктуудай күчтүү сокку узатуу менен эсепти ачты. Бельгиянын коргоочулары Гарет Бейлди кармайбыз деп, Аарон Рэмзини кароосуз калтырып жатышты. Жыйынтыгында "Арсеналдын" футболчусу Уильямс менен Робсон-Кануга голдук пас берип, Уэльс алдыга озду. Воукстун голу менен Бельгия жеңилүүнү моюнга алуудан башка аргасы жок эле. Де Брюйне, Лукаку жана Азар көпчүлүктү үмүттөндүргөнү менен, мелдештен четтөөгө мажбур.
Бул "кызыл ажыдаар" анчейин коркунучтуу эмес деп ойлошкон, бирок мунун жаалы катуу экени эми билинип отурат. Жарым финалда ашыкча айып кагазын алган Рэмзи ойнобойт. Бирок баары түшүнүп жатышат, Уэльс үчүн Бейл даяр болсо болгону.


ЖАРЫМ ФИНАЛ
(Бишкек убактысы боюнча)

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
asha302
2016-07-11 12:40:29
Португалия впервые чемпион Европы урааа)))
0
kalykov
2016-07-13 15:11:21
Молодцы португалия ураа чемпион европы
-2
marzi88
2016-07-14 09:23:43
Португалияны женет деп кутком аябай. эн сонун!!!
+2
№ 714, 8-июль-14-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан