Акылбек Акматалиев мындан 15 жыл мурун кырсыктап, омурткаларынан жаракат алган. Учурда 53 жашта. Кырсыктан улам белинен ылдыйкы бөлүгү шал болуп, 2 буту баспай калган. Келинчеги Замира Тайлакова жолдошун жонуна көтөрүп, турмуштун арабасын жалгыз өзү сүйрөйт. Жубайлардын бири-бирине болгон сыйы, махабаты, аруу сезимдери эрксизден көзгө жаш алдырып, тагдырын сиздерге жарыялоого түрткү берди."ОМУРТКАМ СЫНЫП, ЖҮЛҮНДҮ КЫСЫП КАЛЫПТЫР"
– Үй-бүлөмдү багайын деп Бишкек шаарындагы азыркы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетке жумушка кирдим. Кесибим боюнча электрикмин. Мен кырсыктаган 2002-жылы кызыбыз 1 жарым жашта болчу. Досторумдун бири университеттин жер төлөсүнө машыгуучу зал ачып, ичи ным тарта бергендиктен шамалдап туруучу жабдык коюп бер деген. Аны орнотуп, кирип-чыккандарды көзөмөлдөп турчумун. Ошол күнү түштөнүү учуру болчу. №9-жатаканада үй-бүлөм менен жашачумун. Замира кызымды көтөрүп, терезеден тамактанууга чакырып калды. Мен залды дагы бир карап коёюн деп жер төлөгө кирип кеттим. Ошол жерден тепкичти жаза басып алып эле кыр аркам менен цементтин кырына бир тийдим. Каалга дагы брондолгон, салмактуу болчу. Катуу жабылып, ичинен бекип калды. Мен болсо кыймылдай албай жатып калдым. Турайын десем белим сыздап ооруйт. Алымдын келишинче кыйкыра бердим. 3 сааттай жатып калган экенмин, акыры студенттер үнүмдү угуп калып, жардамга келип алып чыгышты. Досторум да келип, дароо ооруканага жеткизишти. Операция жасоого уруксатты жакын туугандар бериш керек экен, бирок алар Ноокаттан келгиче кеч болуп кетет деп, досторум уруксат кагазына кол коюп беришиптир.
Ошентип аман калдым, бирок жарым жан. 11-омурткам талкаланып, сыныктары жүлүндү кысып калган экен. Кызыма кошуп Замирам мени да баладай кылып багат. Ошол кезде үйдө иштеген эч ким жок, болгон каражаттын баары дары-дармекке кетип аябай кыйналдык. Досторум ар дайым кол кабыш кылып турушту деңизчи, бирок алардан деле тилемчидей болуп кечке сурай албайсың. Жашаган жерибиз болсо университеттин жатаканасы. Жардам беребиз деп анда-санда кишилер көрүп келип калышчу. Бир күнү жаныбыздагы ашкананын ашпозчусу келди. "Колуман келген жардамым болсун, капа болбоңуз. Нан менен камсыз кылып турайын" деди. Макул деп ошого да сүйүндүк. Күндө кечинде ашканага келип-кеткен кардарлардан калган нандарды алып келип жүрдү. Бул биз үчүн эң сонун тамак да. Ал болбосо жанагы төрт бурчтук тоок шорпону даамына чыгаруучу татымалды кайнак сууга салып, нан малып кызым үчөөбүз ичип жатып алган күндөр да болгон.
"КОЛУМА КӨТӨРҮП БАГАМ ДЕГЕН АНТТЫ БУЗДУМ"
– Замира мен үчүн жаштыгын аябай, талантын курмандыкка чалганын эстеген сайын каңырыгым түтөп кетет. Ал мага турмушка чыкканга чейин легендарлуу "Кыз-Бурак" тобунун солисти болчу. Топтун 10-курамына азыркы Гүлнара Калдарова, Айжамал Кабылова, Кенже Дүйшеевалар менен бирге келген. Мен кырсыктаганда баарын жыйыштырып койду. Бир күнү мен катуу ооруп калып, "Тез жардам" менен ооруканага алып келишти. Кыштын күнү болчу. Даярданып келбегендиктен мени керебетке жаткырып, үстүндөгү жемпирин чечип жаап коюп, кызыбызга чуркап үйгө кетиптир. Эртеси колуна тийген керектүүлөрдү алып палатага келди. Ошондо кебетесин көрүп алып, дүйнө мага тар болуп кетти. Үстүндө күзгү жука күрмө. Анысынын да сыдырмасы бузулуп, боору жабылбай калган. Ичинен кылдыраган жука бирдемени кийип алыптыр. Бутунда да кончу кыска жазгы өтүк. Башы "нан сурап", ичине кар кирип, муз болуп тоңуп калган экен. Ыйлап жибердим, "Замира! Эмнеге өзүңдү карабайсың? Билесиңби, сенин кыйналып жатканыңды карап туруш мага кандай оор?!" Айтор, айтарга сөз таппай калдым.
Мен Замирага үйлөнүп жатканда "өмүр бою колума көтөрүп жүрүп өтөм" деп ант бергем. Тагдыр кастарын тиксе кыялыңдын баарын бырын-чырынын чыгарып, астын-үстү кылып коёт тура. Ошондо мен кызыма татыктуу ата, жубайыма камкор жолдош боло албаганыма катуу сыздадым, өкүндүм.
"ДОСТОРУМА ЫРААЗЫМЫН"
– Жашоо өтө берет экен. Көз ачып-жумганча эле окуу жайдын жатаканасында 11 жылыбызды өткөрүп коюптурбуз. 2012-жыл болчу. Бир досум телефон чалып, "Чыгыш-5 кичи районуна келе калчы" деди. Жагдайымды деги билет, мынча эмне шашылыш болду экен деп туугандардын биринин машинасын айдатып бардым. Ошол жерде досторум 9 кабаттуу үйдүн алдында турушкан экен. "Акыл, мына бул үйдөн сага батир алдык. Кирип көрүп чык, сеники" дешти. Оозума сөз келбей калды. Көзүмөн буурчактап жаш агып жатыптыр. Өгөйлөгөн тагдыр ошол күнү мени башыман сылап эркелетип жаткандай болду. Досторума эмне деген сөз арнаарымды билбей калдым. Ал кубанычты мен сүрөттөп айтып бере албайт болчумун. Ошондон бери мына ушул үйдөбүз. Тагдыр мени бутуман алса дагы жакшы дос, мыкты жубай, татынакай кызыман бак айтыптыр. Кызым быйыл 9-классты бүттү.
"ЖОЛДОШУМ – МЕНИН ПРОДЮСЕРИМ"
Акылбек мырзанын жубайы Замира Тайлакованы да маекке тарттык. Жолдошун жонуна көтөрүп баккан Замира айым "аялдар ит жандуу келебиз" деп тамашалады:
– Баары эле ушул суроону беришет: "Пенделик кылып жаштыгым бекер кетип, талантым тепселип калды деп басып кетүүоюңузга келген жокпу?"- дешип. Бир да жолу антип ойлогон эмесмин. Биздин ортобуздагы сый, тунук сезимдер андай ойго орун бербейт болчу. Мен ушул кезге чейин үмүт менен жашап келдим. Ар бир жаңы жылды тоскон сайын "эмки жылы жаңы жылды бутуна туруп тосот" деп күтчүмүн. Жылда эле ушул күтүү. Акылбектин ушинтип жатканын көргөн сайын, тескерисинче, чыйралдым.
Ал дем-күч бергендей мени эч ким колдобойт. Жолдошум мага продюсер десем жаңылышпайм. Өзүмө караганда Акылбек көбүрөөк киришип түртмөлөп, тойлорго чыгарып, "ырларды жаздыр" деп дем берип турат. Негизги кирешебиз Акылбектин 5000 сомго жетпеген жөлөк пулу жана менин тойлордо ырдап тапкан акчам.
Табарсыктан сыртка түтүк менен заара чыгып турат. "Ичегилери чубалган кишидей жаман көрүнөм" деп калат. Ошондуктан күндүз эшикке чыгып сейилдебейт. Тамакты дагы аз жейт, салмагы 60 килограмм. Арабасы деле бар. Аны туугандардыкына, тойго же зарыл ишке барарда гана колдонот.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg