ТҮМӨНБАЙ КОЛДОШЕВДИН ҮЙҮНДӨ НАРИСТЕ ҮНҮ ЖАҢЫРДЫ

Быйылкы жайда ырчылар жентек тойдон колдору бошочудай эмес. Кесиптештеринин бири неберелүү болсо, бири кыздуу, уулдуу болуп жакшылык үстүнө жакшылык болуп жатат. 3-июль күнү «Мен дүйнөнү апам менен тааныгам» аттуу ыры менен таанылган обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошевдин үйүндө да толуктоо болду. Үчүнчү ирет уулдуу болуп жаткан ырчынын кубанычына ортоктош болуп, сүйүнүчүн өзүнөн уктук:
– Кудайга шүгүр, жубайымдын дагы, уулумдун дагы ден соолугу жайында. Үйгө чыгарып келип, балалуу үй базар болуп жатабыз. Азырынча бир ысымга токтоло элекпиз. Ата-энем бир-эки күндө айылдан келсе кеңешип, акылдашып, азан чакырып ат коёбуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Nurkyz1977
2016-07-11 10:40:03
Ушул доордун эн мыкты ырчысы бешин боонор бек болсун! Атадан артык уулдарды тарбиялай бер ийгилик каалайм жана да дагы мыкты ырларды жаратып кылымга атын калсын.
+13
Durdana
2016-07-11 11:57:21
раса жонокой инсан
+4
Sagidko88
2016-07-11 19:29:56
Куттуктайбыз! Бешик боо бек болсун
+1
gulkar
2016-07-12 03:05:16
Куттуктаййбыз "Мен дуйнону апам менен тааныгам "деген ырыныз абдан жагат,и жакшы ырдайсыз.
0
tuigan.
2016-07-14 12:02:12
Тумонбай бешик боонор бек болсун
0
Ayka1994
2016-07-15 00:24:45
Куттуктайбыз бешик боонуз бек болсун
0
Bakin
2016-07-16 02:17:08
Досум бешик боон бек болсун! Элдин уулу болсун. Ден соолугу менен эки козу менен ырыскысы менен болсун!
0
№ 714, 8-июль-14-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан