«Маанайың жокпу? Анда сага төшөк оюну керек. Башың ооруп жатабы? Кумарга бат»,- дешет заманбап илим изилдөөчүлөр. Алардын айтымында, төшөк оюну бир топ ооруларга даба. Ишенбейсизби? Анда иш тажрыйбаңызда байкап көрүңүз.
1. Баш ооруну басат. Төшөк оюнуна чакырганда өнөктөшүңүз «башым ооруп турат, кийинкиде» десе ынанып отуруп калбай, аны «сүйүү поездине түшүүгө» үндөңүз. Мындай учурда ага цитрамон эмес, сиз жардам бере аласыз. Окумуштуулардын айтымында, кумарга батуу учурунда иштелип чыккан эндорфин гормону табигый антибиотик, анестетик болуп саналгандыктан баш ооруну басаңдатат.
2. Уйкусуздуктан арылтат. Керебетте ары оонап, бери оонап уктай албай жатасызбы?Белгилүү доктор Лора Берман мындай абалга кабылгандарга төшөк оюнун сунуштайт. Анын айтуусунда, кумарга баткан учурда окситоцин гормону бөлүнүп чыгып, тынч уктоого жардам берет.
3. Ооруларга каршы турат. Американын Уилкс университетинин илимпоздорунун изилдөөлөрүнө таянсак, аптасына жок дегенде 2 жолу төшөк кумарына баткандардын иммуноглобулини көтөрүлүп, ар кандай микробдорго жана вирустарга каршы тура алат. 4. Маанайды көтөрөт. АКШдагы Виржиния университетинин профессору, психолог Жеймс Соандын айтымында, төшөк оюну учурунда иштелип чыккан окситоцин жана эндорфин гормондору психикалык абалды жакшыртат, стресстен, депрессиядан чыгарат. Ошондой эле эркектин бел суусунда цинк, кальций жана башка минералдык заттар көп өлчөмдө болгондуктан, аялдын маанайына мыкты таасир берерин айткан.
5. Арыктатат. «Секс бул – спорт» деген да сөздөр бар. Анткени бир жолу кумарга батуу 15 мүнөт спорт залында чуркоо менен барабар. Бир эле жолку өтө күчтүү берилген төшөк оюнунан кийин булчуңдар жыйрыла иштеп, 150-200 калорий өлчөмдөгү майлар «күйүп» жок болот. Андыктан келбеттүү дене мүчөгө ээ болуу да өз колуңузда.
6. Жашартат. Жыныстык катнаштан кийин канда «сүйүү гормондору» көбөйөт. Ошондуктан чач жылтылдап, тери жумшарып, бырыштар жазылып адамдын өңүнө сулуулук кирет. 7. Простатиттин алдын алат. АКШдагы Улуттук онкология институтунун изилдөөчүлөрү айына 21 жолудан кем эмес төшөк кумарына баткан эркекте жыныстык жактан рак болуу коркунучу азаят дешет. «Мынча жолу болуу мен үчүн эмес» деп капаланбаңыз. Анткени мастурбация да ошондой эле таасир берет. Эякуляция простатитте топтолуучу канцерогендердин жоголушуна жооп берет.
8. Ой жүгүртүүнү жакшыртат. Америкадагы Йель университетинин изилдөөчүлөрү төшөк оюну учурунда мээ кан менен жакшы жабдылып, ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүнүн жакшырарын жана үзгүлтүксүз алектенген адамдын чыгармачыл ой жүгүртүүсү мыкты болорун далилдешкен.
9. Ийгилик чакырат. Күнүгө таң эрте сүйүктүүсү менен кумарга батып, көңүлдүү чыккан адамдар ийгиликке көп жетишет. Анткени эртең мененки секс адамды чыйрак кылып, жигердүү эмгектенгенге түртөт. 10. Ыктытууну басат. Күлкүлүү угулат. Анткен менен доктор Фрэнсис Фесмайр: «Ар бирибиздин ыктытуу учурунда колдонгон каражатыбыз бар. Бирок жагымдуулугу жагынан эч бири төшөк оюнуна жетпейт»,- дейт. Ал ыктытууга каршы эки каражат ойлоп тапкан: бири манжа менен укалап басуу, экинчиси оргазм. Анын айтымында, оргазм ойгонгон нервди тынчтандыруучу касиетке ээ.
ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!
Санай берсек кумарга батуунун пайдалары түгөнчүдөй эмес. Бирок ошол эле учурда өнөктөшүн жакшы билбей туруп кошулуу бир топ ооруларды жугузуп алууга алып келет. Андыктан абайлаңыз!
Астра Айдарова
erotika@super.kg