Жайдын ысык аптабында Ысык-Көлдө эс алууга эмне жетсин. Эс алуучу пансионаттардын саны көп болгону менен, көңүлгө жакканын издөө убакытты талап кылат. Бир четинен чөнтөктү какпай, каалагандай эс алам десеңиз, андай пансионатты Кош-Көл айылынан таба аласыз. "Голубая Бухта" үй-бүлөлүүлөр үчүн да, жаштар үчүн да эстен кеткис эс алууну тартуулайт.
БАРДЫК ШАРТТАРЫ МЕНЕН
Пансионатта бышкан кыштан салынган 2 кабаттуу имараттын ар бир кабатында төрттөн жарым люкс жана люкстук номерлер бар. Анын ар биринде көлөмдүү лоджиялар жайгашкан. Номерлер 2, 3, 4 кишилик орундуу, ыңгайлуу болушу үчүн өзүнчө эшиктери менен жасалган. Ар бир номерде Wi-Fi, даараткана, жуунуучу жай, шифоньер, стол отургучтары менен, тумбочка жана муздаткыч коюлган.
Мындан тышкары уктоочу жайы бар 4-6 адамга ылайыкташтырылган жайкы коттедж-шале да орун алган. Анда жуунуучу жай, отургучтары менен стол жана ар кандай буюмдарды сактоочу жери бар.
ТАМАКТАНУУСУ
Күнүнө 3 жолу.
АЙМАГЫ
Тазаланган, жашылдандырылган, мөмө берүүчү бакча, фонтан жана унаа токтоочу жай бар.
КӨҢҮЛ АЧУУ ҮЧҮН
Сауна, буу бөлмөсү, балдар үчүн ойноочу жай, 2 бар, дискотека, караоке, кинозал (30 кишиге каралган), стол тенниси, бильярд, катер жана яхтада көлгө экскурсия. Бир күндүк тоого чыгуу экскурсиялары да каралган. Анда Ысык-Көлдүн укмуштуу жаратылышы менен жалгыз болууга, Тянь-Шандын кылымдап жашаган карагайлары, тунук тоо суулары, козу карын терүү, балык уулоо, ат менен сейилдөөгө болот.
ПЛЯЖ
Пляж пансионатка тиешелүү. Жээкке чейин 50 метр аралык. Тазаланган, көлөкө түшүргөн бастырмалар, жыгач лежактар, чоң пирс, суудагы көңүл ачуулар, кайык жана катамарандар бар. Балык уулаганды сүйүүчүлөр үчүн атайын кайыктар каралган.
БААЛАРЫ:
(3 жолку тамактанууну кошкондо)
Стандарт – бир адамга 850 сом
Жарым люкс – бир адамга 1250 сом
Люкс – бир номерге 6000 сом
Коттедж-шале – бир адамга 850 сом
Коттедж-үй – 8000 сом
"Голубая Бухта" баарыңыздарды күтөт!
Дареги: Кош-Көл айылы
Тел.: 0702 44 44 72,
0 701 60 02 43, 0705 02 19 28