KG Элмураттан жаңы клип - “ЖАМГЫР”

Жаңы клип

“Жамгыр нөшөрлөп тынбай,
Кусалыктан көңүлүм ыйлай...”
деп сыздай ырдайт ырчы KG Элмурат. Жаз айлары жаңырар алдында бул ырчынын “Жамгыр” деп аталган жаңы клиби даяр болду.

Режиссёру, оператору – Съездбек Жолдошбаев
Башкы каарман – Нуржан Ормонова
Тартылган жери – Ош шаары
Сарпталган каражат – 27 миң сом

МАЗМУНУ
Клиптин темасы баягы эле махабат, арзуу. Сүйгөн кызынан ажыраган жигит жамгырга жалынып ырдайт. Нөшөрлөгөн жаандан “сүйгөнүм кайда жүрөт? Мага андан кабар алып келчи. Экөөбүздү бир гана сен байланыштырып турасың...” деп суранып сыздайт. Жигиттин өңүнөн да, түшүнөн да сүйгөн кызы кетпей, басса-турса артынан ээрчип жүргөндөй туюла берет. Анан “бир гана жааган жамгыр ага айтып барсын, мен аны күтүүдөн тажабайм” деп түшүндүрөт.

БОЁНБОГОН КЫЗ ИЗДЕШКЕН
Режиссёр клипке башкы каарманды көпкө издеген. Сценарий боюнча көп боёнбогон, чачы узун кыз керек эле. Аны Элмурат да жакшы билген. Бир күнү ырчы жигит сулуулук салонуна барып, ролго ылайык кызды көрүп калат. Таа­нышып, клипке тартылып берүүнү суранганда чырайлуу бийкеч макул болуптур.
Каармандын ысымы – Нуржан. Ал Ош шаарындагы аэропортто иштейт.

КЫШЫНДА ЖАСАЛМА ЖААНГА 30 МҮНӨТ ТУРУП...
Клипти режиссёр Съездбек Жолдошбаев өткөн жылдын ноябрь айында тартууну пландаган. Бирок “кырсык каш-кабактын ортосунда” демекчи, ал жол кырсыгына кабылат.
Буту сынганына байланыштуу клип тартууну токтотууга мажбур болот. Бир жарым ай өткөн соң режиссёр аксап басса да баштаган ишин аягына чыгарат.
“Жамгыр” аттуу клип Ош шаарындагы эски маданият үйүнүн алдында тартылган. Өрт өчүрүү кызматына 2000 сом төлөшүп, жасалма жамгыр жаадырышкан. Жаан алдында музыкалык аспаптарда ойногондор “Дидар” бий тобунун кыздары. Клип толук тартылып бүткүчө январдын суугунда 30 мүнөт жасалма жаан алдында туруп беришкен. Тартылып бүткөн соң Элмурат эти ысып ооруп, эки күн төшөктө жаткан.
Жогоруда сөз кылынган клипке ушул шилтеме аркылуу барып назар сала аласыздар.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
suluuluk
2010-02-28 07:52:16
Ыр абдан начар, эске калбайт экен. Демек, хит болбойт.
Клипте жасалмалуулуктар коп.
0
Margosha
2010-03-01 21:26:59
Кто он?
0
№ 382, 26-февраль - 4-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан