Англиянын «Ливерпуль» футбол клубу арабдарга сатыла турган болуп калды. Команданын аткаруучу директору Рик Пэрри мойнуна алгандай, команданын араб шейхи Рашид Аль-Мактубга сатылышы жакынкы мезгилде расмий түрдө катталып жарыяланат. Бул келишимдин алкагында шейхтин атынан «Дубай Интернешнл Кэпитал» компанияларынын тобу клубга 882 миллион доллар инвестиция которот. Бул каражаттардын бир бөлүгү жаңы стадиондун курулушуна жумшалмакчы.
Ал эми оюнчуларга тиешелүү жаңылыктарга келсек, «Ливерпулдун» капитаны жана Англия курама командасынын жарым коргоочусу Стивен Джеррард Британ империясынын орденинин мүчөсү болуп калды. Оюнчу сыйлыкты Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин колунан алат.
ЖЫЛДЫН ЛАУРЕАТ ОЮНЧУЛАРЫ
Футбол тарыхы жана статистикасынын эл аралык федерациясы өткөн жылдын лауреаттарын сыйлоо салтанатын Австриянын Зальцбург шаарында өткөрдү. Сыйлык ээлери тогуз номинация боюнча аныкталган. “Мыкты футбол клубу” болуп УЕФА Кубогу менен Суперкубоктун ээси – испаниялык «Севилью» командасы табылды.
“Дүйнөдөгү эң күчтүү чемпионат” болуп Италиянын биринчилиги тандалган.
«Улуттук курама командалардын мыкты машыктыруучусу» сыйлыгы дүйнө чемпиону болгон Италия командасынын машыктыруучусуна тапшырылды.
«Мыкты дарбазачы» номинациялары боюнча аталган команданын оюнчулары Марчелло Липпи менен Жанл Уиджи Буффон лауреат болушту. “Мыкты клубдук машыктыруучу” сыйлыгы Барселона командасынын машыктыруучусу Фрэнк Райкардга,
“Мыкты плеймейкер же оюнду өзүнө алган футболчу” сыйлыгы «Реал» клубунун жарым коргоочусу Зинеддин Зиданга берилди.
“Улуттук лигалардагы мыкты чабуулчу” наамына Аякс клубунда ойногон Ян Хунтела Ар арзыды.
“Дүйнөнүн мыкты чабуулчу” талашында Чили командасындагы Умберто Суасо жеңип чыкты. Ал улуттук командасы жана континенталдык кубоктордо өз клубу үчүн баарынан көп гол киргизүүгө жетишкен. “Футбол калыстарынын эталону” болуп аргентиналык Орацио Элиз Ондо тандалды.
БЕРНАРД ЧЕМПИОНДУК НААМДЫ РОЙДОН ТАЛАШАТ
Дүйнө чемпиону наамын 20дан ашуун ирет коргогон орто салмактагы атактуу боксчу Бернард Хопкинс мурдагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Рою Жонсту беттешүүгө чакырды. Өткөн жылдын жайында карьерасын аяктагандыгын жарыялаган Хопкинс дагы үч матч өткөрүүнү чечти. 42 жаштагы Хопкинстин айтымында, андан төрт жаш кичүү Жонс менен болгон беттешүү маселеси жакын арада чечилет. Эгерде алардын өкүлдөрү сүйлөшө алса, беттешүү быйыл 21-июлда өтөт. Эске салсак, мындан он үч жыл мурда бул эки боксчу беттешкенде жеңиш Жонс тарапта болгон.
МАРИЯ СПОРТТОН 5 ЖЫЛДАН КИЙИН КЕТЕТ
Мария Шарапова кирешелүү моделдик бизнестеги карьерасы үчүн чоң теннисти таштабайт. Бул тууралуу теннисчи кыз Гонконгдогу көргөзмө турнирге катышканы келгенде билдирди. Эскерте кетсек, 19 жаштагы теннисчи «Большой шлем» турнирлеринин 2 жолку чемпиону. Ал 2004-жылы Уимблдондогу турнирди, 2006-жылы АКШнын ачык чемпионатын уткан. Кошумчаласак, өткөн 2006-жылы 22 миллион доллар киреше тапкан.
Мариянын сөзүнө караганда, ал спортту дагы 5 жылдан кийин таштайт. Ошондо ал 24 жашта болот. Бүгүнкү күндөгү дүйнөнүн 2-ракеткасынын пикиринде, турмушта спорттон да маанилүү нерсе бар. Ал-үйбүлө. Шарапованын спорттон кетиши тууралуу сөздүн чыгышына бельгиялык теннисчи Ким Клийстерс себеп болду. Анткени, мурда дүйнөлүк рейтингдин 1-тепкичин ээлеп келген Клийстерс 2007-жылдагы сезондон кийин карьерасын аяктаарын билдирген эле. Россиялык спортчу да өзүн үйбүлө жана балдарга арнаш үчүн атаандашынан үлгү алышы мүмкүн.
ОЛЕ-ЭЙНАР БЬОРНДАЛЕН – ЧЕМПИОН
Дүйнө кубогунун бешинчи этабында эки ок атуусу бар 10 чакырым аралыкка болгон лыжа жарышы норвегиялык биатлончулардын жеңиши менен аяктады. Биринчи болуп олимпиаданын беш жолку чемпиону Оле-Эйнар Бьорндален келди. Бьорндален үчүн бул анын карьерасындагы 70-жеңиш. Мынча көрсөткүчтөгү жарышты башка бир дагы биатлончу же лыжачы уткан эмес. Белгилей кетсек, жарышта бир да жолу жаза атпаган Бьорндален өзүнүн жакынкы атаандашынан дээрлик 37 секунд эрте келген.
Жергиликтүү жаңылыктардан
ТУРНИРДИН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ–ОШТУК БАЛБАНДАР
Оштук үч боксчу Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Владимир Аткинди эскерүүгө арналган эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү болду.
Мелдеш Бишкек шаарында өттү. Бардык сыйлык ээлери – олимпиадалык резервдеги Оштогу спорт мектебинин тарбиялануучулары. Айта кетсек, 1-орунду 54 кг салмакка чейинки категорияда Анарбай уулу Абдель, 57 килограммга чейинки салмакта – Сабыржан уулу Дастан жана 75 килограммга чейинки категорияда Жавлон Усманов ээледи.
КЫРГЫЗСТАН 6-КЫШКЫ ОЮНДАРГА КАТЫШАТ
Кыргызстан курама командасы 6-кышкы Азия оюндарына катышат. Ал 28-январдан 4-февралга чейин Кытайдын Чанчунь шаарында өтөт.
Азыркы тапта команданын курамы аныкталып жатат. Ага төрт сноубордчу (экөөсү машыктыруучу), үч биатлончу, ошондой эле өткөн жылы Туринде болгон кышкы олимпиада оюндарынын катышуучусу Иван Борисов өзүнүн тренери Игорь Борисов менен бара тургандыгы анык. Олимпиада комитетинен белгилүү болгондой, акыркы спортчулар учурда тоо лыжа базасында окуу-машыгуучу жыйындан өтүп жатат. Кураманын биатлончулары жакын арада эле Австриядан келишти. Алар спорттун аталган түрү боюнча дүйнөлүк Кубоктун кезектеги этабына катышып келген.
АТЛЕТТЕР КАЗАКСТАНДАН 5 МЕДАЛЬ МЕНЕН КАЙТЫШТЫ
Кыргызстандык атлеттер күрөш боюнча Казакстандын Костанайында өткөн эл аралык турнирде алтын, күмүш жана үч коло медалга ээ болушту.
12 кишиден турган өлкөнүн курама командасын республиканын күрөш Федерациясынын башчысы Марсель Мураталиев жетектеп барды. Кыргыз жана казак спортчулар менен бирге мелдешке россиялыктар да катышты. Коло медалды Санжар Осмоналиев, Айбек Көккөзов жана Туратбек Тойчубековдор алган. Ал эми алтын жана күмүш медалга самбо, күрөш жана дзюдо боюнча республиканын супер оор салмактагы көп жолку чемпиону Талант Жанагулов татыды.
Даярдаган Медер Тентимиш уулу