КЫРГЫЗДЫН СЕКСУАЛДУУ МЫРЗАЛАРЫ

«Супердин» тандоосу

Атактуулук адамга ар тараптан келет. Сахнадан, тасмадан, саясаттан, спорттон же байлыктан... Ошол атак-даңкты кармап, ага татыктуу болуп жүрүү да өзүнчө чоң түйшүк. Калың элге алынууда ыр-бий, жасаган эрдик, жумуш эле эмес, сырткы келбет, жүрүм-турум да маанилүү ролду ойнойт. Ушундай эле мүнөздөмөлөрдүн катарында сексуалдуулук да бар. «Супер-Инфонун» www.super.kg сайтында сурамжылоо жүргүзүп көрсөк, төмөнкү мырзалар сексуалдуулук боюнча сап башына чыгышты.

Өмүрбек Бабанов, Кыргыз Республикасынын мурунку 1-вице-премьер-министри, саясатчы, бизнесмен, 40 жашта.

Өмүрбек мырза 1-вице-премьер-министрлик кызматтан кеткен соң саясатка киришпей, бизнеси менен алек болорун жарыялаган эле. Ошентип, экрандан, гезиттерден түшпөй калган мырза ак үйдөн кеткени калың калкка көрүнбөй кетти. Ошентсе да кыргыздын кыз-келиндеринин сүймөнчүгү боюнча калыптыр. Мунусу сурамжылоодо күйүп-жанып турган жапжаш жигиттерди артка калтырганынан эле байкалып турбайбы?


Азамат Байматов, футбол боюнча “Дордой Динамо” клубунун жана Улуттук курама командабыздын ишенген коргоочусу, 2009-жылдагы тандоо жыйынтыгында “Супер спортчу” наамына ээ болгон, 22 жашта.

Азаматтын бардык сыры узун боюнда, топту дарбазага жакындатпай коргогонунда, анан да от болуп күйгөн көздөрүндө эле жатпайбы. Азырынча жаш, үйлөнүү тууралуу маселеге баш оорутуп да көрө элек бул жигитке чет элдик футбол клубдарынын кызыгуусу артууда. Өткөн жылы бир жыл бою Латвияда ойноп келсе, эми Англиянын клубдарынын бирине ижарага кетет имиш деген кептер айтылууда. Чет элдик футбол клубдары кызыга берсин дечи, эми балээ басып чет элдик кыздар кызыгып, сыймыктуу жигитибизди илип кетпесе болгону.


Самат Дөөлөтбаков
, ырчы, 26 жашта.

Самат мырза ырдоо жагынан ырчылар арасында атаандаш күтүшү мүмкүн, бирок, сексуалдуулук жагынан алдына эч бирин салчудай эмес. Дегеним, былтыркы жылдагы сурамжылоодо да алдыңкы орунга чыккан. Саматтын колундагы нике шакеги, үйүндө тамагын белендеп күтүп алчу келинчеги, бал ширин кызы да кыздардын сүйүүсүнө тоскоол боло албайт көрүнөт.


Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын лидери, саясатчы, 52 жашта.

Өмүкебиз “аялзаты кырк бешинде кулпурса, мырзалар элүүсүндө жигит болот” деген кептин далили. Кары-жашына карабай жоон топ саясатчыларды артка калтырып, мындай тандоодон да ат чабым алдыга чыкты. Кыргыздын кыз-келиндери анын мыкты оратордук, лидерлик сапаттарын гана баалабай, көз күйдүргөн мырза катары да баа беришет тура.


Султан Садыралиев
, ырчы, 24 жашта.

Кыргыз-казак канынан жаралган бул жигиттин шаңшыган үнүндө да, карагаттай көзүндө да кыздарды өзүнө тартар магнит бар белем. Кайсы концерт болбосун Султандын аты аталганда зал бир дүркүрөп, кыздар дуулдай орундарынан козголо түшөт. Ошондой күйөрмандары бул тандоодо да жарыша добуш беришип, Султанды сексуалдуу мырзалардын арасында алдыңкы ондукка чыгарышты.


Чыңгыз Мырзаев
,
ди-джей, ырчы, 27 жашта.

Күн сайын таң эрте сергек үн салып, таттуу уйкудан көзүн ачалбай жаткандарды ойготууну адат кылган бул жигит далай кыздын жүрөк дарты. Күйөрмандары “Кыргызстан Обондорунун” эшигин жыртып, атүгүл бизге чейин келип калышат, “катымды, белегимди берет элем” деп. Мындай кыздар жүдөтүштүбү же турмуш кыстадыбы, айтор, ырчы, ди-джей Чыңгыз далай кызды ыйлатып “жакында үйлөнөм” деп калды. Эмне демек элек, бактылуу болсун!


Канатбек Бегалиев
,
грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунун жана “Бээжин” Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча “Супер спортчу” аталган, 26 жашта.

Таптаттуу эки кыздын атасы, Айперидей татына айымдын жан шериги болгонуна карабай кыргыздын бул балбанына кызыккан кыздардын саны көп. Бек байкеси менен сахнада үн созгондо кыздар тимеле алакан кызарганча кол чабышат. Дагы жакшы ырчы болуп калбаган. Андай болсо “точно” Саматтан орун талашмак.


Урмат Усенов
,
ырчы, 29 жашта.

Шуриктин Нинасы студент, комсомол, спортчу, анан жөн эле сулуу эмеспи. Ушул эле мактоону Урматтын дарегине жолдосок болчудай. Ырчы, сүрөтчү, журналист, анча-мынча актёрлук да жайы бар, камкор ата, Неляга күйүмдүү күйөө, анан жөн эле мачо. Урматтын бул сапаттары кыздардын көңүлүнөн тыш калбаганы анын сексуалдуу мырзалардын алдыңкы катарына илингендигинен эле көрүнүп турбайбы?


Эрмек Нурбаев
,
телеалпаруучу, КВНчи, “Тамашоу” лигасынын негиздөөчүсү, 24 жашта.

Позитивдүү энергиянын, анан күлкүнүн түгөнбөс булагы болгон Эрмек да сексуалдуу мырзалардын алдыңкы ондугунан өз ордун алды. “Сонун, татынакай” деген сөздөрдү өлө жакшы көргөн Эрмекти кыздар да “сонун жигит” деп жактырышарын телеалпаруучу билет болду бекен?


Темир Назаров
, ырчы, 24 жашта.

“Ээ-эй, туулган жер!” деп ырдап, сахнада так секире бийлеп жүргөн кезинде Темир Кыргызстанда күйөрман кыздары жагынан алдыңкы орунда болчу. Анан эле ордолуу Ошту сагындыбы же дагы башка себептер болдубу, айтор, Канат байкеси менен таарынышып, биротоло Ошту көздөй кетти да калды. Күйөрмандары баш калаанын сахналарынан сыйпалап издеп таппай эле калышты. Эми Темирдин жандана баштаганына кубанган кыздар андан добуш аяшкан жок.

Шаиста Шатманова
star@super.kg
Сүрөттөр «Супер-Инфонун» архивинен алынды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
kapkaida
2010-02-27 23:19:33
А аялдар арасында мындай сурмжылоо жургузсо болобу?
0
Margosha
2010-03-01 17:28:53
Oi da nu!!!! Ya lichno golosovala za Maksima Bakieva
0
Lunatena
2011-11-17 09:02:33
Эч кимисы сексуалдуу эмес, бир нормальный фигура деген жок.!))))=)
0
№ 382, 26-февраль - 4-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан